ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылынын 25-апрели №31
« Таза суу чыгаруу максатында Жалал-Абад өнуктуруу фонду тарабынан ишке ашкан долбоордун 10% өздүк салымын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жөнүндө ».
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Л.А. Жунусованын маалыматтын жана айылдык кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комисиясынын чечимин угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин IX кезектеги V сессиясы токтом кылат:
- Айыл аймагын таза суу менен камсыз кылуу максатында Жалал-Абад Өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашкан долбоордун өздүк салымына айыл өкмөтүнүн бюджетинен 10% өздүк салым бөлүп берүү жагы жактырылсын.
- Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен таза суу үчүн 984, 00 сом акча каражаты өздүк салымы үчүн бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына тапшырылсын. .
- Бул токтомду ишке ашыруу жагы Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Сатаров Муратбек Өкүшовичке милдеттендирилсин.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.