Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги XXXI сессиясы
2024-жылдын 22-июлу № IX
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык башкаруу жөнүндө “КРнын мыйзамынын ” “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын мыйзамынын КРнын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун Уставын жетекчиликке алуу менен USAID дин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында 2024-жылдын 22-июль №21 айыл өкмөттүн башчысынын буйругу менен кабыл алынган, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга кызматтарды жакшыртуу планында белгиленген кызматтардын аткарылуусуна баа берүү жана көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн Биргелешкен Мониторинг жана баалоо тобунун курамын бекитүү:
1.Биргелешкен Мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары БМ жана Б тобу) төмөнкү курамында бекитилсин.
а. Калыков Нурлан – айылдык кеңештин катчысы, БМ жана Б тобунун төрагасы.
б. Авазова Айгүл айылдык кеңештин депутаты.
в. Тапаева Жарнадкан китепканачы.
г. Биймурзаева Адалат соц кызматкер.
д. Тагаев Төрөгелди активист.
2.Жогоруда түзүлгөн БМ жана Б тобуна ар бир аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргузүп берүү жагы тапшырылсын.
Төрага: | Т.Тагаев |