Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги XXXI сессиясы
2024-жылдын 22-июлу № VIII
Папан айыл аймагынын айылдарынын тиричилик калдыктарын ташып чыгаруунун тарифин бекитүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарындагы чыгып жаткан катуу тиричилик калдыктарын алып чыгууга болгон төлөмдөрдүн бааларын (тарифин) бекитүү боюнча жана эл менен болгон чогулуштун протоколун, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарынан чыгып жаткан таштандыларды алып чыгууга болгон төлөмдөрдүн баалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгууга жана жайгаштыруу үчүн түзүлгөн эсептөөлөрдүн өлчөмү
№ | Абоненттер | өлчөө бирдиги | топтоо нормасы | айына тариф, сом | Тариф жылына, сом |
1 | Кожолуктар | 1 кожолуктар | 0,13 | 204,20 | 2450,42 |
2 | Соода туйундору | 1 соода туйундору | 0,26 | 408,40 | 4900,84 |
3 | ФАП | 1 мекеме | 0,13 | 204,20 | 2450,42 |
4 | Үй-бүлөөлүк даарыгерлер (ГСВ) | 1 мекеме | 0,1 | 157,08 | 1884,94 |
5 | Оорукана | 1 мекеме | 0,5 | 785,39 | 9424,69 |
6 | Тез жардам | 1 мекеме | 0,1 | 157,08 | 1884,94 |
7 | автотейлөө станциялары | 1 кожоюн | 0,2 | 314,16 | 3769,88 |
8 | Май куючу жайлар | 1 жумуш орду | 0,2 | 314,16 | 3769,88 |
9 | Баня | объект | 0,32 | 502,65 | 6031,80 |
10 | Административдик имараттар | объектилер | 0,3 | 471,23 | 5654,82 |
11 | Чайкана | объектилер | 0,38 | 596,90 | 7162,77 |
12 | Спорт зал | объектилер | 0,2 | 314,16 | 3769,88 |
13 | Маданият уйу | объектилер | 0,2 | 314,16 | 3769,88 |
14 | Почта-тигүүчү | 1 мекеме | 0,2 | 314,16 |
|
15 | Мечит | 1 мекеме | 0,2 | 314,16 | 3769,88 |
16 | Бала бакчалар | 1 мекеме | 0,8 | 1256,63 | 15079,51 |
17 | Мектептер | 1 мекеме | 0,8 | 1256,63 | 15079,51 |
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет жана архитектура боюнча Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Тагаев |