Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз XXXIII сессиясы
2024-жылдын 05-сентябры № VI
Папан айыл өкмөтүнө караштуу жер участогун которуу( трансформациялоо) жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясында күн тартибиндеги маселени карап ,чыгып Папан айыл өкмөтүнө караштуу №952-контрундагы айыл чарбасына жараксыз Турдубаева Акылайдын жеке менчигиндеги 0,83 га жер аянтын “ Өнөр жайдын, транспорт, энергетика, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер “ категориясына которуу (трансформациялоо) максатына ылайык, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин негизинде Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Папан айыл өкмөтүнө караштуу Күмбөз участкасындагы №952-контрундагы айыл чарбасына жараксыз Турдубаева Акылайдын жеке менчигиндеги 0,83 га жер аянтына элди арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында көмүр база курууга “ Өнөр жайдын, транспорт, энергетика, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер “ категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча макулдук берилсин.
2.Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана архитектура, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Тагаев |