Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги XXXI сессиясы
2024-жылдын 22-июлу № VI
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек участкасындагы жер тилкесин көмүр сактоочу жай куруу үчүн мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 17.07.2024-жылдагы №01-19/491 катынкарап Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек участкасынын таштактуу жайыттагы №260-контурда жайгашкан 0,30 га жер тилкесине көмүр сактоочу жай куруу үчүн мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек участкасынын таштактуу жайыттагы №260-контурда жайгашкан 0,30 га жер тилкесине көмүр сактоочу жай куруу үчүн мамлекеттик менчикке алууга, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 4-беренесине ылайык Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан чечим чыгарып берүү жагы суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңеишинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Тагаев |