КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-декабры № 805
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын
5-сентябрындагы № 483 "Кыргыз Республикасынын Экономика
министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология
боюнча борбордун атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын инвентаризациялоонун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык МыЙзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 483 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 101 (3656) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |