Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 29-августу № 231
“Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун “Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы №22 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
-“Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобо 1-тиркемеге ылайык;
-жер участогун ижаралоонун типтүү келишими 2-тиркемеге ылайык;
-муниципалдык жер участоктордун уруксат берилген пайдалануусунун түрлөрү 3-тиркемеге ылайык.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: | С.С. Назылбеков |
| Ош шаардык Кеңешинин2024-жылдын 29-августундагы кезексиз XXXII сессиясынын № 231токтомуна 1-тиркеме |
“Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган
жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын
акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө”
Жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Ош шаарында жер участокторун ижара шартындагы мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”,“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 571 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тооруктарды өткөрүүсүз түз сатуу жолу менен берүү тартибин регламенттейт.
3. Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жер участокторун акысыз берүүгө жайылтылбайт.
2. Терминдер жана түшүнүктөр
4. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер:
тоорук - муниципалдык менчикте турган жер участокко укукту берүүнүн ыкмасы. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт;
түз сатуу - жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер участогуна ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;
жерлерди ижаралоо – менчик ээси (ижарага берүүчү) тарабынан жер тийиштүү мезгилге берүүсү же өткөрүп берүүсү;
ижарага берүүчү – Ош шаарынын муниципалдык менчигинде жайгашкан жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүргөн Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
ижарачы – жеке жана юридикалык жактар, анын ичинен ушул Жобо менен белгиленген тартипте жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу бериле турган чет өлкөлүк жактар;
башкы план – шаардын аймактарын өнүктүрүүнүн келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;
шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлору, башкы пландар, толук пландоо долбоорлору, чек салуу, кварталдарды куруу, шаар куруу түйүндөрүнүн жана шаардын пландоо түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору;
шаар куруу корутундусу - жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү), жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө, аймакты пландоо, жер участогунун максатынын, функционалдык арналышынын өзгөрүшү же жер участокторунун чек араларынын (конфигурация) өзгөрүшү тууралуу маалыматтарды камтыган шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын техникалык документи;
шаар куруу регламенти - белгиленген шаар куруу документтеринин жана жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануунун уруксат берилген параметрлеринин жана түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу иш-аракетин жүзөгө ашырууда кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөртүүлөрдүн жыйындысы;
жер участогу - туташ чектердеги жер аянты;
жалпы пайдалануудагы жерлер - калктын байланыш жолдору катары колдонулуучу же болбосо маданий-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланылган жерлер (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, жол четиндеги жер тилкелери, жашыл бак-дарактар, газондор, арык жана башка авто унаа жолдорунун боюнда жайгашкан жана өткөн сугат тарамдары, өтмөктөр, токой сейил бактары, бульварлар, гүл бакчалар, көлмөлөр);
чет өлкөлүк жак - жер-укуктук мамилелердин бир тарабы катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
чет өлкөлүк юридикалык жак - төмөндө саналган белгилердин бирине ээ болгон юридикалык жак:
а) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган;
б) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга толугу менен таандык болгон;
в) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан кат жүзүндөгү контракттын, добуш берүүчү көпчүлүк акцияларды сатуу укугу, аткаруучу жана байкоочу органдын көпчүлүк мүчөлөрүн дайындоо укугу аркылуу контролдонот же башкарылат;
г) Кыргыз Республикасында катталган жана чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга же юридикалык жактарга таандык болгон уставдык капиталдын кеминде жыйырма пайызына ээ болгон;
д) мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн;
шаар курууну жөнгө салуу сызыктары - ченемдик талаптарга ылайык анын чектеринде өзгөчө режимдер жана аларды пайдалануу эрежелери колдонулган аймактардын чек аралары;
ак ниетсиз атаандаштык - субъекттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн адаттарына, тартиптүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, артыкчылык алууга багытталган аракеттери, эгерде мындай аракеттер төмөнкүдөй натыйжаларга алып келсе:
а) аукциондун катышуучуларынын өз ара жашыруун макулдашуусуна;
б) коррупцияга;
в) аукциондо бааны жасалма төмөндөтүүгө;
г) потенциалдуу атаандаштардын аукционго катышуусун чектөөгө же катыштырбай коюуга жана башка карасантай аракеттерге;
д) аукциондун катышуучулары менен комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосундагы макулдашууга;
онлайн-жыйын - жер участокторуна укуктарды берүүнүн тартибин жана шарттарын ачык талкуулоонун катышуучуларынын чөйрөсүн кеңейтүү үчүн, реалдуу убакыт шарттамында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын жыйындарын трансляциялоону карайт;
жер участогун пайдалануу укугу - жер участогуна менчик ээси болуп эсептелбеген жеке же юридикалык жактардын буюмдук укугу;
жер участогуна укуктарды берүү - муниципалдык менчикте турган жер участогунун ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеке же юридикалык жактарга пайдаланууга берилиши;
жер участогун уруксат берилген пайдалануу - шаар куруу документтери менен белгиленген шаар куруу регламенттерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөргө, анын ичинен сервитуттарга ылайык пайдалануу;
сервитут - менчигинде же башка жактын пайдалануусунда турган жер участокту чектелүү максаттуу пайдаланууга адамдын укугу;
жер участогунун баштапкы наркы - жер участогунун баштапкы баасы;
ыйгарым укуктуу орган - Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар берилген түзүмдүк бөлүмү;
архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган - шаар куруу жана архитектура маселелерин кароо боюнча ыйгарым укук берилген орган;
жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган – Ош шаарында жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик каттоо органы;
жерлердин максаттуу дайындалышы - жер участокторун жер участогуна болгон укук күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;
жерлердин функционалдык дайындалышы - шаар куруу жана /же жерге жайгаштыруу документтерин эске алуу менен, жерлердин максаттуу дайындалышына жана аймактын функционалдык зоналаштырылышына ылайык, жер участогунун дайындалышы;
жер участогун түзүү - Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана жер мыйзамдарына, ошондой эле шаар куруу документтерине ылайык, чектерди аныктоого, максаттуу, функционалдык дайындалышын белгилөөгө, анын ичинде жер участогу жөнүндө зарыл маалыматтарды камтыган документтерди даярдоого багытталган уюштуруу аракеттердин жана иштердин комплекси.
3. Жер участокторуна укуктарды тоорук өткөрүүсүз берүүнүн шарттары
5. Жер участокту ижаралоо укугун ыйгарым укуктуу орган жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) төмөнкү учурларда түз сатуу жолу менен берилиши мүмкүн, эгерде:
а) жер участогу социалдык маанилүү объекттерди (мектеп, мектепке чейинки, спорт багытындагы жана саламаттык сактоо имараттарын жана жайларын) курууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу максатында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе;
б) жер участок 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн жер участоктордун уруксат берилген пайдалануусунун түрлөрүнө ылайык, курулган имараттарды, курулмаларды муниципалдык менчикке кайтарымсыз өткөрүп берүүнүн жана берилген жер участогун кайтарып берүүнүн милдеттүү шартында социалдык (сейил бактар, автомобиль транспортунун инфраструктурасы) жана өнөр жай багытындагы объекттерди куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе.
4. Жер участогун түз сатуу жолу менен түзүү жана ага укуктарды берүү тартиби
6. Ижара укугу түзүлгөн жер участокторго берилет.
Жер участок төмөнкү учурларда түзүлдү деп эсептелет, эгерде:
- жер участок үчүнчү жактардын укуктарынан бош болсо (сервитут аркылуу бекитилген укуктардан тышкары);
- жер участоктун чек аралары бар болсо;
- жер участокту уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү жана башка керектүү шаар куруу регламенттери бар болсо;
- бул жер участок боюнча инженердик коммуникациялардын болуусу же жоктугу жөнүндө, уруксат берилген максимум кубаттуулугу, инженердик коммуникацияларга кошуунун мөөнөтү жана наркы жөнүндө маалыматтар берилген болсо, ошондой эле инженердик коммуникациялары жок болсо - бул райондо инженердик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы жөнүндө, пландалып жаткан инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу жөнүндө, аларга кошуунун мөөнөтү жана наркы жөнүндө маалыматтар берилген болсо;
- бул жер участокто турган бак-дарактарды пайдалануу, кыюу, которуштуруу макулдашылса (алар болгондо).
7. Түз сатуу жолу менен жер участокко укукту алууга талапкер болгон жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- арыз ээси жөнүндө маалымат (аны бирдей идентификациялоо үчүн тийиштүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
- жер участокко суралып жаткан укуктун түрү;
- участоктун аянты жана анын жайгашкан жери;
- ушул жобонун 5-пунктунда каралган учурларда инвестициялык-курулуштук ниеттердин сыпатталышы.
8. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыз кабыл алынганы жөнүндө тастыктоо берет.
9. Ыйгарым укуктуу орган арыз түшкөндөн кийин 3 күндүк мөөнөттүн ичинде аймактык архитектура жана курулуш органына жер участогун түзүү боюнча тийиштүү тапшырма жөнөтөт.
Ыйгарым укуктуу органдын тапшырмасында инвестициялык-курулуштук ниеттердин сыпатталышы жана участоктун болжолдуу аянты менен жайгашкан жерин көрсөтүү каралат.
10. Арызда суралып жаткан жер участогу боюнча курулуш ниеттеринин шаар куруу документтерине ылайык келбестиги белгиленгенде, чектөөлөр болсо, арыз катталган учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде негиздүү баш тартууну ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.
11. Суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуш ниеттерине ылайык келүүсү белгиленсе, он жумуш күндүн ичинде жер участогу жана шаар курууну жөнгө салуу сызыктары боюнча өткөн инженердик-техникалык тармактардын учурдагы трассалары түшүрүлгөн 1:500 масштабындагы топографиялык планды аткарат; анын негизинде жети жумуш күндүн ичинде бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү же учурдагы кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге участоктун чек араларын байлаштыруу менен, жер участоктун чек аралары түшүрүлгөн жер участоктун чиймесин даярдайт.
12. Жер участоктун схемасы даярдалган күндүн кийинки күнүнөн кечиктирбестен бир эле мезгилде жер участогунун чиймесинин көчүрмөсү менен суроо-талаптарды жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, жер участогунун чек араларын, ушул жер участогуна үчүнчү жактардын укуктарынын, чектөөлөрдүн бар экендигин тактоо жана жер участогунун чиймесин макулдашуу үчүн милдеттүү түрдө жөнөтөт.
Суроо-талаптар төмөнкүлөргө да жөнөтүлөт:
а) корутунду жана макулдашууну алуу үчүн электр, суу жабдыктары жана канализация, жылуулук жана газ жабдыктары, ошондой эле байланыш чубалгылары менен жабдууну камсыздаган инженердик-техникалык кызматтарга (инженердик коммуникациялар ал райондо инженердик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жаткандыгы, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларды ишке киргизүүнүн мөөнөтү тууралуу маалыматтар болгон учурда);
б) тийиштүү корутунду алуу үчүн экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлүнүн ыйгарым укуктуу органдарына (жер участогу санитардык-коргоо зонасында, ошондой эле өрт чыгуу жана жарылуу коркунучунун зонасында болгон учурда);
в) тийиштүү макулдашуу алуу үчүн эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарга (жер участогу эстеликтерди коргоо зонасында болгон учурда);
г) бак-дарактарды пайдалануу, анын ичинде аларды кыюу, которуштуруу шарттары тууралуу маселелерди чечүү жана компенсацияларды төлөө үчүн жашыл өсүмдүктөрдү күтүү жана сактоо боюнча ыйгарым укуктуу органга (муниципалдык менчикте турган жер участогунда бак-дарактар болсо);
д) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык бөлүмгө (жер участогу жолдордун боюнда жана көрүнүүсү үч бурчтуктун чектеринде болсо);
е) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (мамлекет тарабынан корголууга тийиш болгон объекттер аймакта болгон учурда).
13. Жер участогу төмөнкү учурда түзүлгөн болуп эсептелет, эгерде:
- жер участогу үчүнчү жактардын укуктарынан бош болгондо (сервитут жолу менен бекитилген укуктардан тышкары);
- жер участогу белгиленген чек араларга ээ болсо;
- жер участогу функционалдык дайындалышка жана уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрүнө жана башка керектүү шаар куруу регламенттерине ээ болсо;
- ушул жер участокко карата эркин кубаттуулугу бар инженердик коммуникациялардын болуусу же жоктугу жөнүндө маалыматтар берилсе;
- ушул жер участокко карата бул райондо инженердик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларды ишке киргизүү мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар берилсе;
- бул жер участогунда турган бак-дарактарды пайдалануу, кыюу, которуштуруу макулдашылса (алар болсо), тийиштүү документтер болсо жана компенсациянын наркы аныкталса.
14. Ушул жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө келип түшкөн суроо-талаптарды карайт.
Жер участогун берүү мүмкүн эмес болсо, арыз катталган учурдан тартып, беш жумуш күндүн ичинде архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга негиздүү баш тартуу жөнөтүлөт. Мындай учурда архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жер участогун түзүү боюнча иштерди токтотот. Жер участогун түзүүнү токтотуу жөнүндө билдирүү үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
15. Инженердик тармактарга кошуу үчүн мүмкүнчүлүктүн жоктугу, жер участогун түз сатып алуунун катышуучусу бул жөнүндө маалымдалган шартта жер участогуна укукту берүүгө тоскоол болбойт.
16. Беш жумуш күндүн ичинде жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү болсо, ушул жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга тийиштүү корутундуларды жана макулдашууларды жөнөтүүгө милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында жер участогун берүү жана куруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда тийиштүү мыйзамдарды сактоо боюнча шарттар, чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт.
Көрсөтүлгөн мөөнөттө корутундулар берилбеген учурда, ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат жана жер участогун түзүү боюнча иш токтотулат, ал боюнча архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан корутундулардын, макулдашуулардын берүү мөөнөтү бузулгандыгы жөнүндө акт түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
17. Ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар корутундуларды жана башка керектүү документтерди даярдоодо берилген маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул жобонун талаптарына шайкештиги үчүн мыйзам тарабынан белгиленген жоопкерчилик тартышат.
18. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган алынган оң материалдардын негизинде жети жумуш күндүн ичинде жер участогуна шаар куруу кортундусун үч нускада бирден нуска архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган, ыйгарым укуктуу орган жана арыз ээси үчүн белгиленген формада түзөт.
Жер участогуна шаар куруу корутундусу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) төмөнкүлөр түшүрүлгөн 1:500 жана 1:2000 масштабдагы топографиялык планда аткарылган жер участоктун чиймеси түрүндөгү графикалык материал:
а) бурчтук чекиттердин координаттары көрсөтүлгөн же участоктун чек араларын учурдагы кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштыруу менен жер участогунун чек аралары;
б) инженердик-техникалык тармактар өткөн долбоордук трассалары жана аларга туташуу чекиттери, ошондой эле курулуш зонасына туш келген инженердик коммуникациялар жылдырылуучу трассалар;
в) шаар курууну жөнгө салуу сызыктары;
г) санитардык коргоонун суу коргоо, санитардык-коргоо зоналарынын чектери;
д) жер участогуна кирүү жолдорун куруу жана өтмөктөрдү уюштуруу;
е) жер участогунун чек араларында объектти куруунун максималдуу пайызы;
2) төмөнкүлөрдү камтыган тексттик материал:
а) жер участогун пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду;
б) сейсмикалуулук жана кооптуу инженердик-геологиялык жана техногендик процесстердин бардыгы жөнүндө маалыматтар камтуу менен жер участоктун параметрлери (мүнөздөмөсү);
в) суралган жер участогу боюнча билдирилген куруу ниеттердин шаар куруу документтерине, жер участогунун функционалдык дайындалышына шайкеш келүүсү жөнүндө маалыматтар.
Жер участогу тийиштүү чектөөлөрдүн зонасында жайгашкан учурда жер участогунун шаар куруу корутундусуна төмөндөгүдөй кошумча шаар куруу регламенттери колдонулат:
а) жер пайдалануунун жана куруунун санитардык, суу коргоо, экологиялык жана башка шарттары боюнча;
б) тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча.
Жер участоктун жайгашкан жерине жана объекттин функционалдык дайындалышына жараша төмөнкү кошумча талаптар белгиленет:
а) көрктөндүрүүгө;
б) автотоктотмо жайларын жана участокко өтүү жолун, анын ичинде убактылуу (курулуш жүрүп жаткан мезгилде) уюштуруу;
в) курулуш аянтчасынан инженердик-техникалык коммуникацияларды (жеке менчикте тургандардан тышкары) чыгаруу.
Шаар куруу корутундусуна тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары жана макулдашуулары милдеттүү түрдө тиркелет.
Шаар куруу корутундусуна архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол тамга коюлат, уюмдун мөөрү менен тастыкталат жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Шаар куруу корутундусу катталган күндөн тартып, эки жыл аралыгында жарактуу. Жер участогун түзүү баскычында архитектуралык-пландоо шарттарын алуу талап кылынбайт.
19. Жер участогуна шаар куруу корутундусун даярдоонун жалпы мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын арызы келип түшкөн күндөн тартып 35 жумуш күнүн түзөт.
20. Арыздарды жеке жана юридикалык жактардан кабыл алуу архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркы белгиленген тартипте бекитилгендерди эске алуу менен акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат. Жер участогуна шаар куруу корутундусун даярдоого байланышкан чыгымдарды төлөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын берилген эсептөөлөрүнө ылайык, арыз ээсинен түшкөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
21. Ыйгарым укуктуу орган архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын чыгымдарынын төлөмүн жер участогу бекитилгенден кийин жүргүзөт.
22. Шаар куруу корутундусунун ыйгарым укуктуу органга келип түшүүсүнө жараша ыйгарым укуктуу органга жер участогун бекитип берүү маселеси жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын жыйынында кароо үчүн 15 жумуш күндөн кечиктирилбестен киргизилет. Шаар куруу корутундусунун жана комиссиянын оң чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган 5 жумуш күндүн ичинде жер участогун бекитип берүү жөнүндө токтомунун долбоорун Ош шаарынын мэриясына киргизет.
23. Ыйгарым укуктуу орган, укук белгилөөчү документтер келип түшкөн күндөн тартып, 5 жумуш күндүн ичинде жер участогуна укук ырастоочу документтерди тариздөө менен жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоону камсыздайт.
24. Тарыхый жана маданий мурастын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо менен белгиленген тартипте жүргүзүлүп жаткан азыркы турак жай курулушунун зоналарында жер участокту бөлүүдө жер участоктун планын алган күндөн тартып бир айдын ичинде коомдук угуулар өткөрүлөт.
25. Ушул жобонун талаптарын сактабастан түзүлгөн жер участогуна укук берүүгө жол берилбейт.
5. Жер участокторго укуктарды берүү боюнча комиссиянын ыйгарым укуктары, материалдарды кароо тартиби жана чечимдерди кабыл алуу
26. Жер участокторун бекитүү менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн жана жер участокторуна укуктарды берүү боюнча тооруктарды өткөрбөстөн түз сатууну өткөрүүнү уюштуруучу болуп ыйгарым укуктуу орган саналат.
27. Жер участокторун бекитүү процесси жана жер участокруна укуктарды берүү чечими ушул жобого ылайык Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиясы (мындан ары- Комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Комиссиянын курамы Ош шаарынын мэриясынын буйругу менен бекитилет. Мэрдин шааркуруу жана муниципалдык менчик маселелерин жетектеген орун басары Комиссиянын төрагасы болуп саналат. Комиссиянын курамына Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик бөлүмү, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмү, Ош шаарынын мэриясынын юридикалык бөлүмү, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык башкармалыгы, ошондой эле коомчулуктун, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет.
28. Комиссия өз иш-аракетинин жыйындар түрүндө жүзөгө ашырат. Комиссиянын жыйындары айына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Комиссиянын жыйыны протокол менен таризделет, анын ар бирине Комиссиянын төрагасы, катчысы, катышкан бардык мүчөлөрү кол тамга коюшат. Комиссиянын жыйынынын протоколу ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат.
29. Комиссиянын чечимдери комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиси катышканда (кворум болгондо), добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
30. Комиссия төмөнкү чечимдерди кабыл алат:
а) жер участокторду тоорук өткөрүүсүз түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө;
б) жер участокту пайдалануунун мөөнөттөрү жөнүндө (5 жылдан кем эмес жана 25 жылдан ашык эмес);
в) жер участоктун ижара төлөмүн белгилөө жөнүндө.
31. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Ош шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан жана бөлүмдөрүнөн жыйындарда каралуучу маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизалардын актыларын жана башка материалдарды сурап алууга;
б) материалдарды комиссиянын кароосуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен же болбосо толук эмес көлөмдө даярдаган учурда, Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүүгө;
в) Ош шаарынын мэриясынын алдында комиссиянын жыйындарына үч жолудан ашык катышпай калган учурда комиссиянын мүчөсүн алмаштыруу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө.
32. Комиссиянын жыйындарын Комиссиянын төрагасы, ал жокто Комиссиянын төрагасынын орун басарларынын бири алып барат.
33. Эгерде Комиссиянын мүчөсү арызы каралып жаткан адам менен түздөн-түз кызыкчылыгы бар же туугандык мамиледе болгон учурда, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүгө катышууга укуксуз.
34. Түз сатуунун катышуучулары катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактар чыгат.
35. Түз сатуунун предмети болуп жер участогуна ижара келишимин түзүү укугу саналат.
6. Жер участогуна укукту түз сатуу жолу менен берүү тартиби жана шарттары
36. Түз сатуу Комиссия тарабынан жер участогун ыйгарым укуктуу органга бекитип берүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын токтому катталган учурдан тартып, 15 жумуш күндүн ичинде жана арыз ээсине түз сатууну өткөрүү датасы жана орду жөнүндө билдирүү жана ага маалыматтык пакет жөнөтүү менен жүргүзүлөт.
37. Түз сатууну Комиссия арыз ээси менен сүйлөшүү жолу аркылуу төмөндөгүлөргө карата жүргүзөт:
- берилүүчү жер участогунун ижара акысына;
- жер участогун пайдалануу мөөнөттөрүнө;
- курулушту аяктоо мөөнөттөрүнө;
ушул Жобонун 5-пунктунун б) пунктчасында каралган учурларда курулган имараттарды жана курулмаларды муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн жана жер участогун кайтарып берүүнүн мөөнөттөрүнө.
Арыз ээси жер участогун алуудан сүйлөшүүнүн кайсы баскычында болсо да баш тартууга укуктуу.
38. Ижара акы 5-пунктунун а) пунктчасы үчүн комиссия тарабынан белгиленет, бирок Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген коюмдардан төмөн болбоого тийиш.
Ижара акы 5-пунктунун б) пунктчасы Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” №212 токтому менен бекитилген коюмдарга ылайык белгиленет.
39. Жер участогу мектеп, мектепке чейинки, спорттук дайындалыштагы жана саламаттык сактоо боюнча имараттарды жана жайларды куруу үчүн 5 жылдан кем эмес жана 25 жылдан ашык эмес мөөнөткө ижара шартында берилиши мүмкүн.
Мындай учурда, жер участогунун пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин ижарачы ижара келишиминин мөөнөтүн ушундай эле мөөнөткө узартуу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу.
Жер участогун пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин ижарачы келишимдик мамилелерге ылайык жер участогунда жайгашкан бардык мүлктү муниципалдык менчикке акысыз өткөрүп берет. Мында, ыйгарым укуктуу орган жер участогун пайдалануу укугун токтотуу жөнүндө тийиштүү билдирүүнү жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт жана мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.
40. Арыз ээси менен макулдашуу боюнча Комиссия тарабынан курулушту аяктоо мөөнөтү белгиленет, ал жер участогу берилген учурдан тартып 3 жылдан кем болбоого тийиш.
Курулушту аяктоо, жер участогун максаттуу дайындалышын бузуу менен пайдалануу мөөнөттөрү бузулган учурда, ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт.
Жер участогун пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө жол берилбейт, жер участогунан баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган жана жер участогунун ижарачысы ижара келишимин бузуу жөнүндө макулдашуу түзүшөт.
41. Жеке жана юридикалык жактарга берилген жер участок функционалдык дайындалуусун өзгөртө албайт.
42. Жер участокту берүүдө, ижарачы Ош шаарынын мэриясы тарабынан каралган Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу үчүн социалдык пакеттерди жана квоталарды милдеттүү тартипте алат.
7. Түз сатуу өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча документтерди тариздөө тартиби
43. Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана жерди пайдалануу шарттарын макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Комиссия жер участогун берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
44. Түз сатуу өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол комиссиянын жыйынына катышкан комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөлөрү жана конкурс өткөрүлгөн күнү арыз ээси тарабынан кол тамга коюлат.
45. Протоколдо төмөнкүдөй маалыматтар каралат:
а) түз сатуунун предмети болгон жер участоктун маалыматтары (жайгашкан жери, аянты);
б) ижарачынын фамилиясы, аты, атасынын аты же аталышы;
в) жер участогун пайдалануу үчүн ижара төлөмдөр;
г) тараптардын ижара келишимине кол тамга коюу боюнча милдеттенмелери
д) ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери.
Түз сатуунун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун көчүрмөсү же протоколдун үзүндүсү ижарачыга берилет.
46. Протоколго кол тамга коюудан баш тарткан учурда, арыз ээси жер участогу боюнча кайталап түз сатууга катышуу укугунан ажыратылат.
Арыз ээси протоколго кол тамга коюудан баш тарткан учурда Комиссия жер участогун түз сатуу үчүн кайра коюу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
47. Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган 5 жумуш күндүн ичинде тийиштүү буйрук чыгарат жана жер участогуна ижара келишимин түзөт.
48. Жер участок үчүн төлөм накталай эмес эсептешүү (которуу) боюнча жүргүзүлөт. Жер участогун түзүү менен байланышкан ыйгарым укуктуу органдын чыгымдары ижарачыга жүктөлөт жана жер участогун ижаралоо келишими түзүлгөнгө чейин төлөнүүгө тийиш.
49. Келишим жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
50. Жер участогуна ижара укугу тийиштүү келишим түзүлгөн жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып пайда болот. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.
8. Акча каражаттарды бөлүштүрүү
51. Муниципалдык жер участокторуна ижара укугун өткөрүп берүүдөн алынган каражаттар шаардык бюджетке түшөт.
52. Каражаттардын түшүүсүн контролдоо Ош шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Корутунду жоболор
53. Ыйгарым укуктуу органдардын Ош шаарынын аймагында жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүгө тиешелүү чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | И. Э. Абдыраимов |
| Ош шаардык Кеңешинин2024-жылдын 29-августундагы кезексиз XXXII сессиясынын № 231токтомуна 2-тиркеме |
Жер участогун ижаралоонун
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Ош шаары 20__-жылдын “____” ________
Бир тараптан, мындан ары “Ижарага берүүчү” деп аталуучу, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын атынан ____________________________________________________________ жана экинчи тараптан, мындан ары “Ижарачы” деп аталуучу,____________________________________________________атынан (жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) __________________________________________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) бирге “Тараптар” деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга Ош шаары __________________дареги боюнча жайгашкан ушул Келишимге тиркелген жер участогунун схемасында көрсөтүлгөн чектерде аянты ______ чарчы метр жер участогун ____ жылдык мөөнөткө ижаралык пайдаланууга 20__-жылдын “__” _____________ Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участогун ижарага берүү келишимин түзүү укугунда комиссиянын чечимине ылайык __________________________________________________________________ (муниципалдык менчикке мүлктү кайтаруу шарты менен (шарты жок) жер участогун пайдалануунун максаттуу дайындалышы көрсөтүлөт) ________________________________________________________ үчүн берет. |
2. Ижара төлөмү
2.1. Ижара төлөмдөрү жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын укук ырастоочу документи алынган күндөн тартып эсептелет.
2.2. Жылдык ижара төлөмүн төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн алыш-бериш эсебине киргизүү жолу менен бирдей үлүштө кийинки отчёттук кварталдан кийинки айдын 1-числосуна чейин квартал сайын жүргүзүлөт.
2.3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, Ижарачы ижара төлөмүнөн тышкары жер салыгын төлөйт.
2.4. Ижара төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн эсеби Ош шаардык Кеңешинин тийиштүү токтому менен бекитилген ошол учурдагы колдонуудагы эсептерге ылайык аныкталат.
2.5. Ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жер салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
(олуттуу шарттар болуп саналат)
3.1. Ижарачы төмөнкү укуктарга ээ:
3.1.1. Ушул Келишимде аныкталган максаттарга жана шарттарга ылайык ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүү;
3.1.2. Муниципалдык менчикке мүлктү кайтарып берүү шарттары жок берилген жер участогунда Ижарачы тарабынан тургузулган имараттар, курулмалар, көрктөндүрүү элементтери анын менчиги болуп саналат.
3.1.3. Өз милдеттерин талаптагыдай аткарууда жана мүлктү муниципалдык менчикке кайтарып берүү шарты жок берилген жер участогуна келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөндө ушул Ижара келишиминин колдонуу мөөнөтүн белгиленген тартипте жаңы мөөнөткө узартууга укуктуу.
3.1.4. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1.5. Ижарачыга жер участокту түзүү менен байланышкан чыгымдарды эсептөөлөргө ылайык төлөөгө.
3.1.6. Ижарага алынган жер участокту максаттуу дайындалышына ылайык аны өзгөртүү укугусуз натыйжалуу пайдаланууга.
3.1.7. Пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып, ушул Келишим түзүлгөн учурга чейин жер участогун иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдөрдү төлөөнү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан берилген эсептөөлөргө ылайык жүргүзүүгө.
3.1.8. Укук ырастоочу документ таризделгенден кийин 3 жумуш күндүн ичинде шаардын курулушу боюнча кезметтик планын киргизүү үчүн Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан каттоодон өтүүгө.
3.1.9. Жер участогуна укук ырастоочу документ таризделгенден кийин бир айдын ичинде Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына архитектуралык-пландоо шартын (АПШ) тапшырыктоого.
3.1.10. Бул аймакты куруунун долбоорун иштеп чыгууга жана Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен келишим түзүлгөн күндөн тартып, алты айдын ичинде белгиленген тартипте макулдашууга. Долбоорду бекитүүгө, объектти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында объектти каттоого жана мамлекеттик экспертизадан өтүүгө, объектти белгиленген тартипте курууга киришүүгө.
3.1.11. Жер участогун өздөштүрүүнү, ижара келишимин түзгөн учурдан тартып үч жылдын ичинде объекттин курулушун аяктоого жана объектти эксплуатацияга берүүгө.
3.1.12. Берилген жер участогунда жана ага жанаша жайгашкан аймакта жайгашкан инженердик тармактарды техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн эркин жетүүнү камсыздоого.
3.1.13. Көрктөндүрүүнү, жашылдандырууну (көк майсандарды, гүлзарларды уюштуруу), ирригациялоону аткарууга (арыктарды калыбына келтирүү), өтүү жолдорун асфальттоону жана “төшөлмө таш” тибиндеги плиталар менен тротуарларды төшөөгө, сутканын түнкү убагында тышкы жарыктандырууну (шам чырактарды орнотуу) камсыздоого.
3.1.14. Аймакты тазалоону, таштандыларды ташып чыгарууну камсыздоого, көрктөндүрүү элементтерин талаптагыдай техникалык, санитардык жана эстетикалык абалда күтүүгө.
3.1.15. «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы менен таштандыларды жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга карата келишим түзүүгө.
3.1.16. Өз эсебинен төмөнкүлөр жүзөгө ашырылсын:
жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты зарыл болгон учурда короо аймагын санитардык тазалоо;
жер участогуна жанаша жайгашкан же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды тазалоо жана калыбына келтирүү.
3.1.17. Төмөнкүлөргө жол берилбесин:
жанаша жаткан аймакта жайгашкан бак-дарактарга зыян келтирүүгө, кыюуга же жок кылууга;
жер участокто, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;
өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жайгашкан аймактарда экологиялык абалдын начарлашына;
ижарага алынган жер участогунда баш-аламан көчө соодасына жана жанаша жайгашкан аймактарда чарбалык иш-аракеттерге.
3.1.18. Накта чек аралар белгилегенден кийин жер участокту пайдаланууга киришүүгө жана мөөнөттүү (убактылуу) жер пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү документтерди белгиленген тартипте алууга.
3.1.19. Жер участокту пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде имараттарды жана курулмаларды, инженердик тармактарды курууга, макулдашылган долбоорго ылайык, эгерде бул жер участокту берүүнүн зарыл шарты болуп эсептелсе, берилген жер участокту жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүүгө.
3.1.20. Ушул Келишим тарабынан белгиленген курулуштун мөөнөтү бузулган учурда, Ижарага берүүчүгө курулуштун ченемдик мөөнөтү аяктаган учурдан тартып, ижаралык төлөмдүн толук наркын төлөп берүүгө.
3.1.21. Өз эсебинен ижарага алынган участокту таштанды таштоодон, сууга батыруудан, сазга айлантуудан, булгоодон коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды тартууга.
3.1.22. Башка жер пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого.
3.1.23. Өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык токтоп калуусуна байланыштуу Ижарага берүүчүгө жана байланышы бар жер пайдалануучуларга колдон чыгарылган пайданы кошуу менен, толук көлөмдө ордун толтурууга.
3.1.24. Берилген жер участогунда жерлерди пайдаланууну жана коргоону, объекттерди курууну жана эксплуатациялоону контролдоону жүзөгө ашыруучу тийиштүү мамлекеттик органдардын берилген жер участогуна эркин жетүүсүн белгиленген тартипте камсыздоого.
3.1.25. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө. Ижара төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда, мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн карыздын суммасынан 0,1 пайыз өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25 пайызынан ашпаган туум эсептелет. Айып пулду жана туумду төлөгөндүгү Ижарачыны жер участокту ижаралоо үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотпойт.
3.1.26. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн төлөнгөн ижаралык төлөмдү, ошондой эле туумду жана айып пулду белгиленген тартипте тариздеген төлөм документи түрүндө тастыктоого, анын көчүрмөсү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына берилет.
3.1.27. Жер салыгын өз убагында төлөп турууга. Жер салыгын төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3.1.28. Мүлктү муниципалдык менчикке кайтаруу шарты менен Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин курулган жана тургузулган имарат жана курулма менен жер участогун Ижарага берүүчүгө кайтарып берүүгө.
3.1.29. Ушул Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 (үч) ай калганда Ижарага берүүчүгө жаңы мөөнөткө келишим түзүү ниети же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө.
3.2. Ижарачы төмөнкүлөргө укугу жок:
3.2.1. Ушул Келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө.
3.2.2. Ижарага алынган жер участогун кайтарымсыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
4.1.1. Жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашырууга.
4.1.2. Келишимди төмөнкү учурларда бир тараптуу тартипте бузууга:
а) жер максаттуу эмес дайындалышы боюнча пайдаланылганда;
б) жер участогун кыртыштын асылдуулук катмарынын бузулушуна, экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген ыкмалар менен пайдаланууда;
в) келишимде белгиленген мөөнөттөрдө ижаралык төлөм төлөнбөгөндө;
г) белгиленген мөөнөттөрдө жер участогу өздөштүрүлбөгөн учурда;
д) ушул Келишимдин шарттары аткарылбаганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулганда.
4.1.3. Ижарачынын чарбалык иш-аракетинин жыйынтыгында жердин сапатынын жана экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга.
4.1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизилген учурда Ижарачы менен макулдашуу боюнча Келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө.
4.1.5. Жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзамдар, ошондой эле ушул Келишимдин шарттары бузулганда Ижарачы тарабынан жүргүзүлүүчү ишти токтотууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Ижарачыга жер участогун ушул Келишимдин шарттарына ылайык абалда берүүгө.
4.2.2. Ижарачынын чарбалык иш-аракеттерине кийлигишпөөгө, жер участогун натыйжалуу пайдаланууга тоскоолдук көрсөтпөөгө, эгерде алар мыйзамга жана ушул Келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе.
4.2.3. Ижаралык пайдаланууга берилген жер участогунун абалына контролду жүзөгө ашырууга.
4.3. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укугу жок:
4.3.1. Ушул Келишимде көрсөтүлгөн жер участогун же анын бир бөлүгүн пайдалануу укугун Келишимде белгиленген тартипте жокко чыгарбастан үчүнчү жакка берүүгө.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Ушул Келишим Ижарага берүүчү тарабынан мөөнөтү бүткөнгө чейин 30 күн мурда жазуу жүзүндөгү эскертүү боюнча бир тараптуу тартипте өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн.
5.2. Тараптардын ар бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
6.1. Ижарачынын чарбалык иш-аракеттери процессинде келип чыккан бардык талаш-тартыштарды Тараптар сүйлөшүү жолу аркылуу чечишет.
6.2. Макулдашууга жетишилбеген учурда, талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
7. Башка шарттар
7.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогунан бөлүнбөс жакшыртуулардын наркы ордун толтурууга жатпайт.
7.2. Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен Ижарачы каалаган убакта, ал тараптан ушул Келишимдин шарттары бузулбаган учурда, Ижарага берүүчүгө 3 ай мурда жазуу түрүндө эскертүү менен ушул Келишимди буза алат.
7.3. Кыргыз Республикасынын жер укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдары өзгөртүлгөн учурда, ушул Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор бир тараптуу тартипте Ижарага берүүчү тарабынан киргизилиши мүмкүн.
7.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлөт. Бир нуска Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда калат жана үчүнчүсү – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин Ош филиалына каттоого берилет.
8. Өзгөчө шарттар
8.1. Ош шаарында жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү: ___________________________________________________________________ ___________________________________________________________________ ___________________________________________________________________ ___________________________________________________________________ | |
9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери
| |
ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ: ____________________________ ____________________________ (кол тамгасы) Мөөр оорду | ИЖАРАЧЫ: ___________________________________ ___________________________________ (кол тамгасы) Мөөр оорду |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | И. Э. Абдыраимов | |
| Ош шаардык Кеңешинин2024-жылдын 29-августундагы кезексиз XXXII сессиясынын № 231токтомуна 3-тиркеме | |
Муниципалдык жер участоктордун уруксат берилген пайдалануусунун түрлөрү
1 | Мектеп | Орто - жалпы билим берүүчү мектеп; Окуу-тарбия комплекси; Адистештирилген мектеп (мектеп-интернат); Гимназия; Лицей; Жалпы билим берүүчү мектеп -интернат; Колледж; Лицей; Борбор жана комплекс; Автордук мектеп; Кошумча билим берүү имараты; Коррекциялык мектептер; Автомектептер; Орто кесиптик –техникалык мектеп; Көркөм мектеп; Школа Инновациялык технологиялар мектеби; Өнүгүү тибиндеги мектеп; Тарыхый-маданий мектеп; Мектептер - социалдык-педагогикалык комплекстер; Эксперименталдык мектеп; Билим берүү мекемелери. |
2 | Бала бакча | Жалпы өнүгүү тибиндеги бала бакча; Балдарды өнүктүрүү борборлору; Ден соолукту чыңдөө тибиндеги бала бакча; Мектепке чейинки топтор. |
3 | Спорттук комплекс | Спорттук-оюн көрсөтө турган курулмалар (стадиондор, спорт сарайлары, ар түрдүү аянтчалар, велодромдор, автомотодромдор, лыжа жана тоо лыжа стадиондору жана трибуналары, отургучтары, стулдары, токтотуу үчүн орундары бар башка спорттук курулмалар); Окуу-машыгуучу куррулмалар (мектептердин, жогорку жана орто атайын окуу жайлардын спорттук базалары жана жогорку разряддагы спортчуларды даярдоонун окуу машыгуу борборлору, ошондой эле, калак менен айдалуучу, парустук, лыжа, тоо лыжа, санно-бобслейдик, коньки менен чуркоо, ат, шахмат жана шашки спорту үчүн курулмалар); Ден тарбия-ден соолукту чыңдоо курулмалары. |
4 | Оорукана | Фельдшердик пункттар; Саламаттык сактоо пункттары; Фельдшердик-акушердик пункттар; Жалпы практиканын дарыгерлеринин борборлору; Тез медициналык жардамдын кичистанциялары/станциялары; Амбулаториялар; Бейтапканалар; Травматологиялык пункттар; Ооруканалар; Госпиталдар; Көп профилдүү медициналык борборлор; Медициналык жогорку окуу жайлардын клиникалары; Тар багыттагы медициналык мекемелер (илимий, ооруканалар, клиникалык медициналык илимий изилдөө институттары, жүрөк-кан тамыр хирургиясынын борборлору, күйүк борборлору, травматология жана ортопедия илимий изилдөө институттары, богокко каршы диспансерлер). |
5 | Автомобилдик транспорттун инфраструктурасы | Автотоктотмолор жана авто коюучу жайлар; Көп ярустуу авто коюучу жайлар; Электр менен заряддоо станциялары; Автомобиль жолдорду, веложолдорду жана жөө адамдар өтүүчү жолдорду тейлөөчү ишканалар; Жарандарды ташууну тейлөөчү ишканалар. |
6 | Сейилбак | Жаратылыш сейилбагы; Ботаникалык сейилбак; Дендросейилбак; Зоологиялык сейилбак; Токой сейилбагы; Улуттук сейилбак; Маданий жана эс алуу сейилбагы; Көңүл ачуу сейилбагы; Скульптуралардын сейилбагы; Ландшафттык сейилбак; Этно-борборлор. |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | И. Э. Абдыраимов |