ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2024-жылынын 19-апрели №27
«Элмирбек Иманалиев айыл аймагы боюнча жергиликтүү жамааттардын коомдук уюмдардын курамын өзгөртүү жана кайрадан түзүү жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына ылайык Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административтик-аймактык реформанын 3-главасынын Жергиликтүү кеңештин кошумча милдеттеринде көрсөтүлгөн жергиликтүү жамааттардын коомдук уюмдардын (аксакалдар кеңеши, аксакалдар соттору, аялдар кеңештери, жаштар уюмдары ж.б.) кайра уюштуруу боюнча ишти координациялоо 4-пунктунун алкагында карап чыгып, жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы токтом кылат:
- Элмирбек Иманалиев айыл аймагы боюнча жергиликтүү жамааттардын коомдук уюмдарынын курамын өзгөртүү жана кайрадан түзүү жагы жактырылсын.
- Кызыл-Өзгөрүш жана Ничке-Сай айыл аймагындагы коомдук уюмдардын мурунку түзүлгөн курамы жокко чыгарылсын.
- Элмирбек Иманалиев айыл аймагында жаңы жамааттык коомдук (аксакалдар кеңеши, аксакалдар соту, аялдар кеңеши. Жаштар уюмдары ж.б.) уюмдарды түзүүдө ар бир айылдын жарандарын тартуу жагы айылдарда жыйналыш өтүү менен жүргүзүлсүн.
- Айыл-айылда жыйналыш өткөрүп коомдук уюмдардын скурамын бекитүү үчүн айыл өкмөтү тарабынан буйрук жана жыйналыш графигин иштеп чыгуу айыл өкмөт башчысы М.Ө. Сатаровко милдеттендирилсин.
- Буйрукка тиешелүү айыл башчылары жана айылдык кеңештин Жергиликтүү өз алдынча өнүктүрүү жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамы тартылсын.
- Бул токтомду көзөмөлдөө Жергиликтүү өз алдынча өнүктүрүү жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.