Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 29-августу № 230
Ош шаардык балдар-өспүрүмдөрдүн 5 спорт мектебин 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого республикалык бюджеттен максаттуу трансферт алууга жана 2025-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен толук көлөмдө каржылоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары Н.Кадыровдун Ош шаардык балдар өспүрүмдөрдүн 5 спорт мектебин 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого республикалык бюджеттен максаттуу трансферт алууга жана 2025-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен толук көлөмдө каржылоого макулдук берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №13 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык №1 балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин, Ош шаардык №2 балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин, Ош шаардык бокс жана оор атлетика боюнча спорт мектебинин, Ош шаардык футбол жана сууда сүзүү боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жана Ош шаардык теннис жана стол тенниси боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 2024-жылдын аягына чейин “Эмгек акы” жана “Социалдык Фондго төлөмдөр” беренелерин жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо үчүн республикалык бюджеттен максаттуу трансферт алууга жана аталган 5 спорт мектебин 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен толук көлөмдө каржылоого макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүнүн 5/2 дарегинде жайгашкан балдар-өспүрүмдөр спорт мектебин Ош шаарынын муниципалдык менчигине алуу иштерин жүргүзүүсү тапшырылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага: | С.С. Назылбеков |