Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги XXXII сессиясы
2024-жылдын 30-августу № IV
Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин 2024-жылы бекитилген бюджеттин киреше бөлүгөнө кошумча акча каражатынын эсебинен чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин 2024-жылы бекитилген бюджеттин киреше бөлүгүнө,2024-жылдын сентябрына чейин иштин аткарылышы жана жыл ичиндеги иштерди болжолдуу аткарылышы боюнча,жайыт комитетинин төрагасы Р.Матазимовтун маалыматын угуп,жайыт комитетинин киреше бөлүгүнө бекитилген бюджетке кошумча 81000 (сексен бир мин) сом акча каражаттын эсебинен чыгаша бөлүктөрүн бекитуу маселеси айылдык кенештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин бюджетинин киреше бөлүгүнө жайыт жерлерин иштеткендиги үчүн төлөнүүчү салыкка 81000 (сексен бир мин) сом кошумча акча каражаты бекитилсин жана чыгаша бөлүгүнө ылайык каралсын.
2.Токтомду аткаруу жагы Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин төрагасы Р.Матазимовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Тагаев |