Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги XXXI сессиясы
2024-жылдын 22-июлу № XII
Папан айыл өкмөтүнүн 2024-жылга ички көчөлөрүн асфальт төшөөдө элдик салым жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектеги сессиясы Папан айыл өкмөтунун 2024-жылга дем беруучу (улуштук) грантка жазылган долбоор боюнча ички көчөлөрүн асфальт төшөөгө жергиликтүү тургундардын элдик салымы жөнүндөгү маселени карап чыгып Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл өкмөтүнүн ички көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтуу тургундардын өздук салымы катары Чычкан-Кол айылындагы Т.Калыев көчөсүнө 1000000(бир миллион) сом, Арал айылынын Жээнкул уулу Макамбай атындагы көчөгө 500 000(беш жуз мин) сом, Кызыл-Туу айылынын Исмаилов атындагы көчөгө 1000 000(бир миллион)сом акча каражаты жалпысы 2 500 000 сом акча каражаты Папан айыл өкмөтүнүн атайын каражаттын учурдагы жардам эсебине бекитилсин.
Ал эми чыгаша бөлүгү 70629-Турак жай бөлүмүнүн 3111- Курулмалар статьясына
2 500 000 сом акча каражаты бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысына
милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финанасы жана бюджет
боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Тагаев |