Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңештин депутаттарынын IX чакырылышы кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 20-декабры № 2-1
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин
регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/330 буйругу менен бекитилген Айылдык кеңештин Типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин долбоорун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын протоколунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламенти 1-тиркемеге ылайык бекитилсин; 1-тиркеме тиркелет 27 (жыйырма жети) баракта
2.Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-июль2023-жылдагы кезексиз III сессиясынын “Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндөгү” №3-1 токтому күчүн жоготту деп табылсын;
3.Регламенттин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештинМыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У. Мелис уулу |