Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 12-апрели № 210
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:
- 1-главанын 13-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин ыйгарым укуктарын ишке ашырат, ушул ыйгарым укуктардын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу;";
- 2-главада:
главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиев";
- 3-главада:
главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э.Торобаев";
1-пунктчада:
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо;";
жетинчи-тогузунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-главанын 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- маалыматтык технологиялар жана санариптик трансформациялоо, электрондук башкаруу, электрондук санариптик кол тамга, электрондук өкмөт, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, жеке маалыматтарды коргоо;
- электр жана почта байланышы;
- каттоо саясаты жана архив иши;";
2) жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 310 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары ишин тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин жалпы жетектейт, анын ишин уюштурат, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын, министрлердин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт жана контролдойт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (туризм чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну кошпогондо);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (бажы чөйрөсүндө укук коргоо иши маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (жазык аткаруу системасы, соттук-эксперттик иш жана пробация маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун;
- "Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институту" мекемесинин;
- Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мамлекеттин катышуу үлүшү бар акционердик коомдордун;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча, Министрлер Кабинетинин карамагындагы мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана алардын бирикмелеринин тейлеген багыттар боюнча;
- белгиленген компетенциянын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн.
Евразия экономикалык бирлигинин маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигин жетектейт, анын ишине жалпы жетекчилик кылат, министрликке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (токой чарбасы маселелери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин;
- "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору" мекемесинин;
- "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча, Министрлер Кабинетинин карамагындагы мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана алардын бирикмелеринин тейлеген багыттар боюнча;
- белгиленген компетенциянын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (туризм чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын (санариптик трансформациялоо маселелери боюнча);
- "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору" мекемесинин;
- "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин;
- "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн;
- "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн;
- "Эркин Тоо" гезитинин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын;
- Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын;
- белгиленген компетенциянын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин башкарат, анын ишин жалпы жетектейт, мамлекеттик комитетке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (токой кызматынын маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (жазык аткаруу системасы, соттук-эксперттик иш жана пробация бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (бажы чөйрөсүндөгү укук коргоо ишинин маселелери боюнча);
- белгиленген компетенциянын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн.".