Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-декабры № 810
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын соттук эксперттерине эмгек акы төлөөнү өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат үч айлык мөөнөттө тиешелүү категориялар боюнча соттук эксперттерди кайра аттестациялоону жүргүзсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
Тиркеме
“7-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын соттук эксперттеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата
эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Башкармалыктын начальниги | 3,85 |
2 | Башкармалыктын начальнигинин орун басары | 3,75 |
3 | Бөлүмдүн начальниги | 3,75 |
4 | Бөлүмдүн начальнигинин орун басары | 3,65 |
5 | Башкы эксперт | 3,55 |
6 | Жетектөөчү эксперт | 3,3 |
7 | Эксперт | 3,0 |
Эскертүү:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын жетекчисине квалификациялык категориясы болгондугу үчүн соттук эксперттердин кызматтык маянасына пайыздык үстөктөрдү белгилөө укугу берилет деп белгиленсин:
– жогорку категория – 40 пайыз;
– биринчи категория – 30 пайыз;
– экинчи категория – 20 пайыз;
– үчүнчү категория – 10 пайыз;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын соттук эксперттерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көтөргөндүгү жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн кызматтык маянага 50 %га чейинки өлчөмдө пайыздык үстөк төлөнөт деп белгиленсин.”.