Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги XXXII сессиясы
2024-жылдын 30-августу № III
Муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине,ылайык Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши “Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” жобонун 8-главасына ылайык, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү Т.Токтосунов ушул токтомдун тиркемесине ылайык, муниципалдык мүлктү, Бизнес-өнөктөш Төрөгелдиев Тимур тандалып алынган экономикалык ири долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берсин.
2.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү Т.Токтосунов белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө Келишим түзсүн жагна мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берсин.
3.Бизнес-өнөктөш Төрөгелдиев Тимур:
- өткөрүп берүү-кабыл алуу актында көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алынсын:
- ижарага алынган мүлктү максаттуу пайдаланышын камсыз кылсын:
- Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актында көрсөтүлгөн имаратты, курулманы жана кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Тагаев |