Редакцияот 29.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жоош айылдык Кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги 22-сессиясы

 

2024-жылдын 29-февралы № 22/1

 

«Жоош айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин статьялар боюнча бөлүштүрүлүшүн кароо жөнүндө»

 

Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А.Аматованын 2024-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн статьялар боюнча бөлүштүрүлүшү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги 22-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнун статьялар боюнча бөлүштүрүлүшү бекитилсин.

2. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн салык инспекциясына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын. 

 

Жоош айылдык кенешинин төрагасы:

 

И. Ганыев