Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 9-октябры ПЖ № 289
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- II бөлүмдүн 5-главасынын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү
Категориялар | Айылдык кеңеш | Айыл өкмөтү |
Башкы кызмат орду | ||
Б-А |
| Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары |
Б-Б | Жооптуу катчы(*) (**) | Жооптуу катчы |
Улук кызмат орду | ||
У-А |
| Бөлүмдүн, сектордун башчысы |
У-Б |
| Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||
К-А |
| Жетектөөчү адис |
К-Б |
| Адис |
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |