Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 29 ноябрындагы № 7
Жер тилкесин трансформациялоого
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш Бөрү-Баш айылынын тургуну, Джаманкеева Венера Абдыбекованын арызында көрсөтүлгөндөй, Бөрү-Баш айылында жайгашкан №738,759,756 контурунан жалпы аянты 5.0 га болгон жайыт жердин багытын, “Өнөр жай курулуш куруу” багытына которуп берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергилктүү Кеӊеш токтом кылат:
1. Алтын-Арашан айыл аймагынын Бөрү-Баш айылындагы №738, №759, № 756 контурундагы жалпы аянты 5,0 га жайыт жер тилкесин “Өнөр жай курулуш куруу” багытына (трансформациялоого) которууга макулдук берет.
2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев