Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-декабры № 815
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай
районунун А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан
жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер"
категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери"
категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун А. Масалиев айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштардын (Кожо жана Алыш айылдарынын) аймактарын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынын 1-бөлүгүнүн 12-пунктуна, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 8-декабрындагы № 01-18/3657 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 01-15/411-т токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун А. Масалиев айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 150,0 га жер жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинен:
1) № 20 (35,4 га), № 27 (14,6 га), № 1 (89,1 га), № 7 (8,0 га) контурларда жайгашкан 147,1 га жайыт;
2) № 1 (2,90 га) контурда жайгашкан суу алдындагы (сай) 2,9 га жер (башка жерлер).
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана жер участокторунун менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен аймактын жашоо-турмушун камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;
5) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
6) көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды сактоону;
7) жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүү менен жер участокторунун менчик ээлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участогун алып коюуну караган чараларды көрүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы № 1 (3657) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |