Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги XXXI сессиясы
2024-жылдын 22-июлу № VII
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Күмбөз участкасындагы №955- контурдагы жер аянтын мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 17.07.2024-жылдагы №01-19/491 катын карап Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Күмбөз участкасындагы таштактуу жайыттагы №955-контурда жайгашкан 1,30 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
2.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Күмбөз участкасындагы таштактуу жайыттагы №955-контурда жайгашкан 1,30 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 4-беренесине ылайык Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан чечим чыгарып берүү жагы суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Папан айыл өкмөтүнүн башчысы. Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Тагаев |