Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз XXXIII сессиясы
2024-жылдын 05-сентябры № V
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жер участогун (трансформациялоо) жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясында айыл өкмөттүн 04.09.2024-жылдагы №01-19/372-1 сандуу катынын негизинде 2024-жылдын 22-январындагы Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын №4 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү максатында мамлекеттин менчигиндеги айыл чарба багытынан сырткаркы 0,55га жер аянтын Папан айыл өкмөтүнүн Камыр-Суу айылындагы №619 контурундагы жер аянтын АРИС тарабынан Логистикалык борбор куруу үчүн Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Камыр-Суу айылындагы №619 контурундагы мамлекеттик менчиктеги айыл чарба багытынан сырткаркы 0,55 га жер аянтына АРИС тарабынан Логистикалык борбор куруу үчүн “Өнөр жайдын, транспорт, байланыштын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу(трансформациялоо) боюнча макулдук берилсин.
2.Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана архитектура, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Тагаев |