Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги XXXI сессиясы
2024-жылдын 22-июлу № XI
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин Экскаватор погрузчик тракторунун ижара акысын жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясында, Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин төрагасы Р.Матазимовтун 12-июнь 2024-жылдагы чыгыш №9 сандуу катын карап, 2024-жылдын май,июнь айлары жаандуу болуп, сел көп болгондугуна байланыштуу Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Экскаватор погрузчик тракторунун май, июнь айларынын ижара акысы Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесине төлөнбөй эки айлык ижара акысы кыскартылсын.
2.Токтомду аткаруу жагы Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Матазимовко милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Тагаев |