Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылы 27-ноябры № 6
Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Тунук-Суу айылында жайгашкан 2.0 га жер аянтын кичи ГЭС курууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесине пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-матындагы “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселеси жөнүндө” № 62- жарлыгынын негизинде жана Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жусубалиевтин баяндамасын угуп ,кеңири талкуулап Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы.
Токтом кылат.
1 Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Тунук-Суу айылында жайгашкан 2.0 га жер аянтын кичи ГЭС курууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесине пайдаланууга макулдук берилсин.
2 Керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко милденттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер,агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | А. Матраимова |