Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2019-жылдын 30-декабры № 731
Автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирдикте Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине 2007-жылы чыгарылган, "Тайху" маркасындагы төмөнкү 3 автобусту белгиленген тартипте өткөрүп берсин:
- кузовунун № LFNJRRDK37W000827;
- кузовунун № LFNJRRDK57W000831;
- кузовунун № LFNJRRDK77W000832.
2. Ош шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке белгиленген тартипте кабыл алуу жана аны жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде күтүүнү камсыз кылуу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик органдарда кайра каттоодон өткөрүү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |