ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралы № 70 «2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, башка мамлекеттин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары, курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү үчүн жеңилдиктерди жана кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө 1994-жылдын 15-апрелиндеги Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протоколду бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 03.02.2017
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

2017-жылдын 3-февралы № 70

2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, башка мамлекеттин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары, курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү үчүн жеңилдиктерди жана кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө 1994-жылдын 15-апрелиндеги Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протоколду бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, башка мамлекеттин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары, курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү үчүн жеңилдиктерди жана кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө 1994-жылдын 15-апрелиндеги Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу тиркелген Протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 14-февралында N 22 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Жээнбеков