Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги XXXII сессиясы
2024-жылдын 30-августу № I
Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОну бекитүү
“Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Ч.Нурушованын маалыматын угуп жана талкуулап, Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1 пунктуна ылайык, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү” ЖОБО бекитилсин.
2.Бул токтомду Ош облусунун юститция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адиси-юристи Акжол уулу Бектурга милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду аткаруу Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
4.Бул токтом Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укгун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Ч.Нурушовага тапшырылсын.
Төрага: | Т.Тагаев |
| Папан айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXXII сессиянын №1 токтомуна 1-тиркеме 2024-жыл 30-август |
Муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага
берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ушул (Типтүү жобо мындан ары-Жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 28-июлундагы №189 буйругу менен бекитилген "Муниципалдык менчиктин объектилерин пайдаланууга жана ижара берүү тартиби жөнүндө типтүү жобого" ылайык иштелип чыгып, муниципалдык менчиктеги объекттерди кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Муниципалдык менчиктин объекттери жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга жана ижарага берилиши мүмкүн.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы ушул Жобонун 8-бөлүгүнүн жана 11-пункттун кошпогондо, ушул Жобонун жана өз ыйгарым укуктарынын талаптарына ылайык муниципалдык мүлктү пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча иш-аракеттерди өз алдынча жүзөгө ашырат.
4. Муниципалдык менчикти ижарага же пайдаланууга укук берүүдөн түшкөн бардык кирешелер, комиссиялык төлөмдөрдү, юридикалык жыйымдарды же бүтүмдү аяктоо үчүн зарыл болгон башка чыгымдарды алып салуудан кийин жергиликтүү бюджетке түшөт.Муниципалдык мүлк пайдаланууга же ижарага берилген жак бүтүмдү мамлекеттик каттоо органында каттоого, ошондой эле ар кандай каттоого кеткен чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы, ушул Жобонун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.
2-глава. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр
6. Ушул Жободо пайдаланылган түшүнүктөр:
Ижара-ижарага берүүчү тарабынан муниципалдык менчиктеги объектти пайдалануу укугу менен ижарага алуучуга белгиленген акы алуу менен белгилүү бир мөөнөткө берүү:
Ижарачы-ушул Жободо белгиленген тартипте муниципалдык менчиктеги объектке убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу укугу берилген жеке же юридикалык жак;
ижарага берүүчү-муниципалдык мүлктү ижарага берүүгө тиешелүү ыйгарым укуктар аларга берилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле муниципалдык мекеме, муниципалдык ишкана.