Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги XXXI сессиясы
2024-жылдын 22-июлу № II
Папан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы 6 айлык отчёту ички жана сырткы инвестициялардын тартылышы жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXXI сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын 2024-жылдагы 6 айлык отчётун карап, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновдун айыл өкмөттөгү аткарган жумуштарын карап жана угуп,айыл өкмөт башчысынын 6 айылык отчёту канааттандырарлык деп табылсын.
2.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ички жана сырткы инвестициялардын таратылышы жана жаңы жумуш орундары 2025-жылга карата айыл өкмөттүн стратегиялык планын жакшы жолго коюу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Тагаев |