Редакцияот 22.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

 

2024-жылдын 22-январы № V

 

Папан айыл өкмөтүнө караштуу жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясында айыл өкмөттүн 17.01.2024-жылдагы №01-19/29 сандуу катын карап чыгып, Папан айыл өкмөтүнө караштуу №260-контурдагы айыл чарбасына жараксыз Ысмайылов Максатбек Идирисовичтин жеке менчигиндеги 0,90 га жер аянтын "Өнөр жайдын,транспорт, энергетика,байланыштын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) максатына ылайык Папан айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Папан айыл өкмөтүнө караштуу Ош-Ноокат жолунун боюндагы №260-контурдагы айыл чарбасына жараксыз Ысмайылов Максатбек Идирисовичтин жеке менчигиндеги 0,90 га жер аянтына элди арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында көмүр база курууга "Өнөр жайдын,транспорт,энергетика, байланыштын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча макулдук берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына мидеттендирилсин.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана архитектура, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Т.Тагаев