Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңештин депутаттарынын IX чакырылышы кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 20-декабры № 2-2
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын жана төрагаларын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактары жана курамдары боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде жүргүзүлгөн шайлоолордун жыйынтыгы менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы, төрагалары жана анын орун басарлары төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын курамы:
Комиссиянын төрайымы: Мөндүрбаева Ырысбүбү;
Комиссиянын төрайымынын орун басары: Муканмет уулуАнарбек;
Комиссиянын мүчөлөрү: ШаякматовНияз, Толубаев Эрмек, Сасанова Элмира, ИмашовБексултан, Пазылахунова Саида.
2) Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамы:
Комиссиянын төрагасы: ЗамирбековТолубай;
Комиссиянын төраганын орун басары: Сейитказиева Майрамкүл;
Комиссиянын мүчөлөрү: Имашов Нурсултан, Абыталыпов Жапар, Шайлообек кызы Бактыгүл;
3) Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамы:
Комиссиянын төрагасы: Жумалы уулу Максат;
Комиссиянын төраганын орун басары: Мамытбекова Венера;
Комиссиянын мүчөлөрү:Мелисов Илгиз, Сооромбаева Нурзада, Надырбекова Самара, Мамыралиев Максат;
4) Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын курамы:
Комиссиянын төрагасы: Омокоев Бакай;
Комиссиянын төраганын орун басары: Тыналиева Сагын
Комиссиянын мүчөлөрү: Абдыкеримов Ислам, Муратова Жасмина, Энтериева Айнагүл.
5) Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамы:
Комиссиянын төрайымы: Алымбекова Акылай;
Комиссиянын төрайымынын орун басары: Бакенов Нургазы,
Комиссиянын мүчөлөрү: Эльнура Бобушова, Аскербек кызы Саламат, Бекжан Жумаев.
2.Түзүлгөн туруктуу комиссияларга өздөрүнүн тармактары боюнча компетенцияларынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу тапшырылсын.
Төрага | У. Мелис уулу |