ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылынын 25-апрели №35
« Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу билим берүү жана билим берүүгө чейинки мекемелеринин жана ооруканалардын азыркы мезгилдеги акыбалы жана уюштуруу иштеринин жүрүшү жөнүндө ».
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюна туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы токтом кылат:
- Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу билим берүү жана билим берүүгө чейинки мекемелеринин жана ооруканалардын азыркы мезгилдеги акыбалы жана уюштуруу иштеринин жүрүшү канаттандырарлык деп табылсын.
- Айыл аймагындагы жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин жана санитардык – гигиеналык акыбалы талаптка жооп берери белгиленсин.
- “Айдарбек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун кызматкерлерин мекеменин уставы менен жакындан тааныштырып иш жүргүзүү жагы мекеменин жетекчиси З.Абдыкаимовага милдеттендирилсин.
- К. Малабашов атындагы ооруканага хирург, гинеколог, инфекционист жана башка медициналык кадрлар менен камсыз кылуу жагы жана керектүү медициналык аппараттар менен камсыз кылуу жагына көңүл бөлүү жагы оорукананын башкы дарыгери Ы.А. Кожокеевага милдеттендирилсин
- Социалдык маселелер, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан көрсөтүлгөн муктаждыктарды карап жыйынтык чыгаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ө. Сатаровко жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
- Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К. Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.