КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 25-декабры № 841-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 643-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттагы "2024-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |