ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2024-жылынын 19-апрели №25
« Ничке-Сай айылында жайгашкан мурунку айыл өкмөтүнүн кеңсесин бала бакча кылуу боюнча сунушун кароо жөнүндө».
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын Ничке-Сай айылында жайгашкан мурунку айыл өкмөтүнүн кеңсесин бала бакчага ыйгаруу боюнча мурунку Ничке-Сай айылдык кеңешинин депутаттарынын жана айыл өкмөт башчысы М.Ө. Сатаровтун сунушун карап чыгып, жана талкуула Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин IX кезексиз IV сессиясы токтом кылат:
- Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Ничке-Сай айылында жайгашкан мурунку айыл өкмөтүнүн кеңсесин бала бакча кылууга берүү сунуш жактырылсын.
- Мурунку иштеп жаткан бала бакча өз ордунда калтырылсын, жаңы ачылган бала бакчага штат бирдигин киргизүү жана керектүү инвентарлар менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Ө. Сатаровко жана айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
- Депутаттардын сунушунун негизинде ачылган жаңы бала бакчага Бекташов Садыкенин наамы ыйгарылсын жана тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Ө. Сатаровко жана айыл өкмөтүнүн Социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Э. Максутовага жүктөлсүн.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К. Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.