Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) жарандарды аскердик кызматка даярдоо, жарандарды аскердик кызматка чакыруу боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин;
2) аскерге чейинки жана аскерге чакырылуучу курактагы жарандарды аскердик кызматка даярдоо тартибин;
3) жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу, чакырылуучулардын аскердик каттоосун жүргүзүү жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын (мындан ары - аскер комиссариаттар) жарандар тарабынан аскердик каттоо эрежелеринин аткарылышын камсыздоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү тартибин;
4) жарандарды аскердик кызматка чакыруу тартибин;
5) жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу тартибин;
6) жарандарга чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу жана кызматтан бошотуу тартибин.
3. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик, альтернативдик кызматтарга жана аскердик (мобилизациялык) жыйындарга жана мобилизациялоо боюнча чакыруу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилери баш ийген аскердик бөлүктөрдү (мекемелерди) өздүк курам менен комплекттөө үчүн жоопкерчилик тартышат.
Аларга төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) баш ийген аскердик бөлүктөрдү комплекттөө пландарын өз убагында иштеп чыгуу;
2) баш ийген аскердик бөлүктөрдө (мекемелерде) жаш толуктоону кабыл алууну контролдоо жана моралдык, психологиялык сапаттарын, жалпы билимин жана техникалык даярдыгын эсепке алуу менен аларды штаттык кызмат орундар боюнча бөлүштүрүү.
5. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 4-пунктунда каралган тапшырмалардан башка, кошумча төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, аскер комиссариаттарында аскердик каттоону уюштуруу;
2) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу пландарын иштеп чыгуу;
3) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, жарандарды аскердик кызматка даярдоо, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик, альтернативдик кызматтарга жана аскердик (мобилизациялык) жыйындарга жана мобилизацияга чакыруу;
4) жогорку аскердик окуу жайларына талапкерлердин аскер комиссариаттары тарабынан тандалышын контролдоо.
6. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр), башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскердик бөлүктөрүнүн командирлерине (мекемелеринин башчыларына) төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) жаш толуктоону кабыл алууну уюшкандыкта өткөрүү;
2) өздүк курамда жарандык адистиктердин, билими жана башка сапаттары болушун эске алуу менен бөлүкчөлөр, эсептер жана экипаждар боюнча жаш толуктоону бөлүштүрүү;
3) аскердик бөлүккө келген жаш толуктоону материалдык жана тиричилик жактан камсыздоо, анын ден соолугун сактоо жөнүндө күндө кам көрүү жана аскердик тартипти кармоо;
4) аскердик кызматты үгүттөө жана кадыр-баркын жогорулатуу боюнча маалыматтык ишти жүргүзүү, орто жалпы билим берүү уюмдарында окугандар менен жолугушууларды жана алардын аскердик бөлүктөргө (мекемелерге) келүүлөрүн уюштуруу.
7. Аскер комиссариаттарынын аскер комиссарлары (мындан ары - аскер комиссарлары) жарандарды аскердик кызматка даярдоону жетектейт жана жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууну өз убагында өткөрүү үчүн жооп берет.
Аларга төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) жарандардын жана аскер комиссариаттарынын кызмат адамдарынын Мыйзамдын талаптарын аткаруусун контролдоо;
2) жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюуну жүргүзүү;
3) чакыруу курагындагы адамдарды аскердик каттоону жүргүзүү;
4) тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын кароосуна жарандарды аскердик кызматка даярдоо боюнча конкреттүү сунуштарды өз убагында иштеп чыгуу жана берүү;
5) коргонуу спорттук-техникалык коомдун окуу уюмдарында жана кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларында Куралдуу Күчтөр үчүн зарыл болгон адистердин даярдалышына контролдоо жүргүзүү;
6) жарандарды алгачкы аскердик каттоого, аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууга тартылган медициналык, техникалык кызматчыларды жана тейлөө персоналын тандоо жана даярдоо, аларды тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына бекитүүгө берүү;
7) жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууну белгиленген мөөнөттө уюштуруу жана өткөрүү.
2-глава. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо
8. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жаштарды аскерге чейинки даярдоону;
2) аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоону;
3) орто жалпы билим берүү уюмдарында кошумча билим берүү программалары боюнча аскердик даярдоону;
4) медициналык профилдеги жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын аскердик кафедраларында запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоону;
5) дене тарбиялык даярдоону, дарылоо-ден соолукту чыңдоо ишин, аскердик-мекенчилдикке тарбиялоону.
9. Орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүүчү окуу программаларын, техникалык жана кесиптик билим берүүнүн кесиптик окуу программаларын ишке ашырган билим берүү уюмдарында (мекемелеринде) жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоону уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
10. Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоонун өткөрүлүшүн коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, тиешелүү аскер комиссариаттары жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдойт.
Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоону жүзөгө ашырган юридикалык жактарга төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) жаштарды аскерге чейинки даярдоонун абалын баалоо;
2) даярдоону жакшыртуу боюнча иш-чаралар пландарын түзүү жана аларды жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына кароого берүү;
3) жаштарды аскерге чейинки даярдоонун окутуучулары менен окуу-методикалык жыйындарды жана нускоочулук сабактарды өткөрүү;
4) аскердик бөлүктөр менен биргелешкен жыйындарда билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жардам берүү;
5) ок атууларды уюштуруу, пландоо жана өткөрүү;
6) жаштарды аскерге чейинки даярдоону өткөрүүнүн белгиленген каттоосун жүргүзүү.
11. Жарандарды аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо коргонуу спорттук-техникалык коомунун окуу мекемелеринде жана кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларында өткөрүлөт.
12. Аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоого аскердик кызматка ден соолугунун абалы боюнча жарамдуу болгон, 17 жаштагы жана андан улуу курактагы, анын ичинде контракт боюнча кызмат өтөөгө каалоосун билдирген жарандар жиберилет.
13. Адистиктердин тизмегин жана даярдоо программасын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
14. Куралдуу Күчтөр үчүн адистерди даярдоону пландоо коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечимине ылайык жүргүзүлөт, анын негизинде бар болгон чакыруучуларды жана Куралдуу Күчтөрдүн запасына аларды топтоо үчүн адистиктерге муктаждыгын эсепке алуу менен адистерди даярдоо үчүн коргонуу спорттук-техникалык коомунун окуу уюмдарына жана кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларына наряддар бөлүштүрөт.
15. Коргонуу спорттук-техникалык коомунун окуу уюмдары жана билим берүү бөлүмдөрүнүн кесиптик-техникалык билим берүү башкармалыктары наряддын негизинде Куралдуу Күчтөр үчүн адистерди даярдоону пландайт, бул маселе боюнча чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына кароого берет.
16. Аскердик-техникалык адистиктер боюнча коргонуу спорттук-техникалык коомунун окуу уюмдарында жана орто кесиптик-техникалык лицейлерде (окуу жайларына) даярдоодон өткөн чакыруу курагындагы жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик кызматка чакырылууга тийиш.
17. Дене тарбиялык даярдоо, дарылоо-ден соолукту чыңдоо иштери дене тарбиялык-спорттук уюмдары, саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат; аскерге чейинки чакырылуучуларды жана чакырылуучуларды аскердик-мекенчилдикке тарбиялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
18. Аскерге чейинки чакырылуучу жана чакырылуучу курактагы жарандарды дене тарбиялык даярдоо дене тарбиялык даярдоо программаларына ылайык жалпы билим берүү мектептеринде жана башка дене тарбиялык-спорттук уюмдардын окуу жайларында өткөрүлөт.
19. Дарылоо-ден соолукту чыңдоо иштери аскердик кызматты өтөөгө тоскоолдук кылган же аскердик кызматка жарамдуулук даражасын чектеген оорусу бар адамдарды өз убагында аныктоо жана аларды дарылоо үчүн чараларды көрүү максатында саламаттык сактоо уюмдары тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт.
Дарылоо-ден соолукту чыңдоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле дарылоо-ден соолукту чыңдоо иштерине муктаж болгон бардык жарандарды бул иш-чараларга толук тартуу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлөт.
Саламаттык сактоо уюмдарынын дарылоо-ден соолукту чыңдоо иштери жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жетекчилигинин алдында уюштурулат.
20. Аскердик-мекенчилдикке тарбиялоо - жарандардын эл үчүн бекем туруу жана берилгендик духунда жана Мекенди коргоого даяр болууга тарбиялоо максатында уюштурулат.
Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аскер комиссариаттары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жарандарды аскердик-мекенчилдикке тарбиялоо боюнча иштерди жүргүзөт.
Аскер комиссариаттары аскердик-мекенчилдикке тарбиялоону жакшыртуу боюнча сунуштарды тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга берет.
3-глава. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу
21. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу Кыргыз Республикасынын аскердик кызмат жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
22. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу төмөнкүдөй максатта жүргүзүлөт:
1) жарандарды аскердик каттоого коюу;
2) алардын санын аныктоо;
3) аскердик кызматка жарамдуулугун жана ден соолугунун абалын аныктоо;
4) жалпы билим деңгээлин жана адистигинин бардыгын аныктоо;
5) Куралдуу Күчтөрдүн аскер бөлүктөрү жана мекемелери боюнча чакырылуучуларды алдын ала бөлүштүрүү;
6) аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо жана аскердик окуу жайларга тапшыруу үчүн талапкерлерди тандоо.
23. Алгачкы аскердик каттоого райондун (шаардын) аймагында туруктуу же убактылуу жашаган, жазасын өтөп жаткан, чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан тышкары жарандар турууга тийиш. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу жыл сайын төмөндөгүдөй мезгилде жүргүзүлөт:
- ушул жылдын декабрь айында - келе турган жылы 16 жашка толо турган өспүрүмдөр;
- келе турган жылдын январь-февраль айларында - алгачкы аскердик каттоого турган жылы 16 жашка толо турчу өспүрүмдөр.
24. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу, алардын туруктуу жана убактылуу жашаган жери боюнча мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аскер комиссариаттары аркылуу жүргүзүлөт.
Бул үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечими менен курамында төрага - аскер комиссары жана комиссиянын мүчөлөрү - дарыгерлер: хирург, терапевт, невропатолог, психиатр, окулист, отоларинголог, дерматолог-венеролог, фтизиатр жана стоматолог, ошондой эле катчы болгон жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссия түзүлөт.
25. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюудан мурда аскер комиссарлары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) 1-ноябрга чейин:
- райондун (шаардын) статистикалык башкармалыгында чакырылуучуларды алгачкы аскердик каттоого коюу жүктөлгөн жана үйлөрдү эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу кварталдык комитеттердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле менчиктин түрүнө, ведомстволук таандыгына карабастан ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин (мындан ары - ишканалар) жана билим берүү мекемелеринин тизмесин тактоого;
- бул уюмдардан жана мекемелерден алгачкы аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандардын тизмесин талап кылууга;
- жер-жерлерге чыгуу же тиешелүү адамдарды чакыруу менен ишканалардын, уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин кадрлар бөлүмүнөн алынган алгачкы аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандардын иштеген же окуган жери боюнча түзүлгөн тизмесин текшерүүгө;
2) 15-ноябрга чейин алгачкы аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандарга карата төмөнкүлөрдү талап кылууга:
саламаттык сактоо уюмдарынан төмөнкү тизмелерди:
- нервдик-психикалык оорулар, кургак учук, тери-венерологиялык жана инфекциялык оорулар, трахома боюнча диспансердик каттоодо турган адамдардын;
- алкоголдук ичимдиктерди көп ичкен жана баңги заттарды колдонгон адамдардын;
- ички органдардын, сөөктөрдүн, булчуңдардын, муундардын өнөкөт оорусу бар адамдардын тизмесин жана оору жөнүндө таржымалынан көчүрмөсүн;
- стационардык (амбулатордук) текшерүүгө же дарыланууга муктаж болгон аскерге чейинки чакырылуучу жана чакырылуучу курактагы жарандар текшерүүгө же дарыланууга бекитилүүчү дарылоо-профилактикалык мекемелердин тизмесин;
социалдык коргоо бөлүмдөрүнөн - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген деп таанылган адамдардын тизмесин;
көмөкчү мектептерден (интернаттардан) - медициналык-педагогикалык мүнөздөмөлөрдү;
укук коргоо органдарынан - кылмыш жоопкерчилигине тартылган, тергөөдө, сотто турган, коомго каршы тартиби үчүн ички иштер органдарына чакырылган адамдардын тизмесин;
3) 30-ноябрга чейин:
- берилген тизмелердин негизинде, алгачкы аскердик каттоого коюуга тийиш болгон жарандардын жалпыланган тизмесин түзүүгө;
- алгачкы аскердик каттоого коюуга тийиш болгон жарандардын өздүк делолорун даярдоого;
- жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча пландалган иш-чаралар жөнүндө тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын маалымдоого жана аскер комиссариаттарын бул ишти жүргүзүү үчүн талаптарга жооп берген жабдылган жайлар, керектүү сандагы техникалык жумушчулар, тейлөө персоналы жана жарандарды кабарлоо жана издөө, алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссиядан өтүү үчүн аскер комиссариаттарына жарандардын уюшкандыкта келүүсү үчүн транспорт менен камсыздоо боюнча сунуштарды алардын дарегине жөнөтүүгө.
26. Аскер комиссариаттары:
- жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу пландарын иштеп чыгат;
- жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу үчүн чакыруу мөөнөтүн аныктайт;
- жарандарды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн дарыгер-адистерди тандоону жүзөгө ашырат;
- жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюуну уюшкандыкта өткөрүүнү камсыздоо үчүн керектүү сандагы техникалык кызматкерлерди, тейлөө персоналын жана транспортту бөлүп берүүгө эсептөөлөрдү иштеп чыгат;
- жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюуну өткөрүү үчүн тартылган адамдар менен нускоочулук-методикалык сабактарды өткөрүү мөөнөтүн аныктайт.
27. Алгачкы аскердик каттоого коюу үчүн алардын келүүсү жөнүндө жарандарды кабарлоо аскер комиссарларынын буйруктары менен жүргүзүлөт. Буйруктар жыл сайын 25-ноябрдан кечиктирилбестен чыгарылышы керек. Алгачкы аскердик каттоого коюу үчүн жарандардын келүүсүнүн так мөөнөтү аскер комиссарлары тарабынан чакыруу кагаздарында белгиленет.
Чакыруу кагазы жарандын жеке өзүнө же анын ата-энесине, аялына кол койдуруу менен аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары же иштеген (окуган) жери боюнча жетекчисине, уюмдардын кызмат адамдарына (кызматкерлерине) жана башка аскердик-каттоо ишине жооптуу кызмат адамдарына берилет.
Жарандын жеке өзүнө же анын ата-энесине, жубайына кол койдуруу менен чакыруу кагазын берүү мүмкүн болбосо, ошондой эле ал келбей койгон учурда, жаранды алгачкы аскердик каттоого коюу үчүн келүүсүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же ички иштер органдары камсыздайт.
Аскер комиссары бардык жарандардын алгачкы аскердик каттоого коюуга аскер комиссарынын буйругунда же чакыруу кагазында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө келүүсүн контролдоого милдеттүү.
28. Алгачкы аскердик каттоого коюу үчүн жеке өзү келүүдөн оор оорулар менен ооруган же өз алдынча басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдар гана бошотулат, бул тиешелүү саламаттык сактоо уюмдарынын же медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) маалымкаты менен тастыкталышы керек.
Алгачкы аскердик каттоого туруу үчүн белгиленген мөөнөттө келбей коюунун жүйөөлүү себептери болуп жарандын алгачкы каттоого жеке келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан оорусу жана табигый мүнөздөгү окуялар эсептелет, бул жашаган жери боюнча саламаттык сактоо органы, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы же ички иштер органы тарабынан тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлүшү керек.
29. Алгачкы аскердик каттоого коюу үчүн чакырылган жарандар медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Алардын аскердик кызматка жарактуулугу медициналык көрсөткүчтөр боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү (тынчтык жана согуш мезгилинде) жөнүндө жобонун (мындан ары - Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобо) талаптарына ылайык жекече баа берүү методу менен аныкталат.
30. Медициналык күбөлөндүрүү аяктагандан кийин чакырылуучунун өздүк делосуна анын аскердик кызматка жарактуулугунун даражасы, кошумча медициналык текшерүүгө жөнөтүлгөндүгү, аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жарактуу эместиги жөнүндө жана кошуундар, аскердик бөлүктөр боюнча дайындалышынын чектөөлөрү тууралуу корутунду жазылат. Мындан тышкары, күбөлөндүрүү датасы коюлат жана дарыгер-адистердин колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
31. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссиянын протоколдор китебине аскердик каттоого кабыл алынган бардык жарандар, жогорку курактагы жарандар, ошондой эле оор оорулар менен ооруп, оорусунун айынан алгачкы каттоого өзү келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон адамдар да кошо жазылат.
МСЭК тарабынан бала кезинен майып, I, II же III топтун майыптары деп таанылган жарандар кошумча медициналык текшерүүгө жиберилбейт. Алардын аскердик кызматка жараксыздыгы жөнүндө чечим МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн негизинде кабыл алынат.
32. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссия медициналык күбөлөндүрүүнүн натыйжаларынын, үй-бүлөлүк абалынын, адистигинин жана билиминин бар болушунун негизинде төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат, бул чечим протоколдор китебине жазылат:
- "Аскердик кызматка жарактуу, (Куралдуу Күчтөрдүн органы көрсөтүлсүн) ... дайындалат";
-"Аскердик кызматка жарактуу, ... (диний ынанымдары, үй-бүлөлүк абалы) боюнча альтернативдик кызматка укуктуу";
- "Альтернативдик кызматка жарактуу, ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражасы бар";
-"Тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш мезгилинде чектөөлөр менен жарактуу";
- "Аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз".
Ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматка жарактуу деп таанылган же аскердик кызматка жараксыз деп таанылган жарандар аскер комиссариаты тарабынан эске алынат, алар жөнүндө маалыматтар Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо белгиленген формалар боюнча саламаттык сактоо уюмдарына берилет.
33. Аскер комиссары жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу процессинде чакырылуучуларды төмөнкү категориялар боюнча аныктоого милдеттүү:
- аскердик кызматка жарактууларды;
- альтернативдик кызматка (диний ынанымдары, үй-бүлөлүк абалы боюнча) укуктуу аскердик кызматка жарактууларды;
- ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражасы бар альтернативдик кызматка жарактууларды;
- кошумча медициналык текшерүүгө муктаж болгондорду;
- тынч убакта ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз, согуш мезгилинде чектөөлөр менен жарактууларды;
- аскердик каттоодон чыгаруу менен ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыздарды;
- аскердик кызматка жарактуу жана аскердик окуу жайларына тапшырууга каалоосун билдиргендерди.
34. Келбеген адамдарга карата келбей калуунун себептери аныкталат жана аларды кайра чакыруу же издөө боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.
35. Аскердик каттоого коюлган жарандарга (аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылган адамдардан тышкары) аскердик каттоого коюлгандыгы жөнүндө күбөлүк жана идентификациялык аскердик күбөлүк берилет. Электрондук сактагычтагы идентификациялык аскердик күбөлүктө аскерге милдеттүүнүн (чакырылуучунун) анкеталык маалыматтары, анын жеке идентификациялык номери жана аскердик-каттоо маалыматтары, анын медициналык күбөлөндүрүүдөн, аскердик кызматтан, жыйындардан, мобилизациядан өткөндүгү, аскердик каттоого алынгандыгы жана чыгарылгандыгы жөнүндө маалыматтар сакталат. Идентификациялык аскердик күбөлүктүн сыпатталышы жана үлгүсү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүк жана идентификациялык аскердик күбөлүк берүү ведомосту боюнча жеке кол койдуруу менен берилет.
Күбөлүктү тапшырууда аскер комиссары же чакыруу бөлүмчөсүнүн башчысы жарандарга аскердик каттоо эрежелерин сактоо боюнча алардын милдеттерин, аталган эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө даярдоо тартиби жөнүндө түшүндүрүп бериши керек.
Жаран аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүктү жана идентификациялык аскердик күбөлүктү жоготуп алган учурда ага күбөлүктүн дубликаты берилет. Күбөлүктүн дубликаты жарандын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча берилет, анда күбөлүктүн жоголгон жагдайлары көрсөтүлөт.
36. Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөн жана аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылган жарандарга алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссиядан өткөндөн кийин белгиленген тартипте аскердик билет берилет.
Аскердик билетти тариздөө жана берүү үчүн негиз болуп, алгачкы каттоого коюу боюнча комиссиянын протоколдор китебинен көчүрмө саналат.
37. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча иштер аяктагандан кийин аскер комиссарлары 10 күндүк мөөнөттө төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аскердик каттоого коюлган жарандардын аскер комиссариаттарында бар болгон каттоо маалыматтарын, чакырылуучуларды алгачкы аскердик каттоого коюу жүктөлгөн жана үйлөрдү, ишканаларды жана билим берүү мекемелерин эксплуатациялоо жүргүзгөн кварталдык комитеттердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каттоо маалыматтары менен салыштырып текшерүүгө, ошондой эле алгачкы аскердик каттоого коюуга тийиш болгон бардык жарандардын толук катталгандыгына ынанууга;
- чакырылуучулардын аскер комиссариаттарында жазылган өздүк делолорун алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссиянын протоколдор китебинин, алфавиттик-каттоо китебинин жана жыйынтыкталган тизменин маалыматтары менен салыштырып текшерүүгө;
- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү, жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу жөнүндө отчет түзүүгө;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюунун жыйынтыктары жөнүндө маалымдоого жана аларга чакырылуучуларды Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө даярдоо боюнча иш-чаралар планын бекитүүгө берүүгө.
38. Отчетторду алгандан кийин коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аскер комиссариаттарында жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюунун жыйынтыктарын, аскердик каттоого коюлган жарандардын санын жана комиссиялардын чыгарылган чечимдеринин тууралыгын текшерүүнү уюштурат жана жүргүзөт.
4-глава. Чакырылуучуларды аскердик каттоо
39. Чакырылуучуларды аскердик каттоо аскер комиссариаттары тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алардын жашаган жери боюнча жүргүзүлөт. Кээ бир калктуу конуштарда аскер комиссариаттары жок болгон учурда, аскердик каттоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары камсыздайт. Ишканаларда жана мекемелерде чакырылуучуларды каттоо өздүк карточкалары боюнча жүргүзүлөт.
Чакырылуучуларды аскердик каттоону жүргүзүүнү жалпы жетектөө коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, шаарлардын жана райондордун аймагынын чегинде - тиешелүү аскер комиссариаттары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жүзөгө ашырылат.
40. Аскердик каттоонун негизги милдеттери болуп тейленип жаткан аймакта жашаган чакыруу курагындагы бардык жарандарды аныктоо, алардын санын жана сапаттык мүнөздөмөсүн аныктоо, ошондой эле жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга уюшкандыкта чакырууну камсыздоо, Кыргыз Республикасынын аскердик кызмат жаатындагы мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын контролдоо эсептелет.
41. Чакырылуучуларды аскердик каттоо Кыргыз Республикасынын жарандарына паспортторду (ID-карта) берүүнүн тартибин эске алуу менен жүргүзүлөт.
42. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана аскер комиссарлары, алар тейлеп жаткан аймакта жашаган чакырылуучуларды аскердик каттоону уюштуруу, толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
Аскер комиссарлары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- чакырылуучуларды каттоону жүргүзүүгө, чакырылуучуларды өз убагында аскердик каттоого алууга жана аларды каттоодон чыгарууга;
- чакырылуучулардын аскердик-каттоо документтерине үй-бүлөлүк абалы, ден соолугунун абалы, билими, адистиги, иштеген жери, жашаган жеринин дареги өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматты жана башка маалыматтарды тактоого жана өз убагында киргизүүгө;
- аскердик-каттоо иштерин аткарган адамдарды окутууга;
- кварталдык комитеттерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле ишканаларда жана билим берүү мекемелеринде чакырылуучуларды каттоонун абалын жылына бир жолудан кем эмес текшерүүгө, алардын каттоо маалыматтарын аскер комиссариаттарынын маалыматтары менен ар дайым салыштырып текшерүүгө;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына чакырылуучуларды аскердик каттоонун абалы жөнүндө маалымдоого, зарыл болгон учурда аны жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө.
43. Аскер комиссариаттарында аскердик каттоо чакырылуучулардын алфавиттик-каттоо китептери жана өздүк делолору боюнча жүргүзүлөт. Кварталдык комитеттерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле ишканаларда жана билим берүү мекемелеринде чакырылуучуларды аскердик каттоо тизмелер боюнча жүргүзүлөт.
Чакыруулардын тизмелериндеги, каттоо-алфавиттик китептериндеги жана өздүк делолорундагы бардык жазууларда жана белгилерде жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссиялардын жана чакыруу комиссияларынын тийиштүү чечимдерине, түшүрүлгөн жазуулардын жана белгилердин тууралыгын жана негиздүүлүгүн тастыктаган буйруктардын, директивалардын жана башка расмий документтердин номерлерине жана даталарына шилтемелер болушу керек.
Алгачкы аскердик каттоого коюуда жарандар жөнүндө маалымат алфавиттик-каттоо китептерине жазылат, алар аскер комиссариаттарында сакталат. Жарандар 25 жашка чыкканда алфавиттик-каттоо китеби архивге сактоого өткөрүп берилет.
Бар болгон чакырылуучу ресурстарды оперативдүү каттоо үчүн аскер комиссариатында аскердик каттоодо турган чакырылуучулардын кыймылдарын каттаган журнал жүргүзүлөт.
44. Кварталдык комитеттерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле ишканаларда жана билим берүү мекемелериндеги чакырылуучуларды каттоонун аныктыгы үчүн жоопкерчиликти тиешелүү жетекчилер, ал эми аскер комиссариаттарында - аскер комиссарлары тартышат. Чакырылуучуларды аскердик каттоо боюнча бардык документация так отчеттуулуктагы документация (документтер) катары сакталышы керек. Көрсөтүлгөн документтерди алуу укугу чектелген адамдарга жана ушул документтер менен түздөн-түз иштеп жаткан адамдарга гана уруксат берилиши керек.
45. Аскер комиссариаттарында чакырылуучулардын өздүк делолорунан төмөнкү картотекалар түзүлөт:
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгондордун;
- альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш болгондордун (диний ынанымы же ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражасы барлардын);
- альтернативдик кызматты өтөөгө укугу барлар (үй-бүлөлүк абалы боюнча);
- тынч убакта ден-соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектөөлөр менен жарактуу деп таанылгандардын;
- чакыруу күнүндө 18 жашка толбогондордун;
- чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ болгондордун (анын ичинде мөөнөтүн кийинкиге калтыруунун мүнөзү боюнча: "ден-соолугунун абалы боюнча", "билим алууну улантуу үчүн" ж.б.);
- аскер комиссариаттарынан жаңы жашаган жери боюнча өздүк делолорду жөнөтүү боюнча суроо-талаптар келбеген, республиканын ичиндеги жаңы жашаган жерине кетүүсүнө байланыштуу жана башка негиздер боюнча аскердик каттоодон чыгарылган чакырылуучулардын;
- аскердик каттоодон чыкпастан туруктуу жашаган жеринен тышкары кеткендердин;
- кылмыш иштери же укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жаткан, ошондой эле кылмыш иши же укук бузуулар жөнүндө иш сот тарабынан каралып жаткан адамдардын;
- учурдагы жылда аскердик каттоого алгачкы коюлгандардын;
- мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдиргендердин.
Жогоруда көрсөтүлгөн ар бир картотекалардагы өздүк делолор чакырылуучулардын туулган жылы боюнча бөлүштүрүлөт, ал эми алардын ичинде болсо - алфавит боюнча так бөлүштүрүлөт жана документтердин сакталышын камсыз кылган жабдылган шкафтарда сакталат.
46. Чакырылуучу курактагы жарандар чакырылуучулардын аскердик каттоосуна турууга тийиш, эгерде алар:
- белгиленген мөөнөттөрдө алгачкы аскердик каттоого туруу боюнча комиссиядан өтүшсө;
- жаңы жашай, иштей же окуй турган жерге республиканын башка райондорунан келишсе;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ) атайын каттоосунан чыгарылса (ИИМдин окуу жайларынан чыгарылса);
- мурда чакырылуучулардын аскердик каттоосунда турбаса;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышса;
- ден соолугунун абалы боюнча мурда аскердик кызматка жараксыз, согуш мезгилинде чектөөлөр менен жарактуу деп табылып, бирок медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өткөндөн кийин аскердик кызматка жарактуу деп табылса;
- мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдиришсе (мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн жана медициналык кайра күбөлөндүрүү боюнча комиссия тарабынан аскердик кызматка жарактуу деп таанылгандар).
47. Чакырылуучуларды аскердик каттоого кабыл алуу төмөнкү тартипте аткарылат:
1) белгиленген мөөнөттө алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссияны өткөн жарандар алгачкы аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандардын тизмесинин, чакырылуучулардын өздүк делолорунун жана алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссиянын протоколдор китебинин негизинде аскердик каттоого кабыл алынышат;
2) жаңы жашай, иштей же окуй турган жерге келген чакырылуучулар жашаган жери боюнча жеке өздөрү аскер комиссариатына келишет жана келүү баракчасын же каттоодо турган карточкасын (үй китебин), жашаган жеринен маалымкатты, иштеген же окуган жеринен маалымкатты беришет. Аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүктө аскердик каттоого кабыл алынгандыгы жөнүндө белги коюлат жана чакырылуучунун маалыматтары каттоо-алфавиттик китебине киргизилет;
3) ИИМдин окуу жайларынан чыгарылган курсанттар, эгерде алар ИИМдин жогорку окуу жайларына өткөнгө чейин аскердик кызматты өтөбөсө, чакырылуучулардын каттоосуна кабыл алынат жана жалпы негиздерде аскердик кызматка чакырылууга тийиш.
Көрсөтүлгөн категориядагы жарандарды аскердик каттоого кабыл алуу ИИМдин окуу жайынын жазма буйругунун негизинде белгиленген тартипте аткарылат.
Жетишпегендиги, окууга каалоосу жоктугу же тартипсиздиги үчүн аскердик-окуу жайынан чыгарылган курсанттар, эгерде алар мөөнөттүү аскер кызматынын белгиленген мөөнөтүн өтөбөгөн болсо, мөөнөттүү аскер кызматынын белгиленген мөөнөтүн өтөө үчүн аскердик бөлүктөргө жиберилет.
Ден-соолугунун абалы боюнча аскердик-окуу жайынан чыгарылган (аскердик кызматка жараксыз деп таанылган) курсанттар аскерге милдеттүүлөрдүн аскердик каттоосуна коюу үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариатына жиберилет;
4) чакырылуучулардын аскердик каттоосунда мурда турбаган чакырылуучу куракка чейинки жана чакырылуучу курактагы жарандар жеке өздөрү аскер комиссариатына келишет жана аскер комиссарынын атына аскердик каттоого коюу жөнүндө арыз беришет. Аскер комиссары же анын орун басары жарандын өз убагында аскердик каттоого коюлбагандыгынын себеби боюнча териштирүү жүргүзүшөт жана териштирүүнүн натыйжасы боюнча аны аскердик каттоонун эрежесин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартышат. Алар алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча медициналык комиссиядан же чакыруу комиссиясынан өтүшөт. Алгачкы аскердик каттоого туруу мезгилинде эмес же чакырууну өткөрүүнүн ортосундагы мезгилде аскер комиссариатына келген жарандар жашаган жери боюнча саламаттык сактоо органдарында медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
Жаранга чакырылуучунун өздүк делосу ачылат, анын маалыматтары учурдагы жылда алгачкы каттоого алынгандардын кошумча тизмесине, кошумча протокол ачуу менен бирге учурдагы жылда аскердик каттоого алгачкы коюунун протоколдор китебине жана каттоо-алфавиттик китебине жазылат. Чакырылуучуга аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүк берилет;
5) башка мамлекеттерден жаңы жашаган жерине келген жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган чакырылуучу курактагы адамдар жеке өздөрү аскер комиссариатына келишет жана аскер комиссарынын атына аскердик каттоого коюу жөнүндө арыз беришет. Мындан сырткары, аларга Кыргыз Республикасынын жарандыгы берилгендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынан көчүрмөнү жана жашаган жеринен маалымкатты беришет;
6) мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызмат өтегөн, медициналык кайра күбөлөндүрүү боюнча комиссия тарабынан аскердик кызматка жарактуу деп таанылган жана мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдирген жарандар аскер комиссарынын атына каттоого коюу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылышат. Чакырылуучулар жөнүндө маалымат каттоо-алфавиттик китебине киргизилет жана алар мобилизациялык резервдин жыйындарынан жалпы негизде өтүү үчүн кабыл алынат;
7) кезектеги чакыруу мезгилинде райондун (шаардын) аймагында убактылуу жашаган катары аныкталган жана аскердик каттоого турбаган, бирок башка аскер комиссариатында аскердик каттоодо турган чакырылуучулар убактылуу жашаган жери боюнча аскер комиссариатында аскердик каттоого алынат. Аларга өздүк делолордун дубликаттары ачылат жана алар убактылуу жашаган жери боюнча чакыруу комиссиясына жиберилет. Аларды мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууда чакырылуучунун маалыматтары каттоо-алфавиттик китебине жазылат, туруктуу катталган жери боюнча аскер комиссариаттарына протоколдор китебинен жана аскердик бөлүктөргө жиберилгендердин аты жазылган тизмелерден көчүрмөлөр жиберилет. Аталган көчүрмөлөрдү алгандан кийин каттоо-алфавиттик китебине тийиштүү жазуулар жазылат, ал эми өздүк делолор чакыруу комиссиясынан өтө турган жер боюнча аскер комиссариатына жиберилет.
Мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынган, бирок наряддын аткарылышына байланыштуу аскердик бөлүктөргө жиберилбеген жарандардын өздүк делолорунун дубликаттары белгиленген тартипте жок кылынат, ал эми туруктуу катталган жери боюнча аскер комиссариаттарына чакырылуучунун өздүк делосуна кошуу үчүн протоколдор китебинен көчүрмөлөр жиберилет;
8) аскердик ант бергенге чейин аскер бөлүгүнөн кайтып келген жарандар кайрадан чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн топтоо пункттарынын жолдомолору боюнча аскер комиссариаттарына келишет. Чакыруу комиссиясы аскер бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык дарылоо уюмдары же гарнизондук госпиталдар тарабынан берилген оорусу бар экендигин ырастаган медициналык документтеринин негизинде тереңдетилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү жана кезектеги чакыруу бүткөнгө чейин белгиленген тартипте тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн аларды дарылоо-профилактикалык мекемелерине жиберет.
Аскер комиссарынын мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө буйругуна аскердик бөлүктөн кайтып келген жарандын чакырылуусун жокко чыгаруу жөнүндө өзгөртүү киргизилет. Аскер комиссарынын буйругунун көчүрмөсү Республикалык чакыруу комиссиясына жана чакырылуучу кайтып келген аскердик бөлүккө аны аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу үчүн берилет.
Аскердик бөлүктөргө жиберилгендердин аты жазылган тизмелерде Республикалык чакыруу комиссиясынын төрагасынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлгөн, аскер бөлүгүнөн кайтарылгандыгы жөнүндө белгилер коюлат.
Тийиштүү протоколдор китептеринде белгиленген тартипте мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу белги коюлат.
Каттоо-алфавиттик китептеринде мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө мурда коюлган белгилер аскер комиссариатынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп жокко чыгарылат, ал эми жарандын маалыматтары белгиленген тартипте кайрадан жазылат;
9) мурда альтернативдик кызматка чакырылган, бирок кызматтын мөөнөтү аяктаган убакытта төгүмдүн белгиленген өлчөмүн төлөө боюнча карызы бар экендигине байланыштуу аларды чакыруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган жарандар аты жазылган тизме боюнча аскердик каттоого алынат.
Альтернативдик кызматтын кызматчыларынын өздүк делолоруна аскер комиссариатынын мөөрү менен күбөлөндүрүү аркылуу чакырууну жокко чыгаруу жөнүндө белги коюлат.
Тийиштүү протоколдор китептеринде белгиленген тартипте альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу белги коюлат.
Каттоо-алфавиттик китептеринде альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө мурда коюлган белгилер аскер комиссариатынын мөөрү менен күбөлөндүрүү аркылуу жокко чыгарылат, ал эми жарандын маалыматтары белгиленген тартипте кайрадан жазылат.
48. Чакырылуучу курактагы жарандар төмөнкү учурларда чакырылуучулардын аскердик каттоосунан чыгарылууга тийиш:
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылса жана аскердик бөлүктөргө жиберилсе;
- альтернативдик кызматка чакырылса;
- тынч убакта ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз, согуш мезгилинде чектөөлөр менен жарактуу деп таанылса;
- аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылса;
- Кыргыз Республикасынын чегинде жаңы жашаган, иштеген же окуган жерине кетип жатса;
- республиканын чегинен тышкары жаңы жашаган жерине кетип жатса;
-ИИМдин атайын каттоосуна өткөрүп берилсе (ИИМдин окуу жайларына кабыл алынса);
- жогорку аскер-окуу жайларына кабыл алынса;
- соттолсо;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкса;
- 25 жаш курагына жетсе;
- Кыргыз Республикасынын жарандык жогорку окуу жайларынын аскер факультеттеринде жана кафедраларында окуп жатканда аскердик жыйындардан өтсө;
- каза болсо же сот тарабынан дайынсыз жоголгон деп таанылса;
- мобилизациялык резервдин жыйындарына киргизилсе.
49. Чакырылуучуларды аскердик каттоодон чыгаруу төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:
1) аскердик кызматка чакырылган жана аскердик бөлүктөргө жана мекемелерге жиберилген жарандар чакыруу комиссиясынын протоколунун жана команда түзүлгөн жер боюнча аскер комиссары же жыйноо пунктунун башчысы тарабынан күбөлөндүрүлгөн аты жазылган тизменин негизинде чакырылуучулардын каттоосунан чыгарылат. Каттоо-алфавиттик китебине аскердик кызматка чакырылгандыгы жөнүндө тийиштүү жазуу жазылат, өздүк дело архивге өткөрүлүп берилет;
2) альтернативдик кызматка чакырылган жарандар чакыруу комиссиясынын протоколунун жана аскер комиссары тарабынан бекитилген аты жазылган тизменин негизинде чакырылуучулардын каттоосунан чыгарылат. Каттоо-алфавиттик китебинде альтернативдик кызматка чакырылгандыгы жөнүндө тиешелүү белги коюлат, өздүк делосу альтернативдик кызматтын кызматчыларынын өздүк делолорунун картотекасына берилет;
3) чакыруу комиссиялары тарабынан тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш мезгилинде чектөөлөр менен жарактуу деп таанылган жарандар чакыруу комиссиясынын чечиминин негизинде каттоодон чыгарылат;
4) аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп чакыруу комиссиялары тарабынан таанылган жарандар чакыруу комиссиясынын чечиминин негизинде каттоодон чыгарылат;
5) республиканын чегинде жаңы жашаган, иштеген же окуган жерине кетип жаткан жарандар жеке өздөрү аскер комиссариатына келет жана аскер комиссарынын атына аскердик каттоодон чыгаруу жөнүндө арыз берет. Каттоодон чыгаруу үчүн негиз болуп чакырылуучу кайсы жакка кетип жаткандыгы көрсөтүлгөн жашаган жеринен маалымкат жана кетүү баракчасы саналат, ал эми республиканын башка аскер комиссариатына кетип жаткан чакырылуучулардын өздүк делолору суроо-талап (алфавиттик карточка) алынгандан кийин чакырылуучулар кеткен ошол аскер комиссариаттарына жиберилет.
Эгерде республиканын аскер комиссариаттарына кеткен чакырылуучунун өздүк делосун жиберүүгө суроо-талап бир айдын ичинде келбесе, аскер комиссары ички иштер бөлүмү менен биргеликте чакырылуучуну издөө боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттүү;
6) республиканын чегинен тышкары жаңы жашай турган жерге кетип жаткан жарандар жеке өздөрү аскер комиссариатына келет жана аскердик каттоодон чыгаруу жөнүндө аскер комиссарынын атына арыз берет. Каттоодон чыгаруу үчүн негиз болуп райондун паспорт-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн башчысынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоо жерине чыгып кетүү жөнүндө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан алынган маалымкат эсептелет.
Республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоо жерине кетип жаткан чакырылуучулардын өздүк делолору белгиленген тартипте жок кылынат.
Республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоо жерине кетип жаткан чакырылуучулардан аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүк алынат жана бул тууралуу маалымкат берилет;
7) ИИМдин атайын каттоосуна берилген (ИИМдин окуу жайларына кабыл алынган) чакырылуучуларды аскердик каттоодон чыгаруу чакырылуучу окуу жайга кабыл алынгандыгы жөнүндө окуу жайдын башчысынын кабарламасынын (буйруктун көчүрмөсүнүн) негизинде жүргүзүлөт;
8) жогорку аскер-окуу жайларына өткөн чакырылуучуларды аскердик каттоодон чыгаруу чакырылуучулардын окуу жайларга кабыл алынгандыгы жөнүндө буйруктун көчүрмөсүнүн негизинде жүргүзүлөт;
9) өкүмдөрдөн көчүрмөлөр жана соттолгон адамдарга карата өкүмдөрдүн күчүнө киргендиги жөнүндө кабарламалар алынган учурда жарандар чакырылуучулардын каттоосунан чыгарылат.
Бул жарандардын запастагы кызматка жарактуулугу аскер комиссариатынын аскерге милдеттүүлөрдү каттоо бөлүмүнүн медициналык кайра күбөлөндүрүү боюнча комиссиясы тарабынан аныкталат;
10) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан чакырылуучулардан аскердик каттоого коюлгандыгы жөнүндө күбөлүк алынат;
11) эгерде 25 жаш курагына толгон жарандарда чакыруу мөөнөтүн узартуу укугу жок болсо, анда чакырылуучулардын каттоосунан чыгарылат жана алар боюнча андан ары чечим кабыл алуу үчүн аты жазылган тизме боюнча аскердик каттоо бөлүмүнө берилет. Жарандардын каттоо-алфавиттик китептери алар 25 жашка чыкканда, ага киргизилген чакырылуучулардын саны жана чакыруу комиссияларынын кандайдыр бир чечими кабыл алынбаган жарандардын саны жөнүндө аскер комиссарынын колу жана аскер комиссариатынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жыйынтыктоочу белгилер коюлгандан кийин аскердик каттоо бөлүмүнө берилет.
25 жашка чыккан жарандардын өздүк делолору каттоодон чыгарылгандан кийин белгиленген тартипте жок кылынат;
12) Кыргыз Республикасынын жарандык жогорку окуу жайларынын аскер факультеттеринде жана кафедраларында билим алууда аскердик жыйындардан өткөн чакырылуучулар тууралуу маалыматтар тийиштүү жазуулар жазылган каттоо-алфавиттик китебине киргизилет. Чакырылуучунун өздүк делосу Кыргыз Республикасынын архивдик иш жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жок кылынат. Ырастоочу документ болуп аскердик жыйындардан өткөндүгү жана ант бергендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандык жогорку окуу жайларынын аскер факультеттери жана кафедралары тарабынан берилген маалымкат эсептелет;
13) каза болгон же сот тарабынан дайынсыз жоголгон деп таанылган чакырылуучулар каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн (маалымкаттын) же аларды дайынсыз жоголгон деп таануу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсүнүн негизинде каттоодон чыгарылат;
14) мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүү үчүн киргизилген жарандар чакыруу комиссиясынын протоколунун жана аскер комиссары тарабынан ачылган мобилизациялык резервди каттоо бөлүмүндө каттоого берилген аты жазылган тизменин негизинде чакырылуучулар каттоодон чыгарылат. Каттоо-алфавиттик китебинде мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүү үчүн киргизилгендиги жөнүндө тийиштүү белги коюлат, өздүк дело мобилизациялык резервди каттоо бөлүмүнө берилет.
50. Үй-бүлөлүк абалы боюнча, билим алууну улантуу үчүн же башка негиздер боюнча чакыруу кийинки мөөнөткө калтырылган адамдар, алар 25 жашка чыкканга чейин бардык чакырылуучулар менен бирдей эле эсепке алынат.
51. Жашаган, окуган, иштеген жерин алмаштырган учурда, үй-бүлөлүк абалы жана ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтар өзгөргөн учурда, жаран 7 календардык күндүн ичинде тиешелүү аскер комиссариатына билдирүүгө милдеттүү.
52. Чакырылуучу аскердик каттоодон чыкпай туруп кетип калган болсо же алар жаңы жашаган жери боюнча аскердик каттоого туруу үчүн келбеген болсо, аскер комиссарлары мындай чакырылуучуларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ички иштер органдары жана алардын ата-энелери аркылуу издөө үчүн токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү.
Чакырылуучуларды издөө менен байланышкан суроо-талаптарга жоопторду жиберүү суроо-талап алынган күндөн баштап 7 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Чакырылуучуларды издөө боюнча бардык кат алышуулар алардын өздүк делолоруна тиркелет.
53. Чакырылуучуларды аскердик каттоо эрежелерин бузгандарга аскер комиссары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык таасир этүү чараларын көрүүгө милдеттүү.
54. Аскер комиссары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза салынгандыгы жөнүндө маалыматты чакырылуучунун иштеген (окуган) жери боюнча ишкананын жана мекеменин жетекчисине жеткирүүгө;
- жарандардын чакыруу участкаларына өз убагында келүүсүнө тоскоолдук көрсөтүп жаткан менчигинин түрүнө карабастан окуу жайлардын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, фермердик чарбалардын, кооперативдердин жана акционердик коомдордун жетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө материалдарды берүүгө.
55. Чакырылуучуларды аскердик каттоону жүргүзүү маселелери боюнча мамлекеттик администрациялар, кварталдык комитеттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
-туруктуу же убактылуу жашоо, окуу үчүн аймакка келип жаткан чакырылуучулардын каттоосун жүргүзүүгө жана аларды көрсөтүлгөн жана башка негиздер боюнча кетип жатканда тизмеден чыгарууга;
- аскердик каттоого коюлбаган жарандарды аныктоого жана аларды аскердик каттоого коюу үчүн чараларды көрүүгө;
- чакырылуучуларга аскер комиссариатына чакырылып жаткандыгы жөнүндө кабарлоого жана алардын белгиленген мөөнөттөргө келишин камсыздоого;
- каттоодо турган чакырылуучулардын тизмесин алардын аймагында жайгашкан ишканаларда иштеп жаткан чакырылуучулардын өздүк карточкалары менен, үй китептери (карточкалары) менен, ошондой эле чакырылуучулардын бар экендигинин аныктыгын үймө-үй кыдыруу жолу менен жыл сайын салыштырып текшерүүнү жүргүзүүгө;
- алгачкы аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандардын тизмесин жана кызматка чакырылууга тийиш болгон чакырылуучулардын тизмесин аскер комиссариатына өз убагында берүүгө.
56. Уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери чакырылуучулардын аскердик каттоосун жүргүзүү маселелери боюнча төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аскердик каттоо боюнча мыйзамдын талаптарын аткарууга жана чакырылуучуларды аскердик каттоонун толуктугун жана сапаттуулугун камсыздоого;
- жумушка (окууга) кабыл алууда жарандардын аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн, аскердик билетинин жана аскердик каттоого коюлгандыгы жөнүндө аскер комиссариаттарынын белгилеринин бар экендигин текшерүүгө;
- чакырылуучуларга аскер комиссариатына чакырылып жаткандыгы жөнүндө кабарлоого жана алардын белгиленген мөөнөттөргө келишин камсыздоого;
- чакырылуучу болуп эсептелген жумушчулардын, кызматкерлердин жана окуучулардын өздүк карточкаларын аскердик каттоого коюлгандыгы жөнүндө күбөлүктөгү жазуулар менен жана аскер комиссариатындагы каттоо маалыматтары менен өз убагында салыштырып текшерүүнү жүргүзүүгө;
- чакырылуучулардын үй-бүлөлүк абалынын, жашаган жеринин дарегинин, кызматтык абалынын, жалпы билим алуу жана техникалык даярдыгынын өзгөрүүлөрүн каттоону жүргүзүүгө, бул өзгөрүүлөрдү алардын өздүк карточкаларына киргизүүгө жана 5 күндүк мөөнөттө бул өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды аскер комиссариатына берүүгө;
- жыл сайын, 10-февралга жана 10-августка карата кызматка чакырылууга тийиш болгон чакырылуучулардын тизмесин жана 1-ноябрга карата - алгачкы аскердик каттоого коюлууга тийиш болгон жарандардын тизмесин аскер комиссариатына берүүгө;
- ишке (окууга) кабыл алынган же иштен бошотулган (окуу жайынан чыгарылган) чакырылуучулардын тизмесин 7 күндүк мөөнөттө аскер комиссариатына берүүгө.
57. Аскер кафедраларынын (факультеттеринин) жетекчилери жыл сайын, 10-сентябрга карата аскер комиссариаттарына аскер кафедрасына (факультетине) окуу үчүн кабыл алынган чакырылуучулардын, ошондой аскер кафедрасынан (факультетинен) чыгарылгандардын тизмесин жана аскер кафедрасында (факультетинде) окууну аяктаган жарандардын тизмесин аскердик жыйындардан өткөн мөөнөттөрдү жана аскердик ант берген датаны көрсөтүү менен берүүгө милдеттүү.
58. Чакырылуучунун запастагы кызматка жарактуулугу аскер комиссариатынын медициналык кайра күбөлөндүрүү боюнча комиссия тарабынан аныкталат.
5-глава. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон жарандарды изилдөө
59. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон жарандарды изилдөө аскер комиссариаттарынын маанилүү милдети болуп саналат.
Изилдөө чакырылуучуларды бөлүштүрүү жөнүндө объективдүү чечим кабыл алуу үчүн жарандар жөнүндө толук маалыматтар менен чакыруу комиссияларын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.
Жарандарды изилдөө кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган, иши тергөөдө же сотто турган; психиатриялык, кургак учук, тери-венерологиялык, наркологиялык диспансерлерде жана башка дарылоо-профилактикалык мекемелерде каттоодо турган адамдарды мөөнөттүү аскердик кызматка жана мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу учурларын жокко чыгаруу максатында жүргүзүлөт.
60. Куралдуу Күчтөрдүн бөлүктөрүнүн командирлеринен (мекемелеринин башчыларынан) талап кылынган сандагы жаш толуктоолор жөнүндө түшкөн өтүнмөлөрдүн негизинде коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чакыруучуларды изилдөө жана тандоо план-графигин түзөт, анда аскер комиссариаттары тарабынан чакыруучуларды изилдөө жана тандоо тартиби аныкталат.
Режимдүү командаларга чакырылуучуларды алдын ала тандоо жана изилдөө план-графигинен көчүрмөлөр аскер комиссариаттарына чейин жеткирилет.
61. Чакыруучуларды изилдөө боюнча иштерди камсыз кылуу максатында аскер комиссарлары жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына пландалган иш-чаралар жөнүндө маалымат берет, изилдөө планын иштеп чыгат жана изилденүүгө тийиш болгон чакырылуучулардын тизмесин түзөт.
62. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон жарандарды изилдөө аскер комиссариаттарынын өздүк курамы тарабынан аскер комиссарынын жетекчилиги астында үйлөрдү эксплуатациялоону жүргүзгөн кварталдык комитеттердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана участкалык инспекторлорду тартуу менен жүргүзүлөт. Изилдөө чакырылуучу, анын ата-энеси же ал багуусунда турган адамдар менен жеке аңгемелешүү жолу менен жүргүзүлөт, анын натыйжасында изилдөө баракчасы түзүлөт, чакырылуучунун жеке колу жана анын ата-энесинин, ошондой эле аңгемелешүүнү өткөргөн адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт.
63. Аскер комиссары чакырылуучу жөнүндө бардык маалыматтардын негизинде аны кызматка бөлүштүрүү жөнүндө жыйынтык чыгарат, ал жөнүндө изилдөө баракчасына тиешелүү жазууну жазат жана аны гербдүү мөөр менен күбөлөндүрөт.
64. Чакыруу башталганга чейин аскер комиссарлары төмөнкүдөй чакырылуучулар тууралуу толук жана объективдүү маалыматтарга ээ болууга тийиш:
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон;
- альтернативдик кызматты өтөө укугу бар;
- ар түрдүү негиздер боюнча чакыруу мөөнөтү кийинкиге калтырылууга тийиш болгон;
- мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдирген.
65. Чакырылуучу ресурстардын болушу жөнүндө маалыматтарды аскер комиссариаттары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жогору турган аскердик башкаруу органына жыл сайын, 1-июндагы жана 1-декабрдагы абалы боюнча тиешелүүлүгүнө жараша 5-июнга жана 5-декабрга карата берет.
6-глава. Жарандарды кызматка чакырууну уюштуруу
66. Жарандарды кызматка чакыруу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууну;
- альтернативдик кызматка чакырууну;
- мобилизациялык резервдин жыйындарына киргизүүнү.
Жарандарды кызматка чакыруу аскер комиссариаттары аркылуу жүргүзүлөт.
Чакыруу күнүнө карата 18 жашка толуп калган эркек жарандар кызматка чакырылат.
67. Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүү үчүн киргизүү жыл сайын, бардык жерде жылына эки жолу (мартта-майда жана сентябрда-ноябрда) жүргүзүлөт.
68. Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылуучу жарандарга коюлган талаптар жана аларды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскердик бөлүктөрү жана мекемелери боюнча бөлүштүрүү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон жарандардын саны аскер комиссариаттарында чакырылуучу ресурстардын болушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскердик бөлүктөрүнүн (мекемелеринин) командирлери (башчылары) менен макулдашуу боюнча коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин директиваларын алуу менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскердик бөлүктөрүнүн (мекемелеринин) командирлери (башчылары) жаш толуктоолорду кабыл алуу планын иштеп чыгат.
69. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын аскер комиссариаттары үчүн жарандарды өзүнчө мартта-майда жана сентябрда-ноябрда кызматка чакырууну жүргүзүү жөнүндө көрсөтмө иштеп чыгат.
Чакырууну жүргүзүү жөнүндө көрсөтмөдө төмөнкүлөр аныкталат:
- жарандарды аскер комиссариаттары боюнча кызматка чакыруу нарядын бөлүштүрүү;
- жарандарды кызматка чакырууну жүргүзүү боюнча ишке тартылган аскер комиссарлары жана чакыруу бөлүмчөлөрүнүн башчылары, врач-адистери жана башка адамдар менен нускамалык-методикалык жыйындарды өткөрүү тартиби жана мөөнөттөрү;
- чакырууну өткөрүү боюнча иштерде аскер комиссариаттарына контролдоону уюштуруу жана жардам берүү;
- жаш толуктоолорду жыйноо пункттарына кабыл алуу жана коштоо үчүн дайындалган өздүк курамга инструктаж өтүү тартибин жана мөөнөттөрүн;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган адамдарды ташууну жана жыйноо пункттарында жана жол жүрүүдө аскердик тартипти жана коомдук тартипти камсыз кылууну контролдоону уюштуруу.
70. Аскер комиссариаттары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин директивасын алгандан кийин аскердик комиссариатта чакырууну жүргүзүү планын иштеп чыгат, анда төмөнкүлөр аныкталат:
- чакырылуучуларды бөлүштүрүү эсеби;
- чакыруу комиссиясынын курамына талапкерлерди тандоо жана аны жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына бекитүүгө берүү мөөнөттөрү;
- чакыруу участогуна иштөө үчүн тартылган өздүк курамга нускамалык-методикалык окууларды өткөрүүнүн мөөнөтү жана тартиби;
- чакыруу участогунун иштөө тартиби жана убактысы;
- чакыруучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн саламаттык сактоо мекемелеринен тартылган врач-адистердин иш тартиби;
- чакыруу комиссиясынын иши үчүн жайларды даярдоо жана жабдуу тартиби;
- чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүү үчүн бөлүнгөн саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси;
- аскердик комиссариаттардын жарандарды аскердик кызматка чакыруу жөнүндө буйруктарын таратуу тартиби жана мөөнөтү;
- чакыруу комиссиянын иш графиги;
- зарыл болгон учурда жарандарды медициналык текшерүүгө башка райондорго жиберүү тартиби.
71. Аскер комиссарлары чакыруу комиссиясынын иши башталардын алдында төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жарандарды кезектеги кызматка чакыруу жөнүндө тескеменин долбоорун даярдоого жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына бекитүүгө берүүгө;
2) чакыруу участокторунда иштөө үчүн керектүү техникалык жана тейлөө персоналын тандоого;
3) төмөнкүлөрдү суроого жана алууга:
саламаттык сактоо уюмдарынан:
- өспүрүмгө кошумча барактары бар амбулаториялык оорулуулардын медициналык карталары, оорулар тарыхынан көчүрмөлөр, чакырылуучулардын ден соолугунун абалын мүнөздөөчү медициналык текшерүүнүн жана диспансердик байкоонун маалыматтарын;
- психикалык-нерв оорулары, кургак учук, тери-венерикалык, жугуштуу оорулар, инфекциялык оорулар, трахома (жугуштуу көз оору), ички органдардын, сөөктөрдүн, булчуңдардын, муундардын өнөкөт оорулары жана башкалар боюнча диспансердик каттоодо турган адамдардын аты жазылган тизмесин;
- жашаган жери боюнча саламаттык сактоо органдарынан аскерге чакырылуучу диспансердик каттоодо турбагандыгы (мурда да турбагандыгы) жөнүндө дарылоо мекемесинин жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн, чакырылуучунун наамына жазылган маалымкаттарды;
укук коргоо органдарынан:
- кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган чакырылуучулар жөнүндө маалыматтарды;
- чакырылуучу профилактикалык каттоодо эместиги (мурда да турбагандыгы) жөнүндө жетекчи тарабынан күбөлөндүрүлгөн ИИБден маалымкаттарды.
72. Жарандарды аскердик кызматка кезектеги чакырууну уюштуруу жана өткөрүү, аларды материалдык жактан камсыз кылуу менен байланышкан бардык негизги иш-чаралар боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары чечим кабыл алышат жана төмөнкүлөргө жооптуу болушат:
- аскер комиссариаттарын бул ишке атайын ылайыкталган, жабдылган чакыруу участоктору (жыйноо пункттары) менен камсыз кылууга;
- керектүү сандагы врач-адистерди, техникалык кызматкерлерди, тейлөөчү персоналды жана транспортту бөлүүгө;
- чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн аскер комиссариаттарына жарандардын уюшкандыкта келүүсүн камсыз кылууга;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды салтанаттуу узатууну уюштурууга.
73. Жарандарды аскердик кызматка чакыруу боюнча иш чараларды уюшкандыкта жана сапаттуу өткөрүү, аскер комиссариаттарынын офицерлеринин, чакыруу участогуна иштөө үчүн тартылган врач-адистердин, техникалык кызматкерлердин атайын даярдыгын жогорулатуу максатында, чакыруу башталганга чейин төмөнкүлөр өткөрүлөт:
- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда - аскер комиссарларынын жана аскер комиссариаттарынын чакыруу бөлүмдөрүнүн начальниктеринин бир күндүк нускамалык-методикалык жыйындары;
- аскер комиссариаттарында - чакыруу участогуна иштөө үчүн тартылган чакыруу комиссияларынын мүчөлөрү, врач-адистер, техникалык кызматкерлер жана тейлөө персоналы менен бир күндүк нускамалык-методикалык окуулар.
74. Аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш болгон жарандар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, аскер комиссарынын аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жөнүндө буйругу жарыяланганда же чакыруу кагазын алганда алар каттоодо турган чакыруу участогуна келүүгө милдеттүү. Чакыруу кагазы аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары тарабынан жарандын жеке өзүнө же болбосо анын ата-энесине же жубайына кол койдуруп же иштеген (окуган) жери боюнча жетекчилерине, уюмдун аскердик-каттоо ишине жооптуу башка кызмат адамдарына (кызматкерлерине) тапшырылат.
Эгерде чакыруу кагазын жарандын өзүнө же ата-энесине, улуу байкелерине же эжелерине тапшыруу мүмкүн болбогон учурда, жарандын чакыруу боюнча комиссиядан өтүү үчүн келүүсүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары камсыз кылышат.
Чакырылуучулардын чакыруу кагаздарына аскер комиссарынын же анын орун басарынын колу коюлат.
Жаран чакыруу кагазын алуудан баш тартып, бул чакыруу кагазын тапшырган кызмат адамы жана эки күбөнүн колу коюлган акты менен күбөлөндүрүлгөн учурда жана мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууга байланыштуу аскер комиссариатынын чакыруусуна жүйөлүү себептерсиз келбеген учурда аталган жаран аскердик кызматтан баш тартты деп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.
75. Жарандарды кызматка чакыруу жөнүндө аскер комиссарларынын буйруктары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу жарыялангандан кийин жарыяланат.
76. Чакыруу комиссияларына жарандардын келүүсү уюшкан тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн коштоосунда жүргүзүлүшү керек.
77. Аскер комиссарлары чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн чакырылуучулардын келишин жеке өздөрү контролдоого милдеттүү, ал эми чакыруу комиссиясына келбегендерге карата алардын келбегендигинин себебин аныктоо жана издөө чараларын көрүүгө тийиш.
Негиздүү себептер менен чакыруу комиссиясынан өтүүгө келбеген чакырылуучуларга комиссиядан өтүү үчүн башка күн белгиленет жана бул тууралуу аларга чакыруу кагазы менен билдирилет.
Аскер комиссарлары чакырылуучулардын чакыруу комиссиясына жүйөлүү себептерсиз келбей калган бардык учурлары жөнүндө тиешелүү чараларды көрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле ички иштер органдарына билдирет.
78. Кызматка чакыруудан баш тарткан адамдарга, ошондой эле жарандардын чакыруу участогуна өз убагында келүүсүнө тоскоолдук кылган кызмат адамдарына аскер комиссарлары тарабынан териштирүү материалдары даярдалат жана аларды жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо органдарына берилет.
Мөөнөттүү аскердик кызматтан баш тартты деп төмөнкүлөрдү түшүнсө болот:
- чакыруу боюнча комиссиядан өтүү, ошондой эле Куралдуу Күчтөргө, башка аскердик түзүлүштөргө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга жиберүү үчүн жүйөлүү себептерсиз аскер комиссариатына келбей коюусу;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруудан баш тартуусу.
Аскер комиссары мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруудан баш тарткан адамдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн материалдарды белгиленген тартипте тариздеп, укук коргоо органдарына берүүгө милдеттүү.
79. Чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүү медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобонун талаптарына ылайык врачтар: хирург, терапевт, невропатолог, психиатр, окулист, отоларинголог, дерматолог-венеролог, фтизиатр жана стоматолог тарабынан жүргүзүлөт.
Ар бир врач-адиске жабдылган, керектүү медициналык инструменттер жана медикаменттер менен камсыз болгон кабинет (бөлмө) берилет.
80. Чакырылуучулардын аскердик кызматка жарактуулук даражасын аныктаганга чейин врач-адистер саламаттык сактоо уюмдарынан алынган медициналык документтер менен көңүл коюп таанышып чыгуулары керек.
Медициналык персоналдын ишине жетекчиликти врач-адистердин ичинен дайындалган, эң көп тажрыйбага, зарыл болгон билимге жана квалификацияга ээ улук врач жүргүзөт.
81. Чакырылуучулардын ден соолугунун абалы жана дене боюнун өнүгүүсү боюнча аскердик кызматка жарактуулугу ар бир врач-адис тарабынан жекече баалоо методу менен аныкталат. Чакырылуучунун аскердик кызматка жарактуулугу же жараксыздыгы жөнүндө корутундулар жана медициналык күбөлөндүрүү процессинде аныкталган объективдүү маалыматтар, ошондой эле коюлган диагноз ар бир врач-адис тарабынан чакырылуучунун өздүк делосуна жана Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо каралган башка документтерге киргизилет. Чечим медициналык күбөлөндүрүү датасы көрсөтүлүп, врач-адистин колу менен күбөлөндүрүлөт.
Чакыруу комиссиясы тарабынан мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандар, аскерге жиберилер алдына Республикалык чакыруу комиссиясынын өкүлдөрү тарабынан тандап алынып контролдук текшерүүдөн өтүшөт.
82. Жарандарды кызматка чакырууну өткөрүү үчүн райондордо (шаарларда) мамлекеттик администрациялардын башчыларынын тескемелери менен курамына комиссиянын төрагасы - аскер комиссары жана мүчөлөрү - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлү; ички иштер бөлүмүнүн өкүлү; чакыруу комиссиясынын улук врачы жана катчы кирген чакыруу комиссиясы (мындан ары - чакыруу комиссиясы) түзүлөт.
Кайсы бир комиссиянын мүчөсү ооруп калган учурда же негиздүү себептери менен жок болгон учурда чакыруу комиссиясынын резервдик курамы аныкталат. Чакыруу комиссиясынын негизги жана резервдик курамын жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы бекитет.
83. Аскер комиссариаты бир нече административдик райондорду тейлеген учурда аскер комиссары жарандарды кызматка чакырууну өткөрүүгө байланышкан алдыдагы иш-чаралар боюнча төмөнкүлөрдү аткарат:
- бардык райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына кабарлайт;
- жарандарды кезектеги кызматка чакырууну өткөрүү жөнүндө тескемелердин долбоорлорун даярдайт жана аларды бекитүүгө берет, анда аскер комиссариатынын жайгашкан орду боюнча чакыруу комиссиясынын курамы аныкталат;
- чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жарандардын келишинин кезектүүлүгүнүн графигин иштеп чыгат.
84. Чакыруу комиссияларына төмөнкүлөр жүктөлөт:
- чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүнү уюштуруу;
- жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жана Куралдуу Күчтөргө жиберүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- жарандардын кызматка чакырылуусун кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- жарандарды аскердик милдеттеринен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- жарандарды мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу.
85. Аскер комиссары жарандарды кызматка чакыруу, ар түрдүү негиздер боюнча чакырууну кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү же кызмат өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууда мыйзамдардын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Аскер комиссары чакыруу комиссиясынын ишин жетектейт, жыйындарды комиссиянын толук курамында өткөрүүнү камсыз кылат жана жарандарды кызматка чакыруу, ар түрдүү негиздер боюнча чакырууну кийинкиге калтыруу же кызмат өтөөдөн бошотуу менен байланышкан документтердин туура жана өз убагында таризделишин дайыма контролдойт.
Чакыруу комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн анын ишинин жүрүшүндө катышуусу милдеттүү болуп саналат.
86. Аскер комиссары чакыруу жүргүзүүнүн алдында чакыруу участогунун ишке даярдыгын текшерүүгө, чакыруу комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте колдонуудагы мыйзамдар, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары жана директивалары менен таанышып чыгууга милдеттүү.
87. Чакыруу комиссиясынын мүчөлөрү комиссиянын иш күнүнүн алдында чакырылуучулардын өздүк делолорундагы документтер боюнча чакыруу комиссиясына чакырылган чакырылуучуларды кылдат иликтеши керек.
88. Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөн чакырылуучулар чакыруу комиссиясынын төрагасына жиберилет, ал чакырылуучудан төмөнкүлөрдү тактайт:
- үй-бүлөсүнүн курамын, материалдык абалын, турак жай шартын;
- окуу жайын көрсөтүү менен окуган жерин;
- жумуш ордун, кызматын, эмгек стажын, коргонуу спорттук-техникалык коомдун окуу уюмунан же кесиптик-техникалык билим берүү системасынан кандай адистикке ээ болгондугун;
- соттолгондугу бар экендигин;
- даттануунун бар экендигин;
- мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө болгон каалоосун.
89. Медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы жана ден соолугунун абалына ылайык аскердик кызматка жарактуулук даражасы боюнча, билимин жана адистигин, мобилизациялык резервдин жыйындарын өтүүгө болгон каалоосун, ошондой эле үй-бүлөлүк абалын эске алуу менен чакыруу комиссиясы ар бир чакырылуучу боюнча тиешелүү чечим кабыл алат, ал протоколдор китебине жазылат жана чакырылуучуга кабарланат.
90. Чакыруу комиссиясы чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктарына, алардын кесиптик сапаттарына, билим деңгээлине жана дене бой өсүшүнө ылайык төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
-"аскердик кызматка жарактуу, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылсын";
- "альтернативдик кызматка чакырылсын (чакыруу жөнүндө негиздери көрсөтүлүп)";
- "тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу жана запаска киргизилсин";
- "ден соолугунун абалы боюнча аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз";
- "чакыруу кийинкиге калтырылсын (негиздери көрсөтүлүп)";
- "кошумча медициналык текшерүүгө жиберилсин";
- "аскердик кызматка жарактуу, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизилсин".
Курамы аскер комиссариатынын, райондук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан жарандардын үй-бүлөлүк абалы текшерилгенден кийин жарандарга тапшырылуучу үй-бүлөлүк абалын текшерүү актылары каттоо китебинде катталат.
Кошумча медициналык текшерүүгө жиберилген жарандарга тапшырылган ден соолугунун абалын текшерүү актылары каттоо китебине катталат.
МСЭК тарабынан I, II жана III топтогу майып деп табылган жарандар кошумча медициналык текшерүүгө жиберилбейт. Алардын аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө чечим МСЭКтин маалымкатынын негизинде кабыл алынат.
Кезектеги чакыруу учурунда аскердик кызматка жарактуу деп табылган, бирок мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу боюнча нарядды аткарууга байланыштуу жөнөтүүлөр аяктагандан кийин аскердик бөлүктөргө жөнөтүлбөгөн жарандар альтернативдик кызмат өтөө укугун берүү үчүн чакыруу комиссиясына кайрадан чакырылат.
Коомдук пайдалуу иштерди аткарууга каалоосун жазуу жүзүндө билдирген жаранга карата мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө мурда кабыл алынган чечим жокко чыгарылат жана альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынат.
91. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жана атайын орто жана техникалык орто окуу жайларын аяктаган, ошондой эле коргонуунун спорттук-техникалык коомунун окуу уюмдарында аскердик адистиктер боюнча даярдыктан өткөн чакырылуучулар аскердик бөлүктөргө тиешелүү окуу жайларында (уюмдарында) алган адистиктери боюнча кызмат орундарына жиберилет.
92. Чакыруу комиссиясынын төрагасы ар бир жумуш күнүнүн аягында иштин жыйынтыгын чыгарат жана ката кетирилген учурда аларды жоюу боюнча чараларды көрөт жана кезектеги жыйналыштын датасын жарыялайт.
93. Чакыруу комиссияларын жетектөө жана алардын ишин контролдоо үчүн Республикалык чакыруу комиссиясы түзүлөт.
94. Чакырылуучу чакыруу комиссиясынын чечими менен макул болбогон учурда Республикалык чакыруу комиссиясына кайрылууга укуктуу. Республикалык чакыруу комиссиясы чакыруу комиссиясынын чечимин жокко чыгарууга укугу бар.
Республикалык чакыруу комиссиясынын жарандарды кызматка чакыруу, жарандарды кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу жана аларды аскерге милдеттүүлөрдүн каттоосуна берүү же ден соолугунун абалы боюнча аскердик каттоодон чыгаруу маселелери боюнча чечими акыркы болуп саналат.
Чакырылуучу Республикалык чакыруу комиссиясынын чечими менен макул болбогон учурда сотко кайрылууга укуктуу.
95. Республикалык чакыруу комиссиясына төмөнкүлөр жүктөлөт:
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын ишине жетекчилик кылууну жана контролдоону ишке ашыруу;
- жарандарды аскер кызматына чакырууну кийинкиге калтыруунун же аскер кызматынан бошотуунун мыйзамдуулугун текшерүү;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылгандарды кызмат өтөө жерине жөнөтүүнүн алдында медициналык контролдук кароону уюштуруу;
- тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында катардагы эмес кызматка жарактуу, аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылган жарандарды жана чакырылуучуларды жеке кароо боюнча, ошондой эле медициналык күбөлөндүрүү документтеринин болушу боюнча ден соолугунун абалынын чектөө даражасы бар альтернативдик кызматка жарактуу деп таанылган жарандарды контролдук медициналык кароодон өткөрүүнү уюштуруу;
- аскердик кызматка жарактуулугу (жараксыздыгы) жөнүндө корутундуга макул болбогон жарандарды жана альтернативдик кызматка чакырылган жарандарды кайрадан медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү;
- жарандардын райондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын чечимине болгон даттанууларын жана кайрылууларын карап чыгуу;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссиясы кабыл алган чечимдерди жокко чыгаруу.
96. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандарды кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу үй-бүлөлүк абалы боюнча, билимин улантуу үчүн, ден соолугунун абалы боюнча берилет.
97. Жарандарга үй-бүлөлүк абалы боюнча кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу курамына аскер комиссариатынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирген комиссия тарабынан алардын үй-бүлөлүк абалы текшерилип чыккандан кийин берилет. Үй-бүлөлүк абалын текшерүү актылары каттоо китебине катталат.
Чакырылуучунун багуусунда Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөн адамдардын бар болуу фактысы аныкталган учурда гана чакырылуучуну аскерге чакыруу кийинкиге жылдырылат, эгерде анын багуусундагы адамдар башка райондо (шаарда) жашаса, анда аскерге чакырылуучу аскердик каттоодо турган аскер комиссариатынын аскер комиссары чакырууну кийинкиге калтырууну тариздөө үчүн ал адамдардын жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарынан алардын үй-бүлөлүк абалын текшерген актыны суроого милдеттүү.
Аскер комиссарлары суроо-талапты алгандан кийин 10 күндүк мөөнөттө уй-бүлөлүк абалын текшерүү актыларын тастыктоочу документтер менен кошо жана өзүнүн чечимин жөнөтүүгө милдеттүү.
Үй-бүлөлүк абалы боюнча кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим чакыруу комиссиясы тарабынан бул маселенин алгачкы каралышында бир жолу кабыл алынат.
Ар жылы август айында аскер комиссариаттары үй-бүлөлүк абалы боюнча чакыруу кийинкиге калтырылган чакырылуучулардын үй-бүлөлүк абалын текшерет. Чакырылуучунун үй-бүлөлүк абалын текшерүү актысына (чакырууда берилген) текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө тийиштүү жазуулар киргизилет, аскер комиссарынын же чакыруу бөлүмчөсүнүн башчысынын колу, чакырылуучунун үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат менен күбөлөндүрүлөт.
98. Окуусун улантуу үчүн кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим окуу жайдан берилген маалымкаттын негизинде чакырылуучу чакыруу комиссиясынан биринчи өткөндө бир жолу кабыл алынат.
Окуусун улантуу үчүн чакыруу кийинкиге калтырылган жарандар жыл сайын 10-сентябрга чейин алардын окуу жайларда окуусун улантып жаткандыгын ырастаган маалымкаттарды аскер комиссариаттарына жеке өздөрү берет. Аталган маалымкаттар чакырылуучулардын өздүк делолоруна тиркелет.
Аскер комиссарлары жылдык экзамендерди өткөргөндөн кийин окуу жайлардан чакырылуучу курактагы бардык адамдардын окуусун улантуу үчүн чакырууну кийинкиге калтырууну мыйзамдуу колдонуп жаткандыгын текшерүүгө милдеттүү.
99. Үй-бүлөлүк абалы боюнча, окуусун улантуу үчүн кызматка чакырууну кийинкиге калтырууну тариздөө чакырылуучуларды чакыруу комиссиясына чакыруу менен медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүнү милдеттендирбестен жүргүзүлөт. Бул чакырылуучулардын ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтар алгачкы аскердик каттоого коюудагы медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгынын негизинде чакыруу комиссияларынын протоколдор китебине киргизилет.
100. Ден соолугунун абалы боюнча кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу ден соолугунун абалы боюнча мөөнөттүү аскердик кызматка убактылуу жараксыз деп таанылган чакырылуучуларга берилет.
101. Чакыруу комиссияларынын жарандарды үй-бүлөлүк абалы боюнча, окуусун улантуу үчүн жана ден соолугунун абалы боюнча чакырууну кийинкиге калтыруу жөнүндө чечими протоколдор китебине жана аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүгүнө кайсы мөөнөткө чейин кийинкиге калтырылгандыгын, ошондой эле кайсы негиздер боюнча берилгендигин көрсөтүү менен жазылат.
102. Аскердик же альтернативдик кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган же чакырууну кийинкиге калтыруу укугунан баш тарткан жарандар жалпы негиздерде аскердик кызматка чакырылат.
103. Чакыруу комиссиясынын чечимине ылайык аскер комиссариатынын чакыруу бөлүмчөсүнүн башчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жыйноо пункттарына жөнөтүү үчүн аскер комиссариатына келүүсүнүн конкреттүү мөөнөтүн белгилөө менен чакыруу комиссиясы тарабынан мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарга чакыруу кагазын тапшырууга. Аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүккө тийиштүү жазууларды жазууга, ал эми идентификациялык аскердик күбөлүккө тийиштүү маалыматтарды киргизүүгө;
- аларды альтернативдик кызматтын кызматчыларынын каттоосуна берүү үчүн аскер комиссариатына келүүсүнүн конкреттүү мөөнөтүн белгилөө менен чакыруу комиссиясы тарабынан альтернативдик кызматка чакырылган жарандарга чакыруу кагазын тапшырууга. Аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүккө тийиштүү жазууларды жазууга, ал эми идентификациялык аскердик күбөлүккө тийиштүү маалыматтарды киргизүүгө;
- үй-бүлөлүк абалы боюнча, окуусун улантуу үчүн жана ден соолугунун абалы боюнча чакыруу кийинкиге калтырылган жарандардын аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүгүнө тийиштүү жазууларды жазууга, ошондой эле идентификациялык аскердик күбөлүккө тийиштүү маалыматтарды киргизүүгө;
- ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз деп таанылган, ошондой эле аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылган жарандарга протоколдор китебинен көчүрмөнү толтурууга;
- кошумча медициналык текшерүүгө жиберилген жарандарга каттоо китептеринде катталган ден соолугун текшерүү актысын берүүгө. Чакырылуучулар чакыруу комиссиясына кайрадан келүү мөөнөтүн көрсөтүү менен тийиштүү дарылоо-профилактикалык мекемелерге жиберилет;
- мобилизациялык резервдин бөлүмчөсүнө зарыл болгон маалыматтарды берүү үчүн аскер комиссариатына келүүсүнүн конкреттүү мөөнөтүн белгилөө менен чакыруу комиссиясы тарабынан мобилизациялык резервдин жыйындарына киргизилген жарандарга чакыруу кагазын тапшырууга. Идентификациялык аскердик күбөлүккө тийиштүү маалыматты киргизүүгө.
104. Чакыруу комиссияларынын чыгарылган чечимдери жөнүндө тийиштүү жазуулар алфавиттик-каттоо китебине киргизилет.
105. Аскердик бөлүккө жөнөтүлүүгө тийиш болгон чакырылуучуларга аскердик билеттер аларды жыйноо пункттарынан жөнөтүүнүн алдында жазылып берилүүгө тийиш.
Альтернативдик кызматка чакырылган чакырылуучуларга аскердик билеттердин ордуна убактылуу күбөлүктөр, каттоо-кызмат өтөө карточкалары, ошондой эле идентификациялык аскердик күбөлүктөр жарандарды аскер комиссариатынын альтернативдик кызматтын кызматчыларынын каттоосуна берген күнү жазылат/даярдалат.
Мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизилген чакырылуучулардын аскердик билеттери, каттоо-кызматтык карточкалары, ошондой эле идентификациялык аскердик күбөлүктөрү жыйноо пункттарынан коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик бөлүктөрүнө жана мекемелерине жөнөтүүнүн алдында жазылат/даярдалат.
106. Аскердик билеттерди, каттоо-кызмат өтөө карточкаларын жана аскердик билеттин ордуна берилүүчү убактылуу күбөлүктөрдү толтуруу тартиби коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Идентификациялык аскердик күбөлүктөргө маалыматтарды киргизүү тартиби коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
107. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган, ошондой эле ар түрдүү негиздер боюнча кызматка чакыруу кийинкиге калтырылган адамдардын аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүгүнө жана идентификациялык аскердик күбөлүктөрүнө тийиштүү белгилер коюлгандан кийин өз ээлерине берилет.
Аскердик кызматка тынч убакта жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп таанылган жана аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылган адамдардын аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүктөрү аларга аскердик билеттерди берүүдө алынат жана белгиленген тартипте жок кылынат, ал эми мындай адамдардан идентификациялык аскердик күбөлүктөрү алынат жана аскер комиссариатында коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте сакталат.
108. Талаптагыдай таризделген, текшерилген жана аскер комиссары кол койгон документтер чакырылуучуларга тапшырылат, ошол эле учурда төмөнкүлөр жарыяланат:
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган чакырылуучуларга - жыйноо пункттарына жөнөтүү үчүн аскер комиссариатына келүү убактысы жана жанына алып жүрүү зарыл болгон документтердин тизмеги;
- альтернативдик кызматка чакырылган чакырылуучуларга - альтернативдик кызматтын кызматчыларынын каттоосуна берүү үчүн аскер комиссариатына келүү убактысы жана жанына алып жүрүү зарыл болгон документтердин тизмеги;
- үй-бүлөлүк абалы боюнча кызматка чакыруу кийинкиге калтырылган чакырылуучуларга - жыл сайын 1-сентябрга чейин аскер комиссариатына үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкатты берүүгө, анын үй-бүлөлүк абалында болгон өзгөрүүлөр тууралуу токтоосуз түрдө аскер комиссариаттарына билдирүүгө жана кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу мөөнөтү бүткөндө аскер комиссариаттарына келүүгө милдеттүү экендиги жөнүндө;
- окуусун улантуу үчүн кызматка чакыруу кийинкиге калтырылган чакырылуучуларга - окуусун улантуу жөнүндө окуу жайларынан тийиштүү маалымкаттарды өз убагында берүүгө жана кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу мөөнөтү бүткөндө аскер комиссариаттарына келүүгө милдеттүү экендиги жөнүндө;
- ден соолугунун абалы боюнча кызматка чакыруу кийинкиге калтырылган чакырылуучуларга - чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн аскер комиссариаттарына келүү убактысы;
- аскерге милдеттүүлөрдүн каттоосуна берилген же аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылган чакырылуучуларга - аскердик каттоо документтерин алуу үчүн аскер комиссариатына келүү мөөнөттөрү жөнүндө;
- мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандарга - мобилизациялык резервдин бөлүмчөсүнө маалыматтарды каттоого берүү үчүн аскер комиссариатына келүү убактысы жана жанына алып жүрүү зарыл болгон документтердин тизмеги.
109. Жарандарды аскердик кызматка чакыруу аяктаганда чакыруу комиссиялары кандайдыр бир себептер боюнча аскердик бөлүктөргө жөнөтүлбөгөн же альтернативдик кызматтын кызматчыларын каттоого берилбеген жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечимин жокко чыгарат, бул тууралуу чакыруу комиссиясынын протоколдор китебине тийиштүү жазуу жазылат. Чакырылуучулардын аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүктөрүнө жана каттоо карталарына аскер комиссиясынын чечимдеринин жокко чыгарылгандыгы тууралуу жазуу жазылат, аларга аскер комиссарынын колу коюлат жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Бул чакырылуучулардын аскердик билеттери алынат жана белгиленген тартипте жок кылынат.
7-глава. Жарандарды аскердик кызматка чакыруу
110. Аскердик кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу, аскердик кызматка чакыруудан бошотуу укугу жок же аскердик кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган 18 жаштан 25 жашка чейинки эркек жарандар мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиш.
111. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруунун саны жана мөөнөттөрү, андан ары аскердик бөлүктөргө жөнөтүү үчүн жыйноо пункттарына берүү жөнүндө көрсөтмөнү иштеп чыгат жана аскер комиссариаттарына билдирет.
112. Чакырылуучуларды аскердик бөлүктөргө жөнөтүү жыйноо пункттары аркылуу гана жүргүзүлөт.
Аскердик бөлүктөргө жөнөтүү үчүн чакырылуучулардын аскер комиссариаттарына келүүсү алардын аскердик командаларды жөнөтүүгө чейин бир суткадан кеч эмес жыйноо пункттарына жетүүсүн эсептөө менен белгиленет.
113. Жыйноо пункттарына чакырылуучуларды жөнөтүүнүн алдында аскер комиссарлары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аты жазылган тизмени 3 нускада түзүүгө;
- чакырылуучуларды жыйноо пунктуна чейин аскердик жол жүрүү документтери, ал эми зарыл болгон учурда - азык-түлүк-жолдук акча менен камсыз кылууга;
- жыйноо пункттарынын тийиштүү кызмат адамдары жана жаш толуктоолорду кабыл алуу жана коштоо үчүн келген адамдар менен таанышуу үчүн аскердик бөлүктөргө жөнөтүлүүгө тийиш болгон чакырылуучулардын өздүк делолорун жыйноо пункттарына жөнөтүү үчүн даярдоого.
Жөнөтүлгөндөн кийин чакырылуучулардын өздүк делолору жыйноо пункттарынан аскер комиссариаттарына кайтарылат.
114. Чакырылуучулар аскердик кызматка паспорттору (ID-карталар) менен кошо чакырылат. Паспорттор (ID-карталар) жыйноо пункттарынан жөнөтүү учурунда чакырылуучуларды алууга келген аскердик бөлүктөрдүн өкүлдөрүнө тизме боюнча убактылуу сактоого берилет.
Жөнөтүү үчүн аскер комиссариатына паспорту (ID-карта) жок келген чакырылуучу аскердик кызматка жиберилбейт.
115. Аскердик кызматка чакырылган жарандарды аскердик бөлүктөрдүн өкүлдөрүнө уюшкандыкта өткөрүп берүү, ошондой эле аларды белгиленген жерге чейинки жолго керектүү бардык зарыл болгон нерселер менен камсыз кылуу үчүн жыйноо пункттары түзүлөт.
116. Жыйноо пункттарында төмөнкүлөр болууга тийиш:
- аскер комиссариаттарынан келген жана аскердик бөлүктөргө жиберилүүчү өздүк курамды жайгаштыруу үчүн жай;
- өздүк курамды санитардык даярдоо үчүн жай (мончо, душ);
- командаларды түзүү бөлүмчөсү үчүн жай;
- тамактануу пункттары, буфеттер;
- өздүк курамды тизүү жана алар менен саптык жана спорттук сабактарды жүргүзүү үчүн жер.
Жыйноо пунктунда аскердик тартипти жана дисциплинаны кармоо үчүн дайындалган жыйноо пунктунун колбашчылыгын, нөөмөт кызматын жана башка адамдарды жайгаштыруу үчүн орундар да каралууга тийиш.
117. Жыйноо пункттарында тарбия иштери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, коомдук уюмдардын жана чакырылуучулардын туугандарынын катышуусунда аскердик командаларды салтанаттуу узатуу уюштурулат.
118. Чакырылуучулар аскер комиссариаттары тарабынан жөнөтүү графигинде аныкталган мөөнөттө жыйноо пункттарына жеткирилет.
119. Жыйноо пункттарында келген чакырылуучулардын ичинен аскердик бөлүктөрдү комплекттөө үчүн аскердик командалар түзүлөт. Аскердик командалар аскердик бөлүктөрдүн же окуу борборлорунун өкүлдөрүнө аты жазылган тизме боюнча берилет.
120. Жыйноо пунктунун башчысы аскердик бөлүктөрдүн (окуу борборлорунун) өкүлдөрүнүн зарыл болгон документтерин текшергенден кийин аты жазылган тизмеге ылайык аларга аскердик командаларды кабыл алуу үчүн берет.
Аскердик бөлүктөрдүн же окуу борборлорунун өкүлдөрү Республикалык чакыруу комиссиясынын өкүлү менен бирге чакырылуучуларды коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген моралдык-ишкердик сапаттарын аныктоо боюнча тесттен өткөрөт. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча чакырылуучулар менен аскердик командаларды аты жазылган тизме боюнча кабыл алат жана каттоо документтеринин болгондугун текшерет.
Аскердик бөлүктөрдүн жана окуу борборлорунун өкүлдөрүнө коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктарында жана ушу Жободо каралбаган чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүүгө, чакырылуучуларды тандоо жана аларды мүлктөр менен комплекттөө боюнча кандайдыр бир талаптарды коюуга тыюу салынат.
121. Аскердик бөлүктөрдүн өкүлдөрү дайындалган жерге келгенде аскердик командалардын өздүк курамын аты жазылган тизме боюнча тапшырат. Ошол эле учурда тийиштүү башчыларга аскердик тартиптин абалы жөнүндө жана жол жүрүүдөгү бардык тартип бузуулар тууралуу билдирет.
Аты жазылган тизменин биринчи нускасы аскердик бөлүктө калат, аскердик бөлүктүн командиринин же окуу борборунун башчысынын колу жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн экинчи нускасы бөлүктүн өздүк курамынын тизмесине алынгандан кийинки күнү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Аты жазылган тизмеде кабыл алынган жаш толуктоолордун саны, аскердик бөлүктүн (мекеменин) командиринин (башчысынын) катардык бөлүк боюнча буйругунун номери, ошондой эле билими, адистиги жана туулган жылы жөнүндө маалыматтар тууралуу белги коюлат. Аты жазылган тизмелер 3 жыл сакталат.
Мөөнөттүү аскердик кызмат өтөө үчүн жаңы чакырылган аскер кызматчыларынын арасынан аскердик ант бергенге чейин аскердик кызматка жарактуулугун чектеген, мурда билинбеген кандайдыр бир өнөкөт оорулар аныкталган учурда, аларга аскердик бөлүктүн командири Республикалык чакыруу комиссиясынын төрагасынын атына рапортту жана аскердик бөлүктүн тийиштүү медициналык документтерин берет.
Аскер кызматчысы андан ары аскер комиссариатына жиберүү жана тереңдетилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү үчүн жыйноо пунктуна кайтып келет, бул жөнүндө аты жазылган тизмеге тийиштүү белгилер коюлат. Жыйноо пунктунан аскердик бөлүккө анын ордуна башка чакырылуучу белгиленген тартипте жиберилет.
8-глава. Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу
122. Альтернативдик кызматка чакырууну аскер комиссариаттары жүргүзөт.
123. Альтернативдик кызмат өтөөнү каалаган жана укугу бар жарандар чакыруу комиссиясына каттоо китебине катталуучу жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылат.
Жарандар альтернативдик кызматка чакыруунун алдында альтернативдик кызмат өтөө укугун ырастаган документтерди аскер комиссариатына берүүгө милдеттүү.
Жарандарга үй-бүлөлүк абалы боюнча альтернативдик кызмат өтөө укугу алардын үй-бүлөлүк абалы текшерилгенден кийин берилет. Үй-бүлөлүк абалын текшерүү ушул Жобонун 90-пунктунда аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
124. Үй-бүлөлүк абалы, диний уюмдарга таандык экендиги, ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражасы белгиленгенден, ошондой эле коомдук пайдалуу жумушту аткарууга каалоосу жөнүндө арызы каралгандан кийин чакыруу комиссиясы чакырылуучуну альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Чакыруу комиссиясынын чечими чакырылуучуга билдирилет.
125. Чакыруу комиссиясынын чечимине макул болбогон учурда чакырылуучу Республикалык чакыруу комиссиясына кайрылууга укуктуу.
126. Альтернативдик кызматты өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
9-глава. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жана мөөнөттүү аскердик кызматтан бошотулган жарандарды ташуу
127. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды ташуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставына ылайык жүргүзүлөт.
Аскердик кызматка чакырылган жарандарды транспорттун түрлөрү боюнча ташуунун көлөмдөрүн бөлүштүрүү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Жаш толуктоолор менен командаларды ташуунун тартиби жана мөөнөттөрү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актылары менен аныкталат.
128. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Куралдуу Күчтөргө толуктоолорду жөнөтүү планын түзөт жана ишке ашырат.
129. Аскердик бөлүктөргө жана мекемелерге чейин толуктоолорду ташуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- жыйноо пункттарынан баштап 100 км чейин аралыкка чейин - жарандар чакырылуучу жерге мамлекеттик органдардын күчү жана каражаттары менен;
- 100 км ашык аралыкка - коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күчү жана каражаттары менен.
10-глава. Жарандарды мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүү үчүн киргизүү
130. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон жана чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырууга же чакыруудан бошотууга укугу жок, ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуу 22 жаштан 25 жашка чейинки жарандар мобилизациялык резервдин жыйындарында өз каалоосу боюнча кызмат өтөөгө укуктуу.
Альтернативдик кызмат өтөгөн (ар кандай негиздер боюнча), медициналык кайра күбөлөндүрүү боюнча комиссиядан өткөндөн кийин аскердик кызматка жарактуу деп таанылган 22 жаштан 25 жашка чейинки жарандар мобилизациялык резервдин жыйындарында өз каалоосу боюнча кызмат өтөөгө укуктуу.
Мобилизациялык резервдин жыйындарындагы кызмат аймактык жана аймактык эмес принцип боюнча уюштурулат, чакырылуучулар тарабынан республикалык бюджеттин кирешесине акчалай төгүмдөрдү тейлөө каралган жана аскердик жыйындардан өткөндөн кийин аяктайт.
131. Мобилизациялык резервдин жыйындарында кызмат өтөөгө каалоосун билдирген жаран аскер комиссарынын атына арыз берет, анда ал белгиленген акчалай төгүмдү төлөөгө жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик бөлүктөрүндө жана мекемелеринде жыйындардан өтүүгө милдеттенет.
Арыз чакыруу комиссиясынын жыйынына чейин үч күндөн кечиктирилбестен берилет жана каттоо китебине катталат.
132. Мобилизациялык резервдин жыйындарында кызмат өтөө үчүн чакыруу медициналык күбөлөндүрүүдөн кийин жарандардын аскер комиссарынын атына жазылган арызынын негизинде аскер комиссариаттары тарабынан жүзөгө ашырылат.