Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 29 ноябрындагы № 12
Алтын-Арашан айыл аймагында “Алтын-Жылдыз
айыл чарба тазалык ” муниципалдык ишкана ачууга
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш айыл өкмөт башчысы Э.Кулетов Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрь ПЖ №370 “ Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында, 2024-жылдын 28-ноябрь № 01-07/1278 кайрылуу катынын негизинде карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш токтом кылат:
1. Алтын-Арашан айыл аймагынын “Алтын-Жылдыз айыл чарба тазалык” муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берет
2.“ Алтын-Жылдыз айыл чарба тазалык” мунципалдык ишканасын уюштуруу иш кагаздарын даярдоо жана жетекчисин дайындоо маселеси айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин
3. Муниципалдык ишканасын мамлекттик каттодон өткөрүү жагы ишкананынын жетечисине жүктөлсүн
4.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Тѳрага А.Токомбаев