Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 18-декабры № 205
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-ноябры, № 100-101) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) 2-пункт "мыйзам долбоорлорунун" деген сөздөрдөн кийин "маалымат" деген сөз менен толукталсын;
б) 8-пунктта "синтаксистик" деген сөз "лексикалык" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 13-1 жана 13-2-пункттар менен толукталсын:
"13-1) бириктирилген мыйзам долбоору (мыйзам долбоору) - предмети же мазмуну боюнча өз ара байланышкан эки же андан көп мыйзам долбоорлорун өзүнө бириктирген мыйзам долбоору. Бириктирилген мыйзам долбоору мыйзам долбоорлорунун айрым беренелерин, бөлүмдөрүн же главаларын бириктирүү жолу менен, ошондой эле башка мыйзам долбоорлорунун жоболорун эске алуу менен бир мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен даярдалышы мүмкүн;
13-2) токтом долбоору - Жогорку Кеңештин карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актынын долбоору;";
2) 10-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Парламенттик фракция (мындан ары - фракция) - саясий партиянын тизмеси боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирикмеси. Парламенттик фракцияга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаты кирүүгө укуктуу.";
3) 20-берененин 2-бөлүгүндө мамлекеттик тилде "эмгекке убактылуу жөндөмсүз" деген сөздөр "эмгекке убактылуу жарамсыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 25-берененин 4-бөлүгүндө "5тен" деген сөз "3төн" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 27-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта "чечим" деген сөз "корутунду" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 3-пункт "долбоорлорун" деген сөздөн кийин "жана ага карата комитеттин чечимдерин" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 31-берененин 8-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы биринчи сүйлөм менен толукталсын: "Комиссия өз чечими менен өзүнүн курамынан төраганы жана анын орун басарын (орун басарларын) шайлайт, бул жөнүндө Төрагага кабарлайт.";
7) 34-берененин 2-бөлүгүндө "Негиздер болгон өзгөчө учурларда" деген сөздөр "Негиз болгондо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 42-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө "күндөрүн" деген сөз "убактысын" деген сөзгө алмаштырылсын;
9) 50-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) мыйзам долбоорлорун бириктирүү тууралуу чечим кабыл алууда - бириктирилген мыйзам долбоорун.";
10) 51-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мында мыйзам долбоорунун концепциясынын алкагынан чыккан түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.";
11) 53-беренеде:
а) 10-бөлүктө "13-бөлүгүнүн 9-пунктунда" деген сөздөр "13-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 15-бөлүктө "кагылган учурда" деген сөздөр "кагылганда" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 18-бөлүк мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Конституциялык соттун чечиминен келип чыккан конституциялык мыйзамдардын жана мыйзамдардын долбоорлору Конституциялык соттун чечиминин мааниси менен мазмунунан гана келип чыгуучу ченемдерди камтууга тийиш жана Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.";
12) 54-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мыйзам долбоорун кароо демилгечинин борбордук трибунадагы баяндамасынан башталат жана толук талкуулоо жол-жобосу боюнча жүргүзүлөт.";
13) 59-берененин 1-бөлүгү "депутаттык топторго" деген сөздөрдөн кийин ", бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттарга," деген сөздөр менен толукталсын;
14) 65-беренеде:
а) берененин аталышы "чек араны" деген сөздөрдөн кийин "белгилөө," деген сөз менен толукталсын;
б) 6-бөлүк "белгилөөчү" деген сөздөн кийин ", өзгөртүүчү" деген сөз менен толукталсын;
15) 69-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө "тармактык" деген сөз "жооптуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
16) 81-берененин 4-бөлүгүндө "15 мүнөттүн ичинде" деген сөздөр "танапис убагында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 84-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Фракциянын жана депутаттык топтун мүчөлөрү иш-чараны өткөрүү күнүнө пландаштырылып жаткан иш сапарлары же башка иш-чаралар жөнүндө фракциянын лидерине/депутаттык топтун жетекчисине жазуу жүзүндө же электрондук почта аркылуу кабарлоого милдеттүү.";
18) 85-беренеде:
а) 1-3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жооптуу комитеттер мыйзам долбоорлоруна тийиштүү болбогон маселелер боюнча токтомдордун долбоорлорун беришет.
2. Мыйзам долбоорлоруна тийиштүү болбогон маселелер боюнча добуш берүү аларды талкуулоодон кийин өткөрүлөт, мында чечүүчү добуш укугун өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
3. Жыйналыштын жүрүшүндө күн тартибине киргизилген маселелер боюнча добуш берүү демилгечи тарабынан тиешелүү токтомдун долбоору киргизилгенден кийин гана жүргүзүлөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-бөлүктөр менен толукталсын:
"3-1. Депутаттардын жазуу жүзүндө берилген сунуштары добуш берүүгө коюлат.
3-2. Токтомдун долбооруна карата жазуу жүзүндө сунуштар берилбеген учурда бири-бирин жокко чыгаруучу же кайталоочу сунуштарды, ошондой эле киргизилген сунуштар боюнча карама-каршылыктарды аныктоо максатында жооптуу комитет депутаттардын жыйналышта оозеки айтылган сунуштарын жана сын пикирлерин эске алуу менен токтомдун долбоорун жеткире иштеп чыгат жана анын акыркы текстин Жогорку Кеңештин жыйналышына добуш берүү үчүн киргизет.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Мыйзам долбооруна тийиштүү болбогон жана концептуалдык өзгөртүүлөрдү камтыбаган токтом долбоору четке кагылган учурда аны кайталап бир жолу 30 жумуш күндөн эрте эмес киргизүүгө жол берилет.";
19) 103-берененин 1-бөлүгүндө "бейшембиде" деген сөз "шаршембиде" деген сөзгө алмаштырылсын;
20) 122-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Жогорку Кеңеш" деген сөздөр "Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын шайлоо жөнүндө маселелерди кошпогондо, Жогорку Кеңеш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын шайлоо жөнүндө чечимин тиешелүү сунуштама келип түшкөн күндөн тартып 2 жумадан кечиктирбестен кабыл алат.";
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жогорку Кеңешке Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкерлер тиешелүү сунуштама алынган күндөн тартып 2 жумадан кечиктирилбестен, башка талапкерлер 14 жумуш күндөн кечиктирилбестен милдеттүү түрдө жооптуу комитетте талкууланат, ал ар бир талапкер боюнча корутунду даярдайт.";
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн көрсөтүү жана Жогорку Кеңеш тарабынан макулдук берүү тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.";
21) 123-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын тартиптик жосун жасагандыгы үчүн ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууну караган негиздер боюнча - депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен;";
22) 25-главанын аталышында "сөздөрдү жана ар жылдык баяндамаларды" деген сөздөр "сөздөрдү, ар жылдык баяндамаларды жана Министрлер Кабинетинин маалыматын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 143-беренеде:
а) 5-бөлүктө:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул беренеде көрсөтүлгөндөрдөн тышкары ар бир учурда депутаттын жоктугунун себебин жүйөлүү деп таануу жөнүндө маселе тиешелүү комитет тарабынан чечилет.";
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-1 жана 5-2-бөлүктөр менен толукталсын:
"5-1. Демейки жагдайларда депутаттын жоктугунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эмгекке убактылуу жарамсыздык;
2) кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча, баланы асырап алууга байланыштуу өргүү;
3) эмгек акысы сакталбаган өргүү (никени каттоо, баланын төрөлүшү, бала багуу, жакын туугандарынын өлүмү учурларындагы үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча);
4) окуу өргүүсү, иш сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, конференцияларга, семинарларга жана парламенттин жетекчилигинин кабарлоосу боюнча башка иш-чараларга катышуу;
5) тиешелүү документтер менен тастыкталган транспорттук тоскоолдуктар;
6) Төраганын, анын орун басарларынын, тиешелүү фракциялардын лидерлеринин, депутаттык топтордун жетекчилеринин же комитеттердин, комиссиялардын төрагаларынын тапшырмасы;
7) сот жыйналыштарына жана тергөө аракеттерине катышуу.
5-2. Жүйөлүү себепсиз келбей калган депутаттардын тизмелери комитеттин өкүлү тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыя кылынат жана жарыя кылынган күндөн тартып бир күндүн ичинде расмий сайтка жарыяланат.";
24) 153-берененин 5-бөлүгүндө "жана стенограммасы" деген сөздөр алып салынсын;
25) 154-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
26) 155-беренеде:
а) 1-бөлүктө ", стенограммаларын" деген сөз алып салынсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жогорку Кеңештин сайтына маалыматтык материалдарды жайгаштырууну Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери жүзөгө ашырат.";
в) 3-бөлүктө "Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы" деген сөздөр "Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 5-бөлүктө "орун басары" деген сөздөр "орун басарларынын бири" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 6 жана 7-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Аудио жана видеоматериалдар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан даярдалат жана Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.
7. Жогорку Кеңештин расмий сайтын техникалык жактан камсыз кылуу Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлөт.";
27) 157-беренеде:
а) 1 жана 4-бөлүктөрдө "мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарга жана эмгек" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Төраганын кеңешчилери, жардамчылары, басма сөз катчысы жана спичрайтери Төраганын тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Төраганын орун басарларынын, фракциялардын лидерлеринин жана депутаттык топтордун жетекчилеринин кеңешчилери Төраганын орун басарларынын, фракциялардын лидерлеринин жана депутаттык топтордун жетекчилеринин сунушу боюнча Төраганын тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.";
28) 163-берененин 1-1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "2024-жылдын 1-сентябрынан" деген сөздөр "2026-жылдын 1-январынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 99 (3654) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 27-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |