Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-декабры № 780
Үрөн (көчөт) материалын өндүрүүгө жана сатып өткөрүүгө укук алган жеке жана юридикалык жактардын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сактоо тартибин бекитүү жөнүндө
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Үрөн (көчөт) материалын өндүрүүгө жана сатып өткөрүүгө укук алган жеке жана юридикалык жактардын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сактоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А. А. Касымалиев
|