ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2024-жылдын 22-январы № II
«2024-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө»
2024-жылга карата бюждеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү маселесин айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын кортундусунун негизинде жана Папан айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Шамурзаеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновдун отчётун угуп, 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин кирешелер боюнча такталган планы 53567,8 миң сом, чыгашалар боюнча такталган планы 53567,8 миң сомго, ошондой эле бюджеттин аткарылган кирешелери 55955,2 миң сомго жана чыгашалары 49591,0 миң сомго бекитилип, кабыл алынсын.
2. 2024-жылга карата Папан айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 43595,5 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен атайын каражатынын кирешелер жана чыгашалары 2475,0 миң сомго бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бир балага тамак аш үчүн 10 (он) сомдон төлөнүп берилсин.
4. Аппарат кызматкерлеринин жалпы- 41 штаттык бирдиги каралсын: анын ичинен башкаруу аппараты -18, айыл башчы-17, ВУС инспектору-3, техникалык тейлөө кызматкери -4 кызматтагы штат бирдиги бекитилсин жана каржылоо жүргүзүлсүн.
5. 2024-жыл ичинде сметага өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Т.Тагаев |