Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги XXXI сессиясы
2024-жылдын 22-июлу № XIII
Папан айыл аймагына А.Семетеев атындагы орто мектебине И.Мырзабекова мекетепке чейинки билим берүү уюмунун филиалын ачуу жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясында Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши Алчалуу айылынын депутаттарынын сунушун карап жана бала бакчага элдин муктаждыгын эске алып Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алчалуу айылындагы А.Семетеев атындагы орто мектебине И.Мырзабекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун 2 тайпа филиалын ачууга макулдук берилсин.
2.А.Семетеев атындагы орто мектебине И.Мырзабекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун филиалына кошумча 2 тайпа ачууга уруксат берилсин.
3.Кошумча ачылып жаткан 2 тайпанын штаттык бирдигин чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4.Жаңы ачылып жаткан тайпаларды керектүү эмеректер менен камсыздоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2025-жылдан баштап каржылансын.
5.Бул токтомду аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
6.Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык жана маданий иштер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Тагаев |