Редакцияот 29.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жоош айылдык Кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги 22-сессиясы

 

2024-жылдын 29-февралы № 22/3

 

“Ар түрдүү маселелер” жөнүндө

 

Жоош айылдык кенешинин катчысы А.Гайыповдун ар түрдүү маселелер боюнча билдирүүнү угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги 22 -сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн Ак Жар айылындагы “Асфальт-Бетон Груп” ишканасы турган 6,0га жер аянтын, Жоош айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу маселесин чечүүнү, айыл өкмөттүн башчысына жана жер адисине тапшырылсын.

2.Жоош айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысы К.Карабаевдин билдирүүсү боюнча, Бирдик айылына 2,0га жер аянтына себилген чөптүн уругунун айланасын тосуу маселесин чечүү жагы, жайыт комитетинин счетундагы үнөмдөлгөн акчанын эсебинен жүргүзүлсүн.

3. Ак Жар айылынын мектебинин күн чыгыш тарабындагы көчөнүн элинен ат коюп берүү боюнча түшкөн,элдик жыйындын протоколунун жана арызынын негизинде, ошол көчөгө Бердикулов Абдыкеримдин аты коюлсун.

4. Кызыл Кошчу айылындагы №233 контурдагы 0,0412га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү маселесин карап чыгуу, жер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

5. Гайрат, Мамажан айылдарынан келип түшкөн, акча бөлүп берүү маселеси боюнча арыздарды карап чыгуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

6. Коммунизм айылындагы “Бал тамчы” м.ч.б.б.у. уюмунун директору Г.Орчунованын күйүп кеткен ашкананы ондоо, септик, туалет куруу маселелерин чечүү боюнча билдирүүсүнүн негизинде,бала бакча жеке менчик үйдө жайгашкандыктан,бул маселелерди чечүү жагы үй ээсинин эсебинен жургүзүлсүн.

7. Жоош айыл өкмөтүнүн салык инспектору Б.Насырованын билдирүүсү боюнча, бюджетине түшүүчү салыктардын коэфиценттин көтөрүү боюнча

так,тоолук маалымат берилбегендиктен бул маселени кароо кийинки сессияга калтырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияларга тапшырылсын. 

 

Жоош айылдык кенешинин төрагасы:

 

И. Ганыев