Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги XXXI сессиясы
2024-жылдын 22-июлу № X
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин Хово авто самосвалдын ижара акысын белгилөө жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясында, VII чакырылыштын 30-ноябрь 2021-жылдагы VI токтомуна өзгөртүү киргизүү. Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин төрагасы Р.Матазимовтун 12-июнь 2024-жылдагы чыгыш №9 сандуу катын карап Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Хово авто самосвалдын эскире баштагандыгын эске алып, ижара акысы 2024-жылдын 1-августунан баштап жаңыдан айдоочу менен келишим түзүлсүн.
2.Хово авто самосвалдын ижиара акысы жылына 240 миң (эки жүз кырк миң) сом болуп белгиленсин, айдоочунун эмгек акысы жана техниканын ремонту тарифтен ашкан акча каражаты менен иш жүзүнө ашырылсын.
3.Токтомду аткаруу жагы Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Матазимовко милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Тагаев |