Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги XXXI сессиясы
2024-жылдын 22-июлу № IV
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү ЖОБОну бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө ЖОБО бекитилсин.
2.Биргелешкен мониторинг баалоо тобу бекитилген ЖОБОго ылайык айыл өкмөттүн аймагында иш алып баруу милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Тагаев |