Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна) |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү коомдоштуктарга, жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүүнүн жана аларды стандартташтыруунун тартибине карата негизги талаптарды белгилейт.
2. Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген ыйгарым укуктарга ылайык Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан керектөөчүлөргө акысыз жана акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу тизмеги;
муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги - жергиликтүү коомдоштуктун керектөөлөрүнө, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө карата, администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине кошумча түзүлүүчү, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча акысыз же акы төлөнүүчү негизде керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги;
муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу - өз компетенциясынын чегинде муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык мекемелер;
муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри - базалык реестрден жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан конкреттүү администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинен турган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги;
муниципалдык кызмат көрсөтүү - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык мекемелердин жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча өз компетенцияларынын чегинде алардын укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга же ченемдик укуктук актылар менен аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга, аймактын калкынын турмуштук маанилүү функцияларын камсыз кылууга багытталган ишинин натыйжасы;
акысыз муниципалдык кызмат көрсөтүү - бюджеттик каражаттардын эсебинен жеке жана юридикалык жактарга акысыз негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат;
акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүү - жеке жана юридикалык жактарга мыйзамдарга ылайык белгиленген акы төлөнүүчү (толук же жарым-жартылай) негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат;
муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчү - муниципалдык кызмат көрсөтүүчү менен түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу байланышуучу жергиликтүү коомдоштук, жеке же юридикалык жак;
муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктарынын чегинде) же тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүчү менен кызматты керектөөчүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн жол-жобосун аныктоочу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө коюлуучу талаптардын системалаштырылган жыйындысы;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү укугуна ээ мамлекеттик орган.
3. Жободо белгиленген ченемдер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер, иши муниципалдык кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул түрлөрү үчүн иштелип чыккан стандарттардын негизинде көрсөтүлөт.
5. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү стандарттын негизинде иштелип чыккан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына ылайык көрсөтүлөт.
6. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 7-беренелеринде каралган критерийлерге жана талаптарга жооп берүүгө тийиш.
2-глава. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин түзүү тартиби
7. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелерине (ассоциациялар жана бирликтер), жергиликтүү кеңешке таандык.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялар жана бирликтер), жергиликтүү кеңештер муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө суроо-талап менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат.
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суроо-талаптын негизинде 30 күндүк мөөнөттүн ичинде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт же жүйөлүү баш тартат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган киргизилген кызмат көрсөтүүлөрдүн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 7-беренелеринде белгиленген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн критерийлерине шайкеш келүүсүн текшерет.
Кызмат көрсөтүүлөр белгиленген критерийлерге шайкеш келбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Бирикменин (ассоциациялар жана бирликтер) дарегине карата муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө кайрылуудан баш тартылганда коллегиалдуу орган катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине же Кыргыз Республикасынын административдик иштери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
10. Кызыкдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:
1) муниципалдык кызмат көрсөтүүнү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизүү жөнүндө маселени кароо үчүн:
- тиешелүү муниципалдык кызмат көрсөтүүнү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизүү зарылдыгы жөнүндө негиздеме-маалымкат, анын ичинде:
муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизүү зарылдыгынын негиздемеси;
муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алууга кызыкдар болгон керектөөчүлөрдүн чөйрөсү жөнүндө маалымат;
муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген критерийлерге шайкеш келиши жөнүндө маалымат;
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде каралган критерийлерге шайкеш келүүсүн эске алуу менен акы төлөнүүчү негизде муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн негиздемеси (акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн);
өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду же жокко чыгарууну талап кылган ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтар;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартынын долбоору;
2) муниципалдык кызмат көрсөтүүнү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен чыгаруу, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышына өзгөртүүлөрдү киргизүү же кызмат көрсөтүүнүн шарттарын өзгөртүү (акы төлөнүүчү/акысыз) жөнүндө маселени кароо үчүн:
- муниципалдык кызмат көрсөтүүнү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен чыгаруу, муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышын өзгөртүү же аны көрсөтүү шарттарын өзгөртүү (акы төлөнүүчү/акысыз) зарылдыгы жөнүндө негиздеме-маалымкат (эркин формада) алардын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кол койгон тиешелүү сунуштар киргизилип жаткан ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү менен (муниципалдык кызмат көрсөтүүнү акысыз муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн категориясынан акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүгө которуу жөнүндө сунуштарды киргизүүдө негиздеме-маалымкатта "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде каралган критерийлерге шайкештиги жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө көрсөтүлөт);
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине жана тиешелүү муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартына сунушталган өзгөртүүлөрдүн салыштырма таблицалары (муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени киргизүүдө).
11. Ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүнү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен чыгаруу, муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттарын жана/же атын өзгөртүү жөнүндө маселелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентине ылайык киргизилет.
12. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароо үчүн зарыл болгон документтердин жок дегенде биринин жоктугу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан талап кылынган материалдар толукталганда кароо жөнүндө терс корутунду чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана/же мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялары жана бирликтери) тарабынан киргизилген сунуштарды кароонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин долбоорун/муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүү киргизүү боюнча зарыл материалдардын пакетин түзөт жана белгиленген тартипте тиешелүү чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.
14. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилгенден кийин же ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин тиешелүү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат 10 күндүк мөөнөттө коомчулукка жеткирилиши керек.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коомчулукка белгиленген тартипте маалымдайт, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн имараттарында, же башка коомдук жайларда жайгашкан туруктуу маалыматтык стенддерге жарыялайт.
15. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин долбоору төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
1) муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы;
2) кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу үчүн жооптуу органдын аталышы;
3) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу;
4) акы төлөнүүчү же акысыз муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр.
3-глава. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүү тартиби
16. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы кызмат көрсөтүүнү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине киргизүү жөнүндө сунушту жарандардын чогулушунун (жыйынын), мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын суроо-талабынын негизинде, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өзүнүн демилгеси боюнча түзөт.
17. Кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүү конкреттүү административдик-аймактык бирдиктин (шаар, айыл аймагы) аймагында киргизилет жана көрсөтүлөт.
Бир нече административдик-аймактык бирдиктердин (шаарлардын, айыл аймактардын) аймагында муниципалдык кызматташтыктын алкагында белгилүү бир кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр киргизилиши жана көрсөтүлүшү мүмкүн.
18. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы каралып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн критерийлерине жана "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 7-беренелерине ылайык акы төлөнүүчү/акысыз кызмат көрсөтүүлөрдүн критерийлерине шайкеш келүүсүн аныктайт.
19. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинин түзүмү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кызмат көрсөтүүнүн аталышы;
2) кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу үчүн жооптуу органдын аталышы;
3) муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун аталышы;
4) кызмат көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү же акысыз).
4-глава. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
20. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы суроо-талапты алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинин долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет же кошумча кызмат көрсөтүүнү киргизүүнүн демилгечилерине (арыз ээлерине) жүйөлүү баш тартууну билдирет.
21. Жергиликтүү кеңештин кароосуна муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинин долбоору төмөнкү документтерди тиркөө менен киргизилет:
1) жарандардын чогулушунун (жыйынын) арызы же чечиминин протоколу (эгерде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жарандардын чогулушунун (жыйындын), коомдук бирикмелердин суроо-талаптарынын негизинде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине кызмат көрсөтүүнү киргизүү жөнүндө сунуш берилсе);
2) бул кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздеме-маалымкат муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алууга кызыкдар болгон керектөөчүлөрдүн чөйрөсүн аныктоо менен;
3) муниципалдык кызматтарды акысыз көрсөтүү үчүн зарыл болгон жалпы бюджеттик чыгашалар;
4) керектөөчүлөргө акы төлөнүүчү негизде муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн негиздемеси;
5) жергиликтүү кеңештин чечиминин долбоору.
22. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин бекитүү жөнүндө чечим жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат.
23. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аны түзүү учурундагы тартипте жүргүзүлөт.
24. Акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин бекитүүгө, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин гана жол берилет.
5-глава. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү стандартын иштеп чыгуу жана бекитүү
25. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген типтүү стандарттын негизинде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу үчүн жооптуу орган тарабынан кызмат көрсөтүү муниципалдык кызматтардын реестрине киргизилген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен иштелип чыгат.
26. Стандартташтыруу боюнча жооптуу орган муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын иштеп чыгууда жана бекитүүдө муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн принциптерин сактоого милдеттүү, алар: кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылуу, кардарларга багытталгандыгы, отчеттуулук, ачык-айкындык, кызмат көрсөтүүнү алууга бирдей укуктуулук, кызмат көрсөтүү реестрин түзүү процессинде керектөөчүлөрдүн катышуусу, көрсөтүлгөн кызматтардын натыйжалуулугу.
27. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын долбоорлору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктарынын алкагында).
28. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан тиешелүү жергиликтүү кеңештин бекитүүсүнө киргизилет.
6-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык мекемелердин жоопкерчилиги
29. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекемелерге керектөөчүлөргө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат.
Ушул Жобонун ченемдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, ошондой эле керектөөчүлөргө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген кызматтарды көрсөткөн учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жана алардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
30. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мекемелер алган кирешелер милдеттүү түрдө жана толугу менен жергиликтүү бюджетке алынат.
31. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө жол берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдары жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга жана камсыздоого багытталган чыгымдардын ордун толук толтуруу менен тартиптик же материалдык мүнөздөгү жазага тартылышы мүмкүн.