Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылы 27-ноябры № 10
Жер аянтын которууга (трансформациялоо ) макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы Жер учостокторун которуу (трансформациялоо ) жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
Токтом кылат:
1. Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Сөгөт участогунда жайгашкан № 442-контурундагы 1,30 га жана № 471-контурундагы 1.70га жалпы аянты 3.0 га таштуу жайыт жер тоок ферма куруу үчүн жайыт жер аянтын “айыл чарбасынын жерлери “категориясынан ѳнѳр жайынын , транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин .
2.Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын толуктап бүтүрүү жагы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы И. Тилековко милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: | А. Матраимова |