Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз XXXIII сессиясы
2024-жылдын 05-сентябры № I
ДЭУ-21 муниципалдык ишканасына караган Ак-Терек, Папан, Кожо-Келен автоунаа жолунун 37-61-чакырымын Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясында. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы”Папан турук”коомдук фондун өкмөттүн карамагына алуу жөнүндөгү 04.09.2024-жылдагы №01-19/376 сандуу Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №26-02 буйругун негиз кылып, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош облсунун Папан айыл аймагындагы автоунаа жолунун 37-чакырымынан 61-чакырымына чейинки аралыгын Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына 5(беш) жылдык мөөнөткө алууга макулдук берилсин.
2.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү "Папан Турук" коомдук фондун кабыл алсын жана уюштуруучусу катары катталсын.
3.Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигнен кабыл алынуучу 37-чакырымынан 61-чакырымына чейинки аралыктагы автоунаа жолу Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн "Папан Турук" коомдук фондунун пайдалануусуна оор жүк ташуучу автоунаалардан акы алынуучу жол катары өткөрүлүп берилсин.
4.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караган 37-чакырымдан 61-чакырымына чейинки аралыктагы автоунаа жолунан алынуучу каражаттар ошол автоунаа жолун асфальттоо үчүн колдонулсун.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуовго милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Тагаев |