Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-декабры № 774
Тамекиге жана никотин камтылган заттарга минималдуу дүң-чекене бааларды белгилөө жөнүндө
Тамеки жана никотин камтылган заттарды керектөөнү кыскартуу, калктын саламаттыгын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөргө минималдуу дүң-чекене баалар белгиленсин:
1) ТЭИ ТН 2402 коду менен классификацияланган чыпкалуу сигареттерге, чыпкасыз сигареттерге жана сигариллаларга, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
Мезгил | 20 (жыйырма) даана сигарет үчүн |
2025-жылдын 1-январынан тартып | 110 сом |
2026-жылдын 1-январынан тартып | 120 сом |
2) ТЭИ ТН 2404 коду менен классификацияланган цилиндр формасындагы ысытылуучу тамекиси бар заттарга (ысытылуучу тамеки таякчасы (стик), ысытылуучу тамекиси бар капсула), төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
Мезгил | 20 (жыйырма) даана ысытылуучу тамекиси бар заттар үчүн |
2025-жылдын 1-январынан тартып | 110 сом |
2026-жылдын 1-январынан тартып | 120 сом |
3) ТЭИ ТН 2404 коду менен классификацияланган бир корпустагы никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук системаларына, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
Мезгил | Бирдик үчүн |
2025-жылдын 1-январынан тартып | 350 сом |
4) ТЭИ ТН 8543 40 000 0 коду менен классификацияланган электрондук сигареттерге жана ушул сыяктуу жеке электр буулантуучу түзүлүштөргө (никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары), төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
Мезгил | Бирдик үчүн |
2025-жылдын 1-январынан тартып | 1400 сом |
5) ТЭИ ТН 2404 коду менен классификацияланган электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин суюктугуна, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
Мезгил | Бирдик үчүн |
2025-жылдын 1-январынан тартып | 350 сом |
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 609 "Тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене бааларды белгилөө тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Тамекиге жана никотин камтылган заттарга белгиленген минималдуу дүң-чекене баалардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |