ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылынын 25-апрели №30
« №35 Ж.Чаргынов мектебине окуучулар тамак ичүүчү ашканасына керектүү эмеректерди сатып алуу долбооруна жергиликтүү бюджеттен 10% өздүк салымын бөлүп берүү жөнүндө».
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы
Л.А. Жунусованын маалыматтын жана айылдык кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комисиясынын чечимин угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы токтом кылат:
- Токтогул өнүктүрүү фондунан жазылган грейдер жана № 35 Ж. Чаргынов атындагы орто мектебинин окуучулар тамак ичүүчү ашканасына керектүү эмеректерди сатып алуу долбоорлору жактырылып ишке ашкандыгын эске алуу менен айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 10 % өздүк салымын бөлүп берүү жагы жактырылсын.
- Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10 % акча каражатын долбоордун өздүк салымына төмөнкүдөй бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына тапшырылсын
- айыл аймагы үчүн грейдер сатып алууга – 500,00 сом
- № 35 Ж.Чаргынов мектебинин ашканасына эмерек алууга - 72, 00 сом
- Бул токтомду ишке ашыруу жагы Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Сатаров Муратбек Өкүшовичке милдеттендирилсин.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комисиясына тапшырылсын.
- Бул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К. Эрмекбаевке жүктөлсүн.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.