Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз XXXIII сессиясы
2024-жылдын 05-сентябры № III
Маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жакшыртуу жана пайдалануу эрежелери жөнүндө
Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги каты менен бекитилген “Маалыматтык жана жарнама түзүмдү жакшыртуу жана пайдалануу эрежелеринин” долбоору Папан айыл аймагында орнотулган жарнамаларды иретке келтирүү максатында Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Папан айыл аймагында орнотулган жарнамаларды иретке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Шаар курулушу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдарга жана эрежелеринин” долбоору бекитилсин.
2.Токтомдун бир нускасы Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Тагаев |