Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна) |
Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин түзүүнүн негизги принциптерин жана тартибин, ошондой эле аталган реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жоболорун белгилейт.
Жободо белгиленген ченемдер иши мамлекеттик кызмат көрсөтүү менен байланышкан жана кызыкдар жеке жана юридикалык жактардын тиешелүү суроо-талаптарын канааттандырууга багытталган мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
мамлекеттик кызмат көрсөтүү - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча алардын компетенцияларынын чегинде жүзөгө ашырылуучу жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга же болбосо жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында келип чыгуучу милдеттерди аткарууга багытталган мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжасы;
акысыз мамлекеттик кызмат көрсөтүү - мамлекеттик каражаттардын эсебинен жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү;
акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү - ченемдик укуктук актылар менен белгиленген төлөм үчүн жеке жана юридикалык жактарга акы төлөө негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү.
Акысыз экендиги Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында бекитилген, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү милдеттенмелеринен келип чыккан мамлекеттик кызматтар акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлбөйт;
мамлекеттик мекеме - башкаруучулук, социалдык-маданий же коммерциялык эмес мүнөздөгү башка функцияларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн жана ал тарабынан толук же жарым-жартылай каржылануучу уюм;
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик мекемелердин керектөөчүлөрүнө акысыз же акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системалаштырылган тизмеси;
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучусу - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптары боюнча өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик мекеме;
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусуна мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу ишке ашыруучу жеке же юридикалык жак;
ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзүүгө жооптуу мамлекеттик орган.
3. Мамлекеттик мекемелердин мамлекеттик көзөмөлдөө, контролдоо функцияларын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча ишке коюлуучу лицензиялык талаптарды ишке ашыруу боюнча ишинин натыйжалары мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине кирбейт жана ага киргизилиши мүмкүн эмес.
2-глава. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды түзүү жана алдын ала кароо тартиби
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды түзүү жана алдын ала кароо тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу мамлекеттик орган (мындан ары - мамлекеттик орган) тарабынан ишке ашырылат.
5. Мамлекеттик орган өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын, ушул Жобонун жана башка ченемдик укуктук актылардын негизинде жүзөгө ашырат.
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды түзүү жана алдын ала кароо үчүн мамлекеттик орган:
1) төмөнкүлөргө инвентаризация жана талдоо жүргүзөт:
- жооптуу мамлекеттик органдын кызмат көрсөтүүлөрү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине толук киргизилгендигине;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн актуалдуулугу жана суроо-талапка ээ экендигине;
- мамлекеттик органдын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүнөн жана ведомстволук мекемелеринен, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелеринен (ассоциацияларынан жана бирликтеринен) (эгерде алар бар болсо) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча сунуштарга;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн сунушталган ар бир мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча төмөнкүлөрдү аныктайт:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ченемдик негиздүүлүгүн;
- суроо-талабы боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүлүүчү же көрсөтүлө турган жана өздөрүнө карата колдонулуучу керектөөчүлөрдүн чөйрөсүн;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү алган акыркы натыйжаны;
- керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарын (акысыз же акы төлөнүүчү негизде);
- башка мамлекеттик мекемелердин жана/же мамлекеттик эмес сектордун субъекттеринин ушул сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн болушун, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жеке юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн;
3) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн сунушталган ар бир мамлекеттик кызматтын "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде каралган критерийлерге шайкештигине талдоо жүргүзөт.
Белгиленген критерийлердин жок дегенде бирине жооп бербеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү андан ары каралбайт жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилбейт;
4) акы төлөнүүчү негизде каралган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде каралган критерийлерге жана талаптарга шайкештигине талдоо жүргүзөт.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү белгиленген критерийлерге жана талаптарга жооп бербеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүүгө жол берилбейт;
5) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн сунушталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмесин даярдайт, ал таблица түрүндө төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен таризделет:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы;
- ченемдик укуктук акт, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө негиз болгон берене же пункт;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү алган акыркы натыйжа (продукт);
- керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары (акысыз же акы төлөнүүчү негизде);
6) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн сунушталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын долбоорлорун даярдайт;
7) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү/чыгарып салуу, башка өзгөртүүлөр) киргизүү үчүн негиздемелерди даярдайт.
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмеси жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет жана ыйгарым укуктуу органдын кароосуна жиберилет.
8. Мамлекеттик орган ушул Жобонун 6-пунктунда каралган иш-аракеттер менен катар төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) тиешелүү мамлекеттик органдын карамагындагы мамлекеттик мекемелердин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына туруктуу мониторинг жүргүзүү жана ички баалоону уюштуруу;
2) тиешелүү мамлекеттик кызматтарды уюштуруунун жана көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо, анын ичинде аларды стандартташтыруу, регламенттөө жана маалыматташтыруу;
3) уюштуруу жана көрсөтүү үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органга жүктөлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин долбоорлорун даярдоо, административдик регламенттердин киргизилишине жана алардын иш жүзүндө сакталышына мониторинг жүргүзүү;
4) көрсөтүү үчүн жоопкерчилик ушул мамлекеттик органга жүктөлгөн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан башка маселелер.
3-глава. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүү тартиби
9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси ыйгарым укуктуу органга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучуларына, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелерине (ассоциацияларына жана бирликтерине) таандык.
10. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучулары, керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялары жана бирликтери) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү суроо-талабы менен ыйгарым укуктуу органга кайрылат.
11. Ыйгарым укуктуу орган суроо-талаптын негизинде 30 күндүк мөөнөттө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт же жүйөсүн көрсөтүү менен баш тартат.
12. Ыйгарым укуктуу орган киргизилген кызмат көрсөтүүлөрдүн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 7-беренелеринде белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн критерийлерине шайкештигин текшерет.
Кызмат көрсөтүүлөр белгиленген критерийлерге шайкеш келбеген учурда ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
Бирикмелерге (ассоциацияларга жана бирликтерге) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуу коллегиалдуу орган катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине же Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
13. Кызыкдар мамлекеттик орган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмеси менен бирге ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди берет:
1) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү жөнүндө маселени кароо үчүн:
- тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү зарылчылыгы жөнүндө төмөнкүлөрдү камтыган негиздеме-маалымкат:
тиешелүү мамлекеттик мекемелердин кызматтардын бул түрүн көрсөтүүгө ыйгарым укуктарын ырастоочу ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү зарылдыгынын негиздемеси;
мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга кызыкдар керектөөчүлөрдүн чөйрөсү жөнүндө маалымат;
мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген критерийлерге шайкештиги жөнүндө маалымат;
башка мамлекеттик мекемелер жана/же мамлекеттик эмес сектордун субъекттери көрсөткөн ушул сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн бар экендиги жөнүндө, кызмат көрсөтүүлөрдү жеке юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат;
ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын долбоорун макулдашуу жөнүндө маалымат (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине ылайык ушул сыяктуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу мамлекеттик органдар (эгерде мамлекеттик кызмат бир нече мамлекеттик органдарынын мамлекеттик мекемелери тарабынан көрсөтүлсө), ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик органдар (өз ара аракеттенүү ишке ашырылган учурда) менен макулдашуу жүргүзүлөт);
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде каралган критерийлерге шайкештигин эске алуу менен акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн негиздемеси (акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн);
өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнү же жокко чыгарууну талап кылган ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтар;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын долбоору;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринен чыгаруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышына өзгөртүүлөрдү киргизүү же кызмат көрсөтүүнүн шарттарын өзгөртүү (акы төлөнүүчү/акысыз) жөнүндө маселени кароо үчүн:
- мамлекеттик органдын жетекчиси кол койгон тиешелүү сунуштарды киргизүүгө негиз берген ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринен чыгаруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышын өзгөртүү же аны көрсөтүү шарттарын өзгөртүү (акы төлөнүүчү/акысыз) зарылдыгы жөнүндө негиздеме-маалымкат (эркин формада) (мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү акысыз мамлекеттик кызмат көрсөтүү категориясынан акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө которуу жөнүндө сунуштарды киргизүүдө негиздеме-маалымкатта "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде каралган критерийлерге шайкештиги жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш);
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине сунушталган өзгөртүүлөрдүн салыштырма таблицалары.
14. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринен чыгаруу, көрсөтүү шарттарын жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө маселе ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентине ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан тиешелүү мамлекеттик кызматты көрсөтүүгө жооптуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү позициясын тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизилет.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусун жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды өзгөртүүгө, анын ичинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча тиешелүү функцияларды бир мамлекеттик органдан экинчи мамлекеттик органга аткаруу үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө байланыштуу маселелер кызыкдар мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизилет.
15. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмесине/мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарга тиркөөгө милдеттүү болгон документтердин жок дегенде биринин жоктугу, ыйгарым укуктуу орган талап кылынган материалдар толтурулганга чейин кароого терс корутунду берүү үчүн негиз болуп саналат.
16. Мамлекеттик органдар жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялары жана бирликтери) тарабынан берилген сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин долбоорун/мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн зарыл материалдардын пакетин түзөт жана белгиленген тартипте тиешелүү чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.
17. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри бекитилгенден же ага өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин ар бир мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу 10 күндүк мөөнөттө тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө калкка маалымдоого милдеттүү.
Коомчулукту маалымдоо жалпыга маалымдоо каражаттары, мамлекеттик органдардын (мамлекеттик мекемелердин) веб-сайттарына милдеттүү түрдө жарыялоо, мамлекеттик мекемелердин имараттарында же башка коомдук жайларда жайгашкан туруктуу маалымат такталарына тиешелүү маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу ишке ашырылат.
4-глава. Жоопкерчилик
18. Мамлекеттик мекемелерге жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине кирбеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат.
19. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилбеген мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн мамлекеттик мекемелер алган кирешелер милдеттүү түрдө жана толугу менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине алынып коюлат.
20. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) ушул Жобонун 11-пунктунда каралган мөөнөттөрдү сактоого;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучуларынын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелеринин (ассоциацияларынын жана бирликтердин) демилгеси боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуунун негиздүүлүгүнө.
21. Ушул Жобонун ченемдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик жана башка жоопкерчиликке тартылат.