Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 4
Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана шайлоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПТ №199 Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана шайлоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө Жарлыгынын негизинде Ак-Сай айылдык кеңешинин VIIчакырылышынын кезектеги I сессиясы
Токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жалпы калкынын саны 7486 болгондугуна байланыштуу Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны квотага ылайык 56 катышуучу болуп бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Сай айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Баймуратовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына жана Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Исаковага тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы | Ш. Омурова |