Загрузка документа…
|
| 8-тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 04-декабрындагы № 04-13/404 буйругуна |
Балык чарба көлмөлөрүндө жана балык уулоо тилкелеринде ихтиологиялык иштерди жүргүзүүнүн жана контролдук балык уулоонун тартиби
1-глава. Жалпы тартип
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагындагы көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде ихтиологиялык, илимий, балык чарбасын изилдөө жана балыкты контролдук уулоону уюштуруу жана өткөрүү тартиптерин аныкайт.
2. Кыргыз Республикасындагы балык чарба көлмөлөрүндө жана балык уулоо тилкелеринде ихтиологиялык жана илимий-изилдөө ишин уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун максаты болуп балык запастарына жана башка гидробинттердин жана алардын кайра өндүрүү абалын контролдоону жүзөгө ашыруу, ошондой эле көлмөлөрдүн ихтиофаунасын балык чарбалык изилдөө, балык запастарга жана алардын жашаган чөйрөсүнө жагымсыз таасирин тийгизген факторлорду изилдөө саналат.
3. Ушул Тартиптин максаттары үчүн балык чарбасын башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
4. Көлмөлөрдүн суу биологиялык ресурстарына балык чарба боюнча ихтиологиялык жана илимий изилөөлөрдү жүргүзүү, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү ихтиологиялык иштердин ар жылдык планын негизинде, ошондой илимий уюм тарабынан бекитилүүчү илимий-техникалык пландардын негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Илимий кызматкерлер жана ихтиолог адистер өз ишин, бекитилген иш планына жана жетекичиликтин илимий жана ихтиологиялык илимий иштерди жүргүзүү тапшырмаларына ылайык жүзөгө ашырышат.
2-глава. Балык уулоо, ихтиологиялык, илимий иштерди
жүргүзүү тартиби
6. Ихтиологиялык жана илимий изилдөөлөр, ошондой эле контролдук балык уулоо, балык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн изилдөө, балык запастарынын болушун, бөлүштүрүлүшүн жана абалын баалоо, жаңы көлмөлөрдү жана алардагы өнөр жай объекттерин изилдөөлөр жалпы жол берилген балык уулоону аныктоо максатында жүзөгө ашырылат.
7. Илимий максаттарда балык уулоо жана балыкты контролдук уулоо төмөнкүлөр тарабынан ишке ашырылат:
– илимий-изилдөө иштерин өткөрүү балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган балык уулоо мөөнөттөрүн жана аткарылуучу жайын белгилөө менен илимий программалардын негизинде илимий уюмдун кызматкерлери;
– ихтиологиялык иш пландарынын жана балыкты контролдук уулоо графигинин негизинде балык запастарынын абалын жана алардын өндүрүүнүн натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, эсепке алуу жана баалоо максатында балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиолог-адистери (мындан ары – ихтиология кызматы).
8. Көлмөлөрдү, балык запастарын жана алардын жашаган чөйрөлөрүн ихтиологиялык жана илимий изилдөөлөр төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:
– балык уулоону жөнгө салуу боюнча чараларды негиздөө жана көлмөлөрдөн жана балык уулоо тилкелеринен балык уулоо божомолунун долбоорун даярдоо үчүн ихтиологиялык иштерди жана балык чарба илимий изилдөөлөрүн жүргүзүү;
– көлмөлөрдөгү балык запастарынын жана алардын тоют базасынын абалын изилдөө, балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын сактап калуу жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
– таркалуу ареалын, балыктын сырье запастарын аныктоо, абалын божомолдоо жана алардын өзгөрүшүн баалоо, ошондой эле аларды пайдаланууну илимий-негизделишин аныктоо максатында табыгий жана жасалма көлмөлөрдөгү балык ресурстастарынын жана суу организмдеринин абалына мониторинг жүргүзүү;
– балык уулоонун илимий-негизделген ченемдерин жана чектерин (квота) белгилөө жана аларды кармоо шаймандарына жана каражаттарына карата талаптар боюнча сунуштарды даярдоо;
– республикадагы балык чарба фонду боюнча маалымат топтоо жана маалымат базасын түптөө;
– көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын өндүрүп чыгаруу божомол-тапшырмаларды белгилөө үчүн сунуштарды даярдоо;
– балык чарба көлмөлөрүнө изилдөөлөрдү жүргүзүү жана урук чачуучу жайларды жана көлмөлөрдү калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;
– балыктардын жана суу тоют организмдеринин башка көлдөргө климатташуусу боюнча иштерди жүргүзүү, алардын климатташуусуна мониторинг жүргүзүү жана климатташуу объекттерин өнөр жайлык өздөштүрүү жөнүндө корутунду даярдоо.
9. Балык чарбалык изилдөөлөр көлмөлөрдү жана суу биологиялык ресурстардын түрдүк курамын, аларды бөлүштүрүүнү, биологиясын жана популяциясынын сандык мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле алар жашаган чөйрө шарттарын жана балык запастарына, суу омурткасыздарга жана суу тоют объекттерине зыян келтирбестен балыкты уулоо (кармоо) мүмкүнчүлүктөрүн комплекстүү изилдөө дегенди түшүндүрөт.
10. Балык чарбалык изилдөөлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:
– экспедициялык изилдөөлөрдү, контролдук уулоону, улоонун ар кандай шаймандарын колдонуу менен акустикалык жана эсепке алуу съемкаларын, эксперименталдык өнөр жайды;
– маалыматтарды лабораториялык (камералдык) иштеп чыгууну;
– балык уулоонун жалпы жол берилген илимий-негизделген чоңдуктарын аныктоону;
– алардын сактап каалуу жана жетиштүү табыгий кайта өндүрүү үчүн илимий негизделген балык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу эрежелерин жана ченемдерин иштеп чыгууну;
– балык чарба көлмөлөрүндө ар түрдүү чарба ишинин балык чарба экспертизаларын өткөрүүгө катышууну;
– түрдүү объекттерди куруу жана эксплуатациялоо менен балык запастарына келтирилген чыгымдын өлчөмүн аныктоо боюнча балык өстүрүү-биологиялык негиздемелерди иштеп чыгууну;
– балык ресурстарын башкаруунун жүрүшүндө келип чыккан жалпы жана жеке көйгөйлөрдү изилдөөнү.
11. Контролдук уулоо – бул ихтиофаунанын абалына мониторинг жүргүзүү, балык ресурстарынын кайта өндүрүлүшүн жаш балыктардын түшүмдүүлүгүн, көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн аныктоо максатында балык жана башка суу биоресурстарын уулоо.
12. Контролдук уулоо балык ресурстарын жана башка суу омурткасыздарынын, суу тоют организмдерин пайдалануу боюнча ихтиологиялык корутунду даярдоо максатында ихтиологиялык кызмат тарабынан ишке ашырылат, төмөнкүлөр үчүн:
– урук чачуу жайларын жана балыктын кыштоо ойдуңдарын аныктоо;
– балык миграциясын жана алардын көбөйүү мезгилиндеги абалын аныктоо;
– суу биоресурстарынын абалына жана бөлүштүрүлүшүнө мониторинг жүргүзүү.
13. Балыкты контролдук уулоо ихтиологиялык кызматтын иш планына жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген контролдук уулоо графигине ылайык жүзөгө ашырылат.
14. Балыкты илимий жана контролдук уулоо белгиленген тартипте көлмөлөрдүн тыюу салынган тилкелерин жана балык уулоо үчүн тыюу салынган мезгилдерди кошо алганда, бардык балык чарба көлмөлөрүндө жана балык уулоо тилкелеринде жүзөгө ашырылат.
15. Көлмөлөрдүн коруктура турган суу тилкелеринде, ошондой эле пайдалануучуларга бекитилип берилген балык чарба көлмөлөрүнүн айрым тилкелеринде балыкты илимий жана контролдук уулоо мамлекеттик коруктун администрацияларына жана көлмө же көлмөнүн тилкеси бекитилип берилген пайдалануучуларга балыкты илимий жана контролдук уулоонун убактысы жана орду тууралуу билдирүүдөн кийин жүзөгө ашат.
16. Ар бир илимий жана контролдук уулоонун натыйжасы балык уулоону каттоо жана эсепке алуу журналына жазылат жана уулоону жүргүзгөн жана ага катышкан адамдар, уулоонун орду жана убактысы, уулоого колдонулган шаймандар, кармалган балыктын саны, түрү боюнча (даана жана килограмм) маалыматтарды камтыган акт менен таризделет. Актка контролдук уулоону жүзөгө ашырган тараптар, көлмө бекитилип берилген пайдалануучу жана ага катышкан башка жактар кол коюшат.
17. Контролдук жана илимий уулоону жүзөгө ашырып жаткан ихтиологиялык кызмат балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга иш башталганга чейин кеминде 10 күн аралыгында белгиленген формада арызды, ошондой эле төмөнкүлөрдү берет:
– ихтиологиялык кызмат үчүн – ихтиологиялык иштердин планын жана балыкты контролдук уулоону жүргүзүү графигин;
– илимий уюмдар үчүн – балык уулоо максаттарын, мөөнөттөрүн жана өткөрүлүүчү ордун көрсөтүү менен илимий иштердин планын.
18. Ихтиологиялык материалдарды топтоо жана иштеп чыгуу балык запастарын, көлмөлөрдүн тоют базасынын абалын аныктоо жана балык уулоо графигин белгилөө, балык уулоого ихтиологиялык кызматтын жана илимий уюмдун кызматкерлерине балык уулоо документтерин берүү максатында балыкты атайлап уулоону уюштуруу балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
19 Илимий максаттарда балык уулоо же ихтиологиялык материалды топтоо, көлмөлөрдүн балык запастарын жана алардын кайта өндүрүү натыйжалуулугун баалоо максатында балыкты контролдук уулоо илимий уюмдардын кызматкерлери же ихтиологиялык кызматтын адистери тарабынан аткарылат.
20. Контролдук же илимий балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн жооптуу адам болуп белгиленген тартипте балык уулоо документтери берилген ихтиолог-адис же илимий кызматкер саналат.
21. Ихтиологиялык байкоолор жана илимий балык чарбачылык изилдөө иштери уюштурулган көлмөлөрдүн жана балык уулоо тилкелеринин тизмеги, ихтиологиялык кызмат же илимий уюм тарабынан аныкталат жана ар жылдык ихтиологиялык же илимий-изилдөө иштеринин пландарына киргизилет.
22. Илимий балык чарба изилдөөлөрү же ихтиологиялык байкоолор пландаштырылып жаткан көлмөлөрдүн тизмегине балыктын баалуу түрү менен балыктандырылган балык чарба маанисиндеги көлмөлөр, ошондой эле балык уулоого мораторий киргизилген же экстремалдык кырдаалдар пайда болгон көлмөлөр киргизилет.
23. Илимий же балыкты контролдук уулоо максаттарында балык уулоону жүзөгө ашыруу үчүн балык уулоого жооптуу адамдарда балык уулоого укук берген балык уулоо документтеринде түрү, саны жана мүнөздөмөсү белгиленген уулоо шаймандары болушу мүмкүн.
24. Илимий максаттарда жана контролдук уулоо үчүн балык уулоого колдонулган уулоо шаймандары уулоо уюмуна таандык экендиги, уулоого жооптуу адамдын фамилиясы жана кызматы, илимий же контролдук балык уулоого берилген балык уулоо билеттеринин номери жана даталарын көрсөтүү менен белгиленген тартипте биркаланууга (маркаланууна) тийиш.
25. Илимий максаттарда балык уулоонун жана балыкты контролдук уулоонун ар бир учуру кармалган балыктын түрүнүн курамын, ар бир түрдүн балык особдорунун санын, ошондой эле балык уулоону аткарып жаткан уюмду жана адамды, ошол иштерди аткарууда катышып жаткан тараптарды милдеттүү түрдө көрсөтүү менен иш аткарылып жаткан жерде белгиленген тартипте актыланышы керек.
26. Ар бир конкреттүү учур үчүн балык уулоонун көлөмү ихтиологиялык материалды жыйноо жана иштин ыкмасына жараша аныкталат.
27. Балыкты ар бир илимий же контролдук уулоонун натыйжалары балык уулоону каттоо жана эсепке алуу журналында чагылдырылат жана акт менен таризделет, анда балык уулоону жүзөгө ашырган адамдар жана ага катышкан тараптар, уулоо өткөрүлгөн жер жана убакыт, колдонулган уулоо шайманы, ар бир балык түрүнөн кармалган особдордун саны (даана жана килограмм) жөнүндө маалыматтар киргизилет.
28. Акт ага изилденген балыкты эсептен алып салуу (эгерде ал товардык түрүн жоготуп койсо) актысын тиркөө менен контролдук уулоо аткарылган жерде түзүлөт.
29. Актка илимий же контролдук балык уулоону жүзөгө ашырган тараптар, көлмө бекитилип берилген балык чарбасы субъектинин өкүлү жана ошол ишке катышып жаткан башка тараптар кол коюшат.
30. Балык уулоону каттоо жана эсепке алуу журналдары жана илимий жана контролдук максаттарда балык уулоо актылары уулоо аткарылган жерде, илимий-изилдөө жана ихтиологиялык иштерди жүргүзүүгө жооптуу болгон адамдарда сактоодо турат.
31. Көлмөлөрдө илимий жана контролдук балык уулоону аткаруу учурунда балык уулоого жооптуу болгон тараптардын жанында балык коргоо кызматкерлерине жана экологиялык коопсуздук органдарынын кызматкерлерине көрсөтүү үчүн төмөндөгү документтер болууга тийиш:
– илимий же контролдук балык уулоого укук берген балык уулоо билеттери;
– кызматтык күбөлүгү же ким экендигин тастыктаган башка документ (күбөлүк, паспорт);
– илимий максаттарда жана контролдук балык уулоону эсепке алуу актыларынын бланктары;
– илимий максаттарда жана контролдук балык уулоону эсепке алуу жана каттоо журналы.
32. Балык зарыл изилдөөлөр өткөрүлгөндөн кийин колдонуудагы кабыл алуу наркында балык заводдоруна же балык кабыл алуу пункттарына, эгерде алар жок же алыс жайгашкан учурда, аларды сатуудан түшкөн каражатты кийин республикалык бюджеттин кирешесине которуу менен балык дүкөндөрүнө же соода тармактарына өткөрүлөт.
33. Ихтиологиялык жана лабораториялык анализге колдонулган, товардык сапаты начарлап калган балык уулоо үчүн жооптуу тараптын, балык коргоо кызматкерлеринин жана балыкты жок кылуу жана эсептен чыгарууга катышкан адамдардын катышуусунда акт түзүү менен эсептен чыгарылат.
34. Көлмөлөрдө илимий иштер жана балыкты контролдук уулоо аяктагандан кийин, балык уулоону аткарышкан илимий уюмдардын жана ихтиологиялык кызматтын кызматкерлери балык уулоо билетинин мөөнөтү аяктагандан тартып 10 күн аралыгында балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, каттоо журналдарын, балык уулоону эсепке алуу актыларын жана пайдаланылган балык кармоо билетин, ошондой эле кармалган балыкты соода түйүнүнө өткөргөндүгү жөнүндө наклоднойдун же аны эсептен чыгаруу актысын кошо тиркөө менен аткарылган иш тууралуу отчет тапшырышат.
35. Илимий уюм жана ихтиологиялык кызматтын кызматкерлери тарабынан ушул Жободо белгиленген отчеттор жана башка зарыл болгон документтер тапшырылбаган учурда, мындай уюмдарга жана тараптарга балык уулоо билеттери кийин берилбейт.
36. Ушул Жобонун аткарылышына контролдоону балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аткарат.